Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:01

Түз ободо Кишинев Москваны агрессияга айыптады

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

08:25 27.2.2022

РБК булактарына таянып процессорлордун ири өндүрүүчүлөрү Intel жана AMD Орусияга товар жеткирүүнү токтото турган болгонун жазды.

Бул маалыматты орусиялык ойлоп табуучулар жана электроника өндүрүүчүлөр (АРПЭ) ырастады.

08:38 27.2.2022

Lufthansa Орусияга бардык каттамдарын токтотту

Немис авиакомпаниясы Lufthansa ​26-27-февралда Орусияга бардык каттамы токтогонун билдирди. Бул Евробиримдиктин орусиялык авиакомпанияларга аба мейкиндигин жабууга байланыштуу болушу мүмкүн. Lufthansa ​компаниясынын өкүлү бул тууралуу Рейтер агенттигине билдирди. Учуулар 7-марттан тарта токтойт.

Ага чейин 26-февралда ARD каналынын Берлин бюросунун жетекчиси Маттиас Дейс Твиттерде белгисиз булакка таянып, Евробиримдик орусиялык авиакомпаниялар үчүн аба мейкиндигин жаба турганын кабарлаган. Ага чейин Литва, Латвия, Эстония, Румыния, Болгария, Польша, Чехия жана Британия орус учактары үчүн аба мейкиндигин жапканын жарыялашкан.

08:58 27.2.2022

Киев Чернобыл АЭСнин коопсуздугун камсыз кыла албайт

Бул тууралуу МАГАТЭге катында Украинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Сергей Кислица билдирген. Ал Орусиянын Чернобыл АЭСиндеги аракетине көз салып, Орусиянын өзүндөгү өзөктүк материалдарга эл аралык текшерүү жүргүзүүнү жана бул өлкөнүн аймагындагы атомдук станцияларга санкция салууну суранган.

09:11 27.2.2022

Украинанын чыгышында он миңдеген качкындар топтолду

Орусиянын басып кирүүсүнөн качкан он миңдеген украиналыктар коңшу өлкөлөр Польша, Словакия, Венгрия, Румыния жана Молдовага кирип жатат. Үч күн ичинде украин-польша чек арасынан 115 миң адам өткөн. Көпчүлүгү ал жакка жөө барууда. Айрым өткөрмө пункттарында кезек 15 чакырымга чейин созулууда. Качкындардын көпчүлүгү аялдар жана балдар. Курал кармаганга жарактуу 18 жаштан 60 жашка чейинки украин эркектерине өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. Львовдо Польшаны карай кеткен акысыз поезддерде орун жетпей жатат. Бул Европадагы Экинчи дүйнөлүк согуштан берки ири гуманитардык кризис катары каралууда.

Буга чейин БУУ орусиялык аскерлердин басып кирүүсүнөн 150 миң адам качкынга айланышы мүмкүн экенин кабарлаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG