Бирок Украинадагы кырдаалды жөндөө боюнча Орусия президенти жана Европа Биримдигинин лидерлери бир жыйынтыкка келе албады. Украинада апрелден бери орусиячыл жикчилдер менен жүрүп жаткан согуш 3 660тан көп адамдын өмүрүнө забын келтирди. Украин кризисинин кесепетинен Орусия-Батыш арасындагы мамиле Кансыз согуш жылдарындагыдай төмөнкү деңгээлге түшүп кеткен.
Миландагы сүйлөшүүгө Орусия президенти Владимир Путин, Украина президенти Петро Порошенко, Германия канцлери Ангела Меркел, Франция президенти Франсуа Олланд, Британиянын премьер-министри Девид Кэмерон, Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу жана Еврокеңештин башчысы Херман Ван Ромпей жана Италиянын өкмөт башчысы Маттео Ренци катышты. Эртең мененки сый тамак үстүндө болгон сүйлөшүү “Европа-Азия” форумунун алкагында өттү.
Маттео Ренци ортодогу келишпестиктерге карабастан, тараптарда украин кризисине чекит коюу ынтаасы барлыгын көңүл жубатчу фактор экенин сүйлөөдөн кийин билдирди:
- Менин оюмча, биз климат үчүн, конструктивдүү дискуссия үчүн алдыга кадам жасадык. Арийне, айрымачылыктар көп. Бул нормалдуу. Ошол себептен биз азыркы абалда турабыз. Бирок мен тараптарда бир чечимге келүү ыкласы бар экендигин баса белгилейм. Ошон үчүн бул жолугушуудан кийин биз позитивдүү боло алабыз деп ойлойм.
Рензи кабарчыларга Украинанын келечеги Евробиримдикти кыжаалат кылганын жана өлкөдөгү абал алар үчүн аябай маанилүү экенин да кошумчалай кетти.
Владимир Путин: “Сүйлөшүү жакшы, позитивдүү болду,”- деп кыска сүйлөдү. Бирок анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков сүйлөшүү “өтө оор, түшүнбөстүктөргө толо” болгону менен “пикир алмашуунун өзү прогресс” деп, анын кээ бир катышуучулары украин кризисин объективдүү талдоону каалаганын айтып наалыды.
Расмий Киев, НАТО жана Батыш мамлекеттери Орусияны Украинанын чыгышындагы жикчилдерди каруу-жарак, аскерий жана пропаганда жактан колдойт деп сындап келет.
Британ өкмөт башчысы Кэмерондун сөзүнө караганда, Путин сүйлөшүү маалында Москва Украинанын бөлүнүшүн жана украин калабасы басылбай турганын каалабайм деп ишендирген.
Бейшемби күнү куптандан кийин украин маселеси боюнча Путин жана немис канцлери Меркел жолуккан. Мерчемделгенден төрт саат кеч болгон сүйлөшүү катаал жүргөнүн жарыяланган фотосүрөттөр көрсөттү: эки лидер 2,5 сааттык жүзмө-жүз сүйлөшүү учурунда мумиялап койгондой мистейип гана отурган.
Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргендей, Украинадагы коогалаңдын себептери боюнча Меркел жана Путин мурдагыдай эле бөлөк-бөлөк көз карашта калган.
Меркел айым 16-октябрда Миланга келер замат жасаган билдирүүсүндө Орусиянын милдети - Украинанын чыгышындагы кремлчил жикчилдердин ок атышпоо боюнча Минск келишиминин шартын толук аткаруусун камсыздоо экенине көңүл бурган:
- Албетте, Орусия эң алды Минск планы сакталуусун камсыздоого милдеттүү. Өкүнүчкө карай, али кемчиликтер өтө көп, ошондуктан аларды диалог кезде талдаган маанилүү.
Миланда Евробиримдиктин лидерлери менен Путиндин жолугушууларында газ маселеси да каралат деп боолгонуп жаткан. Анткени Путин бейшемби күнү Белградда кабарчылар менен кездешүүдө кыш айларында Евробиримдик Украина аркылуу аз газ алып калышы ыктымалдыгын эскертип, анын жүйөсүн мындайча түшүндүргөн:
- Деген менен газ ташууда чоң тобокелчилик бар. Биздин украиналык өнөктөштөр 2008-жылы болгондой экспорттук газ куур системасынан биздин газыбызды уруксатсыз эле өөнөп алганын биз көрүшүбүз керекпи? Биз, албетте, ага жооп кылып, 2008-жылдагыдай газ берүүнү уурдалган көлөмгө тете азайтабыз.
Бирок келген маалыматтарга караганда ЕБнын лидерлери менен Орусия президентинин сүйлөшүүсүндө газ маселеси козголбоду.