Украинанын cаламаттык сактоо министри Виктор Ляшко Фейсбуктагы баракчасына Орусиянын аскердик кол салуусунан 198 украиналык каза болгонун, алардын үчөө балдар экенин жазды.
1115 адам жарадар болгон, алардын 33ү балдар.
Бүгүн, 26-февралда президент Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтына маалымат чыкты.
Өлкө башчылары кыргыз-орус кызматташтыгынын учурда күн тартибинде турган актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Садыр Жапаров менен Владимир Путин эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышкан.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 26-февралда дагы видео кайрылуу жасап, Орусиянын аскерлери ракеталарды, учкучсуз учактарды, артиллерияны, танктарды, чопкутталган техникаларды колдонуу менен Украинанын бардык аймагында чабуулун улантып жатканын айтты.
“Баскынчылар калк жашаган турак жайларга да кол салып жатышат. Аларды реактивдүү артиллериялык куралдар менен аткылашууда. Энергетикалык объектилерди жок кылууну көздөшүүдө. Алар өтө кара санатай тактиканы карманышууда. Талкаланган үйлөр согушту токтотуу үчүн чогуу күрөшүүгө жүйө болуп берер”, - деди ал.
Зеленский дүйнөнү согушту токтотуп калууга салым кошуусун суранды.
Ал сөзүнүн соңунда Орусиянын жарандарына орус тилинде кайрылып, президент Владимир Путинге таасир этүүгө үндөдү.
Орусиянын жүздөгөн медицина кызматкерлери согушту токтотууга чакырык ташташты.