Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00
Павел Клименк
Павел Клименк

Украинада орус армиясынын генерал-майору каза болду

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

17:19 26.2.2022

Роскомнадзор «Новая газета», «Медиазона», «Дождь» ж.б. ЖМКлардан Украинадагы болуп жаткан кырдаалды согуш деп атаганы үчүн материалдарын өчүрүүнү талап кылды. Мындай билдирүүнү медиа каражаттар бүгүн алышты.

17:33 26.2.2022

Украинанын аймагына кирген Дагестандын аскер кызматкерлери туткунга түштү.

Бул тууралуу видео жана фотону алган алардын туугандары айтышкан.

Орусиянын Коргоо министрлиги маалыматты расмий түрдө тактаган да, четке каккан да жок. Бул тууралуу Кавказ.Реалии каналына аскер кызматкерлеринин укугун коргогон Жоокерлердин энелер комитетинин өкүлү Светлана Голуб билдирди.

17:41 26.2.2022

Чехия Украинага 188 млн. крон турган курал-жарак жөнөтө турган болду. Жардам автомат, пулемет, көзгө атаар мылтык жана ок-дары түрүндө берилмекчи. Бул тууралуу Чехиянын коргоо министри Яна Чернохова​ билдирди. Ишембиде Орусиянын Прагадагы элчилигинин алдындагы Украинага карата агрессиясына каршы акция (видео) уланды.

Словакия Украинага 2,6 млн. евро турган аскердик көмөк көрсөтмөкчү. Өлкөнүн өкмөтү бул чечимди ишембидеги кезексиз жыйында колдоду.

18:29 26.2.2022

"Украина багынбайт"

Орусиянын Украинага карата чабуулу үчүнчү күн катары менен уланууда. 26-февралда негизинен Киевди карай аткылоо күч алды. Украин бийлиги багынбай турганын, аягына чейин коргоно турганын билдирүүдө. Курмандыктардын саны жүздөп саналууда. Батыш мамлекеттери Москванын чечимин айыпташууда.

Киевге чабуул жана коргонуу

Украинанын президенти Владимир Зеленский 26-февралда тараткан видео кайрылуусунда Орусиянын аскерлери ракеталарды, учкучсуз учактарды, артиллерияны, танктарды, чопкутталган техникаларды колдонуу менен Украинанын бардык аймагында чабуулун улантып жатканын айтты.

Эң негизги чабуул борбор калаа Киевге жасалды. Түнү менен Киевдин бир канча аймагында жарылуунун добушу угулуп жатты. Лобановский проспектисинде жайгашкан көп кабаттуу үйгө ракета тийди. Үйдө жашаган адамдар эвакуация болду. Киевдин администрациясы борбор калаанын тургундарын көчөгө чыкпоого чакырды.

“Баскынчылар калк жашаган турак жайларга да кол салууда. Аларды реактивдүү артиллериялык куралдар менен аткылашууда. Энергетикалык объектилерди жок кылууну көздөп жатышат. Алар өтө карасанатай тактиканы карманышууда. Талкаланган үйлөр согушту токтотуу үчүн чогуу күрөшкө жүйө болуп берет”, - деген Зеленский согушту токтотуп калууга салым кошууну дүйнө өлкөлөрүнөн суранды.

Ал сөзүнүн соңунда орусиялык жарандарга орус тилинде кайрылып, президент Владимир Путинге таасир этүүгө үндөдү. Зеленский буга чейинки кайрылууларында да коңшу өлкөнүн жарандарын согушту токтотуу чакырыгы менен акцияларга чыгууга чакырган.

Мунун алдында айрым маалымат каражаттары Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн экенин жазып жаткан. Ал кайрылуусунда өзү муну төгүндөдү.

“Жалган маалыматтарга ишенбегиле... Мен ушул жердемин, биз куралыбызды таштаган жокпуз, биз өзүбүздүн мамлекетибизди, укугубузду, жерибизди, балдарыбызды коргойбуз”, - деди ал.

Украинанын cаламаттык сактоо министри Виктор Ляшко Фейсбуктагы баракчасына Орусиянын аскердик кол салуусунан 198 украиналык каза болгонун, алардын үчөө бала экенин жазды. 1115 адам жарадар болгон, алардын 33ү балдар. Ага чейин украин бийлиги 137 аскери курман болгонун маалымдаган.

26-февралдын таңына карата Орусиянын 3,5 миңден ашуун аскери каза болуп, 200гө чукулу туткунга алынганын украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк ТСН телеканалынын эфиринде айтты.

Орусиянын бийлиги бул маалыматтарды ырастап же төгүндөй элек. Бул өлкөнүн Коргоо министрлиги өзүнүн жоготуулары жана курмандыктары боюнча маалымат берген эмес. Алар мурдараак Украинанын 200дөн ашуун аскердик объектисин талкалаганын гана тактаган.

Мамдуманын депутаты сөзүнөн кайтты

21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Бул чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берген.

Орусия 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага чабуул жасап, басып кирди. 25-26-февралда орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда.

Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы Коммунисттик фракциясынан (КПРФ) депутат, мурда “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүнүн көз карандысыздыгын жактап, добуш берген Михаил Матвеев Украинага каршы согушту токтотууга чакырды.

Киев, Украина.
Киев, Украина.

“Мен “ДЭР” менен “ЛЭРдин” көз карандысыздыгын таанууга добуш берип жатканда тынчтыкка добуш бергем, согушка эмес. Орусиянын Киевди бомбалашын колдогон эмесмин”, - деп жазды ал Твиттердеги баракчасында.

Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу Еврбиримдик, Британия, АКШ жана Канада Орусиянын президенти Владимир Путинге жана тышкы иштер министри Сергей Лавровго санкция салды. Ага чейин бул өлкөлөр орусиялык башка аткаминерлерге каршы чараларды кабыл алган.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Венди Шерман “Настоящее время” телеканалына курган маегинде буларды билдирди:

“Владимир Путин дипломатияны өлтүрүп салды. Ал куралданууга болгон көзөмөлдү жок кылды. Ал орус элинин келечекте мыкты мамлекет куруу келечегин жок кылды”, - деди ал.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш Украинада Орусиянын аскердик операциясы башталгандан бери качкындардын саны 100 миңден ашканын, өлкөнүн гуманитардык муктаждыгы саат сайын өсүп жатканын Твиттерге жазды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG