Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:57
Павел Клименк
Павел Клименк

Украинада орус армиясынын генерал-майору каза болду

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

19:20 26.2.2022

Киевдеги коменданттык саат бүгүнтөн баштап 28-февралга чейин 17:00дон таңкы 8:00го чейин болот. Бул тууралуу Киевдин мэри Виталий Кличко билдирди. Шаарда 24-февралдан баштап коменданттык саат 22:00дон 7:00го чейин белгиленген.

Кличко "коменданттык саат учурунда көчөдө жүргөн бардык жарандар душмандын диверсиялык-чалгындоо тобунун мүчөсү деп табыларын" билдирди.

19:22 26.2.2022

Словакияда Украинадан келген качкындардын агымы көбөйгөнүнө байланыштуу бүгүнтөн баштап өзгөчө абал киргизилди. Эдуард Хегер жетектеген өкмөт бул чечимди кезексиз жыйында кабыл алды.

Словакиянын Ички иштер министрлиги акыркы суткада эле Украинадан 10 миң адам келгенин кабарлады.

19:25 26.2.2022

Орусиялык авиакомпанияларга кайсы мамлекеттер аба мейкиндигин жапты?

19:57 26.2.2022

Эрбол Султанбаев Украина боюнча Бишкектин позициясын билдирди

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бүгүн, 26-февралда Украинадагы кырдаалга байланыштуу комментарий берип, Кыргызстан эки тарап тынчтыкка тез арада жетишине үмүттөнөрүн белгиледи.

“Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстан тараптардын тынчтыкка тез арада жетишине үмүттөнөрүн белгилейбиз. Биз түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууну кубаттайбыз, анын ичинде мындан аркы жоготууларга жана кыйроолорго жол бербөө үчүн сүйлөшүүлөр жолу менен да”, - деп билдирди Эрбол Султанбаев.

Буга чейин бүгүн президент Садыр Жапаров менен Орусиянын лидери Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшкөнү кабарланган. Президенттин расмий сайты эки лидер кыргыз-орус кызматташтыгынын учурда күн тартибинде турган актуалдуу маселелерин талкуулаганын жазган.

Анда "Жапаров менен Путин эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышты", - деп билдирген.

Жапаров менен Путиндин сүйлөшүүсү боюнча маалыматты Орусиянын расмий булактарынан тактоо мүмкүн болгон жок. Расмий Кремлдин интернет сайты азыркы тапта иштебей турат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG