Миланда болчу саммитке чейин Путин жана Европа лидерлери июнда Нормандияга Экинчи Дүйнөлүк согушта союздаштардын десанты түшкөнүнүн 70 жылдыгына арналган салтанатта кездешкен. Путин жыйын учурунда украин президенти Петро Порошенко менен да жолугуп, сүйлөшөрү божомолдонууда.
Миландагы башкы тема - украин кризиси
Бейшемби-жума күндөрү Италиянын Милан шаарында болчу жолугушууну Кремл менен Батыш ортосундагы соңку төрт айдагы эң демдүү дипломаттык мезгил деп сыпаттоого болот.
Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаковдун билдиришинче, президент Путин 16-октябрда немис канцлери Ангела Меркел менен жолугат жана башка лидерлер менен чогуу сый тамак ичет.
"Эртеси Германия, Франция, Британия, Италия, Евробиримдиктин жетекчилери жана украин президенти Порошенко менен жолугат. Нанүштө үстүндөгү бул сүйлөшүүдө көңүл чордонунда Украина болот",- деди Ушаков.
Балким Путин - Порошенко - Меркел жана Франция президенти Франсуа Олланддын төрт жактуу сүйлөшүүсү болот.
Жылына эки мертебе өтчү Азия-Европа жыйыны бу саам дүйнөлүк рынок теңселип турган учурга дал келди. Европада баалар арзандап, дефляция башталат жана экономикадагы өсүш кашаңдашы этимал деген чочулоолор арбын. Мындай жагдайга карабастан саммитте талкууланчу негизги суроо украин кризиси болорун Евробиримдиктин чиновниктерине шилтеп, Батыш булактары кабарлады.
Меркел санкция эмне үчүн керек экенин айтты
Украин кризиси жана ага байланыштуу суроолор Путин менен Миланда сүйлөшүлөрүн Германия канцлери Ангела Меркел да 15-октябрда Берлинде кабарчылар менен кездешүүдө билдирди:
- Орусия президенти менен сүйлөшүүнүн күн тартибинде: Украина, газ, ошондой эле Минск келишимине байланыштуу жана башка эл аралык маселелерди талкуулайлы деген план бар. Мен талкуу ачык жүрөт жана Минск келишимин аткарууда жылыш болот деген үмүттөмүн. Минск келишиминин пункттарын аткарууда прогресс биз үмүт кылгандай даана болбоду. Биз ошон үчүн Минск келишимин кантип турмушка ашыруу жөнүндө сүйлөшөбүз.
Меркел айым 16-октябрда немис парламентинде сүйлөп, Украинанын территориялык бүтүндүгүн бузуу жоопсуз калбашы керек, ошон үчүн санкция украин кризисин чечүүдө маанилүү курал экенин белгиледи. Ошол эле маалда Европа Биримдиги Орусия менен диалогду улантууга кызыкдар экенин кошумчалады.
Украин коогалаңы, атап айтканда, Крым аннексияланып, Москва Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдерди колдогондон улам ЕБ менен АКШ Орусияга каршы бир нече ирет санкция жарыялаган. Анын кесепетинен Орусияда жылдык инфляция 8 процентке чыгып, рубль бир кыйла кунун жоготту жана жылдын биринчи жарымында 75 миллиард доллар өлкөдөн чыгарылып кеткен.
Путин "Политикага" эмне деди?
Путин Батыштын Украин кризисине байланыштуу Орусияга кысым көрсөтүү аракети Украинадагы абалды жөндөөгө өбөлгө болбойт деп эскертти.
“Өнөктөштөрүбүз Орусияны шантаждоо аракети акылсыздык экенин түшүнөт жана стратегиялык туруктуулукка чоң ядролук державалар ортосундагы чырлашуу тийгизчү коркунучту эстешет деген үмүттөбүз",- деди Путин 16-октябрда Сербиянын “Политика” гезитине берген интервьюда.
Украин кризиси 15-октябрда шамда АКШ, Британия, Германия, Италия жана Франция лидерлери арасында өткөн телеконференцияда да негизги тема болду. Лидерлер менен Ак үйдүн маалымдашынча, Орусия Минск келишими боюнча өзүнүн бардык милдеттенмелерин аткаруусунун зарылдыгын жана эл аралык финансылык уюмдар менен украин экономикасын колдоо боюнча чогуу жасалып жаткан иштерди талкуулашкан.
Шаршемби күнү АКШ жана Украина президенттери Донбасстагы кырдаалды жана Украинаны газ менен камсыздоо тууралуу телефондон баарлашканын расмий Киев кабарлады.
Кремлдин билдиришинче, 15-октябрда эртең менен Путин жана Порошенко да Чыгыш Украинада тынчтык орнотуу жана Миландагы жыйындан тыш убакта жолугуп, газ маселесин талкуулоо мүмкүнчүлүгүн телефондон сүйлөшкөн.
Москва-Киев ортосундагы газ талашы жана Украинанын чыгышындагы чатак кышкысын Евробиримдикти көгүлтүр отун менен камсыздоого зыян этпейби деп чочулатууда. Биримдик керектеген газынын үчтөн бирин Орусиядан алат, анын теңи Украина аркылуу ташылат.
Батыш лидерлери Москваны дембе-дем аскерлерин Украинанын чек арасынан алып кетүүгө жана жикчилдерге курал жиберүүсүн токтотууга үндөп жүрөт.
Акыркы күндөрү финансы рыногунда түзүлгөн абал Милан саммитинин күн тартибине кирип калышы ыктымал. Бирок The Wall Street Journal гезитинин жазышынча, андай жышаана азырынча байкалбайт.
Деген менен Миландагы Азия-Европа жыйынына катышчу 51 өлкө дүйнөлүк дүң жыйымдын 60 процентин өндүрөт жана финансы дүйнөсү лидерлердин кепил сөзүнө муктаж. Бул факторду эске алганда, Миланда баалуу кагаздар рыногундагы абал да талкууланып калышы мүмкүн.