Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50
Украина, Депропетровскидеги чабуулдан кийинки өрт өчүрүү аракети
Украина, Депропетровскидеги чабуулдан кийинки өрт өчүрүү аракети

Украина: Никополдогу базарга сокку урулду

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

11:01 22.12.2024

Орусия аннексиялап алган Крымдын Керч кысыгында мазут ташыган танкер чөгүп кеткенден кийин өзгөчө кырдаал жарыяланды. Мазут сууда жайылып, жээк тазаланып жатканын РИА Новости билдирди.

Керч шаарынын Орусия дайындаган башчысы Олег Каторгин 21-декабрдын түнү жээкти жазалоого жардам берүүгө жашоочуларды чакырды.

15-декабрда Керч кысыгында орусиялык эки "Волгонефть 212" жана "Волгонефть 239" танкери кыйраган. Орусия буга аба ырайын жана экипаждын шалаакылыгын болжолдуу себеп катары көрсөткөн.

Танкерлерде 9 миң тоннага жакын мазут бар болгону айтылды. Булганган суу аянты 54 чакырымга жетти. Тазалоо иштерине жүздөгөн киши тартылды.

Greenpeace изилдөө лабораториясынын жетекчиси Пол Жонсон Meduza агенттигине билдиргендей, кырсык Кара деңиздеги эң ири техногендик кырсыктардын бири болуп калышы мүмкүн.

13:39 21.12.2024

Казан шаарындагы турак үйлөргө дрондор тийди

21-декабрда эртең менен Орусиянын Казан шаарындагы турак үйлөргө дрондор тийип, өрт чыкканын мэрия билдирди.

Мэриянын маалыматына караганда, Казандын үч районунда дрондордон улам өрт чыккан. Дрондор "Лазурные небеса", "Манхэттен" турак жай комплекстерине жана төрт кабаттуу үйгө урунган. Жалпысынан сегиз учур катталган, алардын алтоо турак үйлөргө тийген. Алгачкы маалыматтар боюнча жабыркагандар жок деп билдирет ТАСС агенттиги.

Премиум-класстагы 37 кабаттуу "Лазурные небеса" турак жай комплекси эки дрондун чабуулуна кабылган. Бул тууралуу видео Shot телеграм-каналы аркылуу жарыяланды. Үйдүн айланасы курчоого алынды. Жашоочулар тепкич аркылуу эвакуацияланып, убактылуу жайлар жана ысык тамак-аш менен камсыздалган. Өрттүн аянты 120 чарчы метрди түзөт, аны өчүрүү иштери уланууда.

Ошондой эле Astra агенттиги жергиликтүү тургундардын маалыматына таянып, төрт кабаттуу үйдө дрондун урунгандан кийин өрт чыкканын билдирди. Дагы бир дрон "Манхэттен" турак жай комплексине келип тийген. Shot өз булагына шилтеме берип, үч адамдын сынган айнектерден жаракат алганын жазды.

Казандын үстүндө дрондордун учуп жүргөнү жана алардын сыныктары тууралуу видеолор жарыяланды. Казан жана Ижевск аэропорттору ишин убактылуу токтотту – учактарды кабыл алуу жана жөнөтүү жүргүзүлбөйт. Айрым мектептер менен колледждерден окуучулар эвакуацияланып, соода борборлору жабылган. Жекшембиге пландалган бардык массалык иш-чаралар токтотулду.

Бүгүн, 21-декабрда, Орусиянын Коргоо министрлиги Татарстандын аймагында украин дрону атып түшүрүлгөнүн билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, бул окуя Москва убактысы боюнча саат 7:50дө болгон.

12:01 21.12.2024

Орусиянын Рыльск районуна сокку урулганы кабарланды, каза болгондор бар

Курск облусунун башчысынын милдетин аткаруучу Александр Хинштейн украин армиясы Рыльск районуна абадан жапырт сокку урганын билдирди. Шаар Украинанын чек арасынан 30 чакырымдай алыста жайгашкан жана ал жерде 15 миңдей киши жашайт.

Хинштейн билдиргендей, аткылоодон каза болгондордун саны алты кишиге жетти, алардын арасында бир бала болгон. Жараат алган он киши ооруканага жеткирилди, жеңил жараат алган кишилер да бар.

Күбөлөр РБК басылмасына шаарда катуу жарылуу болуп, өрт чыкканын айтып беришкен. Рыльск районунун башчысы Андрей Белоусов социалдык объектилер жабыркаганын маалымдаган.

Хинштейндин айтымында, жарандык авиация коллежинин окуу корпусу жана жатаканасы, мектеп жана маданият үйү бутага алынган. Соккудан бир нече турак үйлөр жана 15тей унаа зыян тарткан. Үч көп кабаттуу үйдүн терезелери талкаланган.

Болжолдуу маалымат боюнча бул соккулар HIMARS же ATACMS системалары менен урулган болушу мүмкүн. Киев Рыльск районунун аткыланышы боюнча маалымат бере элек. Орусиянын Коргоо министрлиги да бул тууралуу комментарий берген эмес.

14:41 20.12.2024

Орусия Киевге, Херсонго жана Кривой Рогго сокку урду, каза тапкандар бар

2024-жылдын 20-декабрында эртең менен Орусиянын аскерлери Киевге, Херсонго жана Кривой Рогго ракеталык сокку урду. Каза тапкандар жана жаракат алгандар бар. Бул тууралуу Украина бийлиги билдирди.

Киевде орус соккусунан улам бир адам каза болуп, дагы тогуз адам жаракат алды, алардын төртөө ооруканага жаткырылганын шаар мэри Виталий Кличко жазды.

Оболу сокку Голосеевский, Соломенский жана Шевченковский райондоруна тийген. Кээ бир турак жайлардын чатырлары өрттөнүп, унаалар күйүп жатат. Голосеевский районунда кеңсе имараттары, жолдор жана газ түтүктөрү жабыркаган. 630 турак жай, 16 медициналык мекеме, 17 мектеп жана 13 бала бакча жылуулуксуз калганын Кличко тактады. Инфраструктураны калыбына келтирүү иштери башталды.

Киевге орус дрондорунун чабуулу түндө башталган. Дрондор бир нече толкун менен келип, бардыгы борборго жакын жерде жок кылынганын шаар администрациясы маалымдады. Деснянский районундагы жашабаган аймакка калдыктар түшкөн, жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат берилген жок.

Херсон облусунун администрация башчысы Александр Прокудин да орус армиясынын чабуулдары тууралуу билдирди. "Облус борборунун бардык аймактарында жарылуулар болду. Душман турак жайларды, социалдык жана маанилүү инфраструктураны атайын бутага алды", – деп жазды Прокудин.

Анын айтымында, таңкы соккулардан бир адам каза болуп, тогуз адам жаракат алган. Азыр дагы бир чабуул жүрүп жатат. Облусту аткылоодон улам 60 миңдей абонент электр энергиясыз калды. Энергетиктер авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө деп кошумчалады Прокудин.

Түн ичинде Орусиянын армиясы Кривой Рогго да ракеталык сокку урган. Андан алты адам жаракат алып, үчөө, анын ичинде 15 жаштагы кыз орто оор абалда ооруканага жаткырылганын Днепропетровск администрация башчысы Сергей Лысак билдирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG