Мамдуманын депутаты Михаил Матвеев согушка каршы билдирүү менен чыкты.
"Согуш тезинен токтошу керек. ЛЭР/ДЭРди таанууга добушту мен тынчтык үчүн бергем. Орусия аларга калкан болсун дегем. Донбассты, Киевди бомбаласын деген эмесмин".
Матвеев 53 жашта, Самарадагы университеттин профессору. Украинада туулган, бирок бала чагында Орусияга көчүп келген. Тарыхчы, Орусиянын жергиликтүү башкаруу тарыхы боюнча адис. Самара облусунун жана шаарынын депутаты болгон. 2021-жылы Орусиянын Мамдумасына шайланган.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 25-февралда Германиянын жана Франциянын Кыргызстандагы элчилери менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, тышкы иштер министри Украинанын аба мейкиндигинин жабылышын эске алып, европалык кесиптештеринен Кыргызстандын жарандары үчүн Украинага коңшулаш Европа өлкөлөрү аркылуу "жашыл коридор" түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүнгөн.
Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинадагы кыргыз жарандарын Венгрия, Польша, Румыния аркылуу алып чыгып кетүү жолдорун иштеп чыккан.
Бул мүмкүнчүлүктөн пайдалануу үчүн Кыргызстандын жарандары Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин консулу Эрмек Каныбековго байланышуусу керек. Байланыш номери +380997573413, +380442370347.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты.
"Украинадагы кырдаалдын өнүгүшүнө тынчсыздануу менен көз салып жатабыз. Орусия жана Украина менен болгон тарыхый достук мамилелерибизге таянып, тараптар чыр-чатакты жөнгө салуунун жаңы форматтарын жана механизмдерин түзүү аркылуу сүйлөшүүлөр үстөлүндө тез арада тынчтыкка жетишет деп ишенебиз".
Билдирүүдө Кыргызстан тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетишүү үчүн тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү баштоого багытталган ар кандай сунуштарды жана демилгелерди кубаттары айтылган.
Андан тышкары бардык тараптарды жарандардын, анын ичинде чет өлкөлүктөрдүн коопсуздугун, алардын чыр-чатак болгон аймактан чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга чакырган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский украин элине кезектеги кайрылуусун жасады. Ал "Фейсбуктагы" баракчасына жарыяланды.
"Кутман таң, украиндер. Түндө мени курал таштоого чакырды деген көп маалыматтар пайда болду. Мен бул жердемин, биз эч кандай курал таштабайбыз, биз армиябызга, мамлекетибизге ишенебиз. Биз аны коргойбуз. Украинага даңк", - деди Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 25-февралдын жыйынтыгын чыгарган видео кайрылуусунда украин армиясы орус күчтөрүнө каршы бардык фронтто согушуп жатканын айткан. Ал бир канча шаарда кагылышуулар уланып жатканын, Орусиянын армиясы Украинанын жайкын тургундар жашаган аймактарына, анын ичинде бала бакчаларга да сокку уруп жатканын белгиледи. Буга чейин орус бийлиги жай тургундар бутага алынбаганын билдирген болчу.