Президент Порошенконун маалымдашынча, бул мыйзам аталган аймактардын Украинанынын ээлигине кайтуусун камсыздайт.
Президент Петро Порошенко 10-сентябрдагы өкмөттүк жыйында украин жетекчилиги өлкөнүн топудай да бөлүгүн эч кимге бербесин жана өлкөнүн территориялык бүтүндүгү толук сакталарын баса белгиледи:
- Биз өз мамлекетибиздин күнкорсуз түзүмү, эгемендиги жана территориялык бүтүндүгү боюнча маселеде эч кимге бир нукум да концессияга барбайбыз. Биз бирдиктүү мамлекет бойдон калабыз.
Украин лидери 5-сентябрда орусиячыл жикчилдер менен Минскиде кол коюлган келишимде Украинанын суверендүүлүгүн өлкөнүн бардык аймагында калыбына келтирүү каралганын кошумчалады. Жикчилдер “Элдик республика” деп жарыялаган Донецк жана Луганск облустарын (жалпы географиялык аталышы Донбасс) убактынча өзүн-өзү башкаруусу боюнча мыйзам долбоору улуттук парламентке келерки жумада талкууга берилерин да айтты:
- Келишим Донецк жана Луганск региондорунун айрым бөлүгүндөгү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун убактынча режими жөнүндөгү Украинанын мыйзамы бул региондорду Украинанын бир бөлүгү деп аныктаганын тастыктайт... Болочокку тынчтык буга багыныңкы экенин баса белгилейм. Бул мыйзам береги региондордун Украинанын ээлигине тынч кайтуусуна кепил өтөт.
Жикчилдер Минск келишимине карабастан, Донецк жана Луганск облустарын Украинадан бөлүп кетүү мүдөөсүнөн баш тартышпасын 10-сентябрда кайра эскертишти. Азыр береги эки региондун айрым бөлүгү козголоңчулардын ээлигинде.
ЕККУ жана Орусиянын арачылыгы астында жетишилген Минск келишими Украин өкмөтүн региондордун бийлик укугун кеңейтүүгө жана кеңири диалогго барууга чакырат.
Президент Порошенконун айтышынча, 5-сентябрдагы элдешүүдөн тарта Чыгыш Украинада “кырдаал кескин өзгөргөн”. Бирок “террорчулар өкмөттүк күчтөрдү дембе-дем провокацияга түрткөнгө аракет жасоодо”.
Орусия президентинин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаковдун билдиришинче, Владимир Путин жана Петро Порошенко 9-сентябрда телефондон баарлашып, “ок атышпоо татаал жараян болсо дагы анын шарты сакталып жатканын тастыкташкан.
Порошенконун өкмөттүк жыйында билдиришинче, украин армиясы өлкө чыгышында чабуулга өтүү үчүн эмес, коргонууну бекемдөө максатында толукталып жатат жана коогалаңдуу аймакка чектеш райондордо “өзгөчө режим” киргизилиши этимал. Ал Москванын украин чек арасындагы аскерлеринин 70 % ичкери алып кеткенин “жакшы жышаана” деп сыпаттады.
НАТОнун айтымында, Чыгыш Украинада азыр бир нече миң орусиялык аскер бар. Киев жана Батыш Орусияны жикчилдерге аскерий жана каруу-жарак жактан жардам бергенин тастыктаган айныгыс далилдер бар деп айтып келет. (Москва анын баарын калп деп чанууда.) Ушундан улам 8-сентябрда Евробиримдик Орусияга каршы жаңы санкция киргизүүнү туура тапкан.
Санкция Евробиримдиктин ырасмий журналында жарыяланса эле күчүнө кирет.
Германия канцлери Ангела Меркель 10-сентябрда Орусияга каршы жаңы санкцияны токтоосуз ишке киргизүүгө чакырды:
- Эгер анын бардык 12 пункту аткарылса, биз обол жаңы санкцияларды алып салабыз. Себеби алар өзү аяктабайт. Алар башка чара жоктон киргизилет.
Меркелдин айтымында, азырынча Минск келишиминин ок атышпоо жана туткундарды бошотуу шарты гана аткарылган.
Ушул эле күнү Эл аралык мунапыс уюмунун башкатчысы Салил Шетти Украинадагы куралдуу калабага Орусиянын катыштыгы бар экенин ырастаган фактылар арбын экенин билдирди:
- Биз чогулткан далилдер Орусия чатакка түздөн-түз аралашканын жана жаңжалдын бир бөлүгү экенин көрсөттү.
Шеттинин Москвадагы маалымат жыйынында айтышынча, козголоңчулар Украинанын Новоазовск чөлкөмүндө артиллериялык жана бронетехникалык бөлүктөрдү орус армиясынын жардамысыз көбөйтө алмак эмес. Эксперттер космостон тартып алынган сүрөттөрдү талдашып, ушундай жыйынтыкка келишти, деди ал.