Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Украина: Дрондор Киев менен Одессага чабуул койду

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

13:29 26.2.2022

Орусиялык ракета Киевдин Соломенский районундагы Лобановский проспектисиндеги көп кабаттуу үйгө тийип, 18-20-кабаттар талкаланды. Жарылуу күчүнөн коңшу үйдүн терезеси күбүлүп түштү. Үйдөн анча алыс эмес жерде медициналык мекеме жайгашкан. Куткаруучулардын маалыматында, каза тапкандар жана жабырлануучулар жок. Үйдүн жашоочулары чабуул болгон маалда баш калкалоочу жайда болушкан.

13:35 26.2.2022

Орусиялык 3500дөн ашык аскерлер каза тапты, 200ү туткунда. Бул маалыматты 26-февралда Украинанын президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк ТСН каналынын эфиринен маалымдады.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматында орусиялык аскерлердин 102 танкы, 536 бронемашинасы, сегиз тик учагы, 15 замбиреги, бир зениттик ракеталык БУК комплекси талкаланган.

Орус тарап жоготуулар тууралуу маалыматты жашырууда.

13:47 26.2.2022

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба башка өлкөлөрдү Орусияны толук изоляцияга алууга чакырды.

"Киев, биздин эң тынч, көркөм шаарыбыз бир түндө орусиялык аскерлердин аткылоосуна, ракета чабуулуна кабылды. Мен дүйнөнү Орусияны толук изоляцияга чакырам, элчилерди чакырып алып, мунай сатып алууга эмбарго киргизип, экономикасын талкалоого чакырам. Орусиялык аскер кылмышкерлерин токтоткула".

15:13 26.2.2022

Украинанын Ички иштер министрлиги Орусиянын аскерлери Киевдин оң жээгинен сол жээгин жарып өтүүгө аракет кылып жатканын кабарлады.

Киевдеги метро токтоп, азыркы тапта эл жашынууга гана колдонулуп жатат.
Вышгород районунан Киевди көздөй Орусиянын чопкутталган 100 техникасы бара жатканын "Униан" агенттиги кабарлаган.

Согуш техникасына ак түстөгү V тамгасы жазылып, аскерлердин жеңине ак скотч жабыштырылган.

Бүгүн, 26-февралда Киевдеги ракеталык чабуулдан көп кабаттуу турак үй жараксыз болуп калды. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш Украинада гуманитардык көйгөй курчуп, качкындар 100 миңден ашканын Твиттерге жазды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG