"Азаттык" радиосу буга чейин кош жарандыгы бар борборазиялык мигранттар Украинадагы согушка тартылып жатканын кабарлаган. Бул ирет Украинада үч ай согушкан теги тажик, Өзбекстандын жараны менен байланышты.
“Озоди” радиосунун журналисттери менен маектешкен тажик жигит, Орусиянын аскердик түзүмдөрүндө иштөө максатында барганын, бирок мобилизация башталганга чейин эле борборазиялык мигранттардын айрымдары өз ыктыяры менен согушка кетишкенин айтып берди.
"Мен эки жыл мурун Орусиянын жарандыгын алгам. Ошол маалда армияда кызмат өтөп, кийин коопсуздук кызматкер болуп ишке орношком. Февралда согуш башталганда дароо кетем дедим, бирок атам уруксат бербей койду. Кийин "Грозныйда Украинадагы согушка аскерлерди жөнөтүп атышыптыр" деген маалыматты окуп калдык. Орус досторум менен 21-июлда аскерлердин катарына кошулдук. 15 күн Грозныйда даярдандык, анан согушка кеттик. Биздин отряд Луганск, Лисичанскта салгылашты".
Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге Орусияда жашаган канча борборазиялык мигрант катышканы тууралуу так маалымат жок. Бирок согуш башталгандан бери Тажикстандын кеминде 20 жараны каза болгону тастыкталган.
"Албетте согушта коркпой койбойсуң бирок башка аргам жок. Мени эч ким мажбурлаган эмес. Согушка мени менен башка тажиктер да барышты. Бирөөсү жарадар болду, Челябинскиден барган жигит өлдү. Мен болсо Луганскиде үч ай болдум, колумдан жараат алып, азыр ооруканадамын".
Учурда ооруканада жаткан жигит согуш талаасында тажик, өзбек жана кыргыз жигиттер көп экенин кошумчалады.
"Кош жарандыгы бар тажиктер бар. Үч айдын ичинде ондогон тажик, өзбек жана кыргыздар өлдү. Алардын тагдыры ушундай болуп калды. Челябинскиден барган тажик жигит менин колумда каза болду. Ал мага улуу агамдай эле болуп калган. Кийин көз алдымда дагы бир тажик өлдү",- дейт атын атагысы келбеген жигит.
Ага согушка барганы үчүн канча акча алганын сураганымда, кеминде 150 миң рубль айлык алып, кызмат өтөгөнүн билдирди.
"Бизге кызматына, наамына жараша айлык төлөнчү. Катардагы жоокер 150 миң рубль алат. Эгер жоокер фронттун алдыңкы саптарында жүрсө, ага күнүнө 8 миң рубль кошумча төлөнөт. Мен дайыма алдыңкы катарларда жүрдүм. Аскер каза болгон учурда анын үй-бүлөсүнө 13 миллион рубль кенемте төлөнөт. Мисалы, каза болгон тажик жигиттин үй-бүлөсүнө 10 же 12 миллион рубль акча берилди".
Быйыл июль айында Өзбекстандын Миграция боюнча агенттиги жана Өзбекстан мусулмандарынын башкармалыгы жарандарды Украинадагы согушка катышпоого чакырган.
Сентябрдын башында Украина бийлиги Орусия согуштук күчтөрүнүн тартыштыгын толтуруу үчүн Кыргызстандан жалданмачыларды тартып жатканын маалымдаган эле. Буга тушташ орус күчтөрүнүн катарында согушуп жаткан өзбекстандык жарандар кармалган.
Буга чейин Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Орусияда жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктар чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралдуу кагылышууларга катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын эскерткен эле.
Биз сөзгө тарткан жигит өлкөсүнө кайтып барса кылмыш жоопкерчилиге тартыларын жашырбайт.
"Азыр абал ушундай болуп турат. Акчага муктаж болгону, болбогону деле согушка кетип атат. Мобилизация жарыялангандан кийин мындай агым күчөдү. Чынын айтсам, согушка чейин деле жакшы айлык алчумун. Бирок дайыма Орусиянын күч түзүмдөрүндө иштөөнү кыялданчумун" .
Орусия Украинанын аймагында согуш баштаганына жети айдан ашты. Орусиянын бийлиги 24-февралдан берки өз армиясынын жоготуулары 6 миңдей экенин билдирсе, Украинанын бийлиги орус тараптын 58 миңдей аскерин жок кылганын кабарлады.
Киев өзүнүн курман болгон аскерлеринин саны 9 миң экенин, Москва 60 миңдей украин аскери кырылганын билдирип жатат.
Белгилей кетсек орусиялык "Медиазона" порталы жана Би-Би-Си ыктыярчылар командасы менен бирге Украинадагы согушта каза болгон орус аскерлеринин санын аныктоо менен алектенип келет. Алардын маалыматына ылайык, Орусия кошуна өлкөгө басып кирген 24-февралдан 23-сентябрга чейин майданда орусиялык 6756 аскердин каза тапканы тастыкталса, алардын 306сы Дагестандан, 276сы Бурятиядан.