Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28
Павел Клименк
Павел Клименк

Украинада орус армиясынын генерал-майору каза болду

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

03:38 27.2.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский Азербайжан менен Түркиянын ортомчу болуу сунушун кубаттады. Зеленскийдин айтымында, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Азербайжандын лидери Ильхам Алиев Москва менен Украинанын ортосунда ортомчу болуп, сүйлөшүү уюштуруп берүүнү сунушташкан.

Ушул эле күнү «Франц-пресс» агенттиги өз булактарына таянып жазганына караганда, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавышголу телефондон орусиялык кызматташы Сергей Лавров менен сүйлөшүп, согушту токтотууга чакырган.

Анкара Орусиянын Украинага жасаган чабуулун «кабыл алынгыс» деп атап, буга чейин эле Москва менен Киев ортосунда ортомчу болууга даяр экенин билдирип келген.

05:56 27.2.2022

Батыш мамлекеттери буга чейин санкцияга кабылган орусиялык банктарды SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системадан өчүрмөй болду. Бул тууралуу АКШ, Евробиримдик, Британия, Канаданын 26-февралдын кечинде биргелешип жасаган билдирүүсүндө белгиленет.

Анда «бул кадам банктарды эл аралык каржы системасынан ажыратып, алардын глобалдык масштабдагы ишине кедергисин тийгизет» деп жазылат.

Ошондой эле Ак үйдүн расмий сайтына чыккан билдирүүдө жазылгандай, Орусиянын Борбордук банкы эл аралык резервдерин өзү каалагандай иштете албай калгыдай чектөөлөрдү киргизүү каралат.

Андан тышкары Украинадагы согушка жана орус өкмөтүнүн ишине тиешеси бар адамдарга жана уюмдарга санкция киргизилет. Тактап айтканда, өкмөткө жакын, колунда бар орусиялыктарга «алтын паспорт» же Батыш мамлекетинин жарандыгы берилбейт.

Билдирүүдө белгилегендей, орус бийлигине катыштыгы бар адамдардын жана алардын жакындарынын Батыштагы активдери аныкталып, камакка алынат. Бул үчүн кийинки аптада атайын трансатлантикалык ыкчам топ түзүлөт.

SWIFT аркылуу дүйнөдөгү каржы институттары акча которуулар тууралуу кат алышат. Бул системага 11 миң уюм киргизилген. Айрым эсептерге караганда, SWIFT аркылуу жылына беш миллиарддай кат алмашылат.

Буга чейин СберБанк, "Газпромбанк", "Открытие", Совкомбанк жана Новикомбанкка санкция салынган.

06:13 27.2.2022

Киев облусундагы Васильково шаарында Орусиянын соккусу нефтебазага тийди.

Маалыматты аталган калаанын башчысы Наталья Балясинович ырастады.

"Бүгүн кечке чейин катуу аткылоо, анын ичинде баллистикалык ракеталар менен соккулар болду"-деди ал.

Социалдык тармактарда жайылган видеолордо мунай сактоочу база жалбыраттап өрттөнүп жатканын көрүүгө болот.
Васильково шаарында эки күндөн бери айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатат.

Бул шаарда авиабаза жана курал-жабдык сактоочу кампалар бар. Ошондуктан украин тараптын билдирүүсүнө караганда, бул калаага тынымсыз чабуул уланып жатат.

08:18 27.2.2022

Харьковдо жарылууда газ түтүгү талкаланды

Харьковдун четинде ишембинин кечинде артиллерияны колдонгон оор кармаштар өттү. Анын бири газ өткөрүүчү түтүккө тийген. Муну Украинанын мамлекеттик байланышы ырастады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG