Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:28

ЭВФ Украинага дагы 17,5 млрд. доллар насыя берет


Эл аралык валюта фонду жана Украина 17,5 миллиард долларлык насыянын шартын макулдашты. Фонддун Киевдеги миссиясы жана украин өкмөтү келишимдин шартын макулдашканын 12-февралда ЭВФтин башчысы Кристин Лагард жарыя кылды.

Кристин Лагард Брюсселде маалымдагандай, бул “миссия деңгээлиндеги” келишим.

- Биз насыя берүүнү баштоо үчүн мен аны ЭВФтин башкармалар кеңешине февралдын аягына жетпей киргизем,- деди Лагард айым.

Украинага насыя бир катар шарттар менен берилип жатат. Атап айтканда, Киев терең реформа жүргүзүүгө, отун энергиясына тарифтерди жогорулатууга, банктарды реструктуризациялоого, өкмөттүк ишканаларды реформалоого жана коррупцияга каршы чечкиндүү чара көрүүгө макулдук берген.

Кабарлангандай, Украинадагы саясий реформаларды колдоо үчүн төрт жыл ичинде берилчү жалпы жардам 40 млрд. долларга чукул болот.

Кристин Лагард
Кристин Лагард

12-февралда Украинадагы бейстабилдүүлүктү жөндөөгө дагы бир маанилүү кадам жасалды. Донбасстагы жаңжалды токтотуу боюнча келишимге Германия, Франция, Украина, Орусиянын лидерлери жана орусиячыл жикчилдердин өкүлдөрү Минск шаарында кол коюшту. Былтыртан берки саясий бейстабилдүүлүк жана согуш Украинаны аңгектин кырына такап калган.

2014-жылы украин акчасы гривна 50 процентке арзандаган. Экономика былтыр 7,5 процентке төмөндөсө, быйыл дагы 5 процентке пастайт деп боолгонууда.

Январда өкмөттүк карыз ички дүң жыйымдын 60 процентинен ашкан. Бул былтыркыдан 20 процентке жогору. Анын үстүнө мурдагы президент Виктор Януковичтин тушунда алынган 40 млрд. долларды кайтарчу мөөнөт да чукулдап калды.

ЭВФтин миссиясы да Киевде насыя шартын такташып жүрүп, мамлекеттик бюджеттеги дефицитти бүтөчү каражат жок, социалдык чыгымдар ашыкча көп жана “Нафтогаз” компаниясынын 4,1 млрд. доллар чыгымы кантип жабылары белгисиз экенин аныктаган. Анткен менен, Кристин Лагард билдиргендей, Украин өкмөтү бюджеттеги тартыштыкты кыскартуу боюнча быйылкы планды аткарып, мерчемделгенден жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен.

ЭВФ 2014-жылы апрелде да Украинага 17 млрд. доллар кредит бөлгөн. Анын 4,3 миллиарды Киевге былтыр чегерилген. Анын калган бөлүгү быйыл берилет.

Арсений Яценюк
Арсений Яценюк

Украин өкмөтү бейшемби күнү эле ЭВФтин миссиясы менен түзүлгөн келишимдин долбоорун жактырды. Премьер-министр Арсений Яценюктун айтымында, бул программа төрт жылда 25 млрд. долларга жакын жардам алууга мүмкүндүк берет. Анын 17,5 млрд. доллары өлкөнү финансылык жана экономикалык турукташтырууга чегерилет.

- Бул программа экономиканы башкарууда, коррупция менен күрөштө, энергетика секторун тартипке салууда, мамлекеттик чыгымдарды оптималдаштырууда жана кыскартууда, чиновниктерди кыскартууда, пенсия реформасында адилеттикти орнотууда, атап айтканда, атайын пенсияларды азайтып, жок кылууда катаал, бирок эффективдүү чечимдерди карайт.

Премьер-министр ошондой эле Жогорку Рада же парламент экономиканы реформалоо боюнча кабыл алган мыйзамдар аткарылбаганын, чакан бизнес эки жыл текшерилбесин деген мыйзамга карабай, алар текшерилип жатканына токтолуп:

- Текшерүүчүлөр экономиканы өнүктүрүүнү каалабайт, алар пара алганы келишет. Аларды куугула, - деди.

Яценюктун айтымында, Орусиянын Донбасстагы “агрессиясы токтоп”, реформа оң жагына жүрүп кетсе, экономика 2016-жылы өсө баштайт экен.

Украин армиясы. Донецк
Украин армиясы. Донецк

Жергиликтүү медианын кабарлашынча, ЭВФ менен макулдашууга ылайык, Украина бюджеттик мекемелерде эмгектенгендердин санын 230 миңге чукул кыскартып, газдын баасын төрт-алты эсе жогорулатышы, пенсия курагын 65 жашка чейин узартышы абзел.

CASE Украина изилдөө борборунун башчысы Дмитрий Боярчук буга мындай баа берди:

- Өкмөт өзүнө чоң милдетти алды. Бирок андай программа үчүн депутаттар солк этпей добуш бере алабы? Былтыр алар радикалдуу чараларды колдоодон баш тартышкан.

Ал эми киевдик экономист Александр Пасхавердин пикиринде, Украинадагы экономикалык маселелер коррупцияга байланыштуу. Ошондуктан экономикада жылыш болуусу үчүн сот системасын реформалап, коррупцияга каршы тургандай системаны түзүү керек.

XS
SM
MD
LG