Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:09
Павел Клименк
Павел Клименк

Украинада орус армиясынын генерал-майору каза болду

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

22:48 26.2.2022

Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестович Орусия менен сүйлөшүүдөн Киевдин баш тартканын ырастап, мунун себептери алар койгон талаптар ынандырбаганы менен түшүндүрдү. Бул тууралуу Страна.ua сайтына таянуу менен “Азаттыктын” орус жана украин кызматтары жазды.

“Анткени, Орусия тарап ортомчулар аркылуу жеткирген талаптары бизди канааттандырган жок. Бул ачыктан-ачык эле бизди багынып берүүгө (капитуляция) мажбурлоо аракети болду. Биз аларга тынчтык келишими Москва койгон шарттардын негизинде эмес, Киев койгон шарттар боюнча гана жүрөрүн жеткиргендей болдук”,-деген Арестовичтин.

Украин президентинин башка бир кеңешчиси Михаил Подоляк да, Украина сүйлөшүүдөн качпаганын, алар ультиматум коюлбаган шартта сүйлөшүүгө барышарын атайын жарыялады.

00:15 27.2.2022

Украинадагы соңку окуяларга байланыштуу өлкө аймагынан 150 миңдей киши чыгып кетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иши боюнча комиссары Филиппо Гранди билдирди.

Анын айтымында, качкындардын жарымы Польшага келди. Калгандары Молдовада, Румынияда, Словакияда жана Европанын башка өлкөлөрүндө башпаанек табышты.

03:37 27.2.2022

Орусиянын көптөгөн шаарларында үчүнчү күн катары менен Москванын Украинага жасаган чабуулуна каршы акциялар өттү. 26-февралда эле 34 шаарда жалпысынан 500дөй демонстрантты полиция кармап кетти.

Митингдерге байкоо жүргүзүп келген "ОВД-Инфо" уюму билдиргендей, жалпысынан үч күндө үч миңдей киши кармалды.

Орусиянын агрессиясына каршы акциялар бүтүндөй дүйнө боюнча өтүп жатат. Туринден Токиого чейин адамдар согушту токтотууну талап кылып көчөгө чыгып жатышат.

Алар украин желектерин көтөрүп, «Путин, согушту токтот», «Украинадан колуңду тарт!»-деген ураандарды чакырышууда.

03:38 27.2.2022

Германиянын өкмөтү Украинага 1000 танктарга каршы курал жана 500 «Стингер» деп аталган зениттик ракета жеткирерин билдирди.

Буга чейин Берлин Украинага курал-жабдык жеткирүүдөн баш тартып келген.

«Биз Путиндин армиясынан коргонууда Украинаны колдоо үчүн колубуздан келгенин жасоого милдеттүбүз»-деп жазды Германиянын канцлери Олаф Шольц.

Украинанын президенти Владимир Зеленский немис өкмөтүнүн чечимин кубаттады.

Буга чейин Польшанын өкмөт башчысы Матеуш Моравецкий айрым Батыш мамлекеттерин, анын ичинде Германияны Орусияга каршы «болуп көрбөгөндөй» санкцияларды салбай жатканы үчүн айыптаган. Ал ошондой эле Германия Украинага курал бербей жатканын да сынга алган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG