Орусиянын президенти Владимир Путин Курск облусунда салгылашуулар жүрүп жатканын бышыктады. 19-декабрдагы түз байланыш учурунда ал жергиликтүү тургундун: "Аймак качан бошотулат?" деген суроосуна украин аскерлери ал жактан сүрүп чыгарылат деп жооп кайтарды. Бирок конкреттүү датаны айтуудан баш тартты.
Украин куралдуу күчтөрү Орусиянын Курск облусуна быйыл 6-августта кирип, бир нече күндө 70 чакты айыл-кыштакты алганы кабарланган. Азыркыга чейин да алар бир нече жерди ээлеп турушат.
"Настоящее время" телеканалы жазгандай, Путин Курскидеги кармаштар тууралуу калың эл алдына сөз кылчу эмес. Расмий маалыматка караганда, региондон 112 миң киши чыгып кетти. Жер которууга аргасыз болгондор турак жай, кенемте, уюштуруу маселелерине нааразылыгын айтып келатышат.
Путин украин аскерлери аймакка эмне максатта киришкенин түшүнбөй турганын айтты.
Украин куралдуу күчтөрүнүн командачысы Александр Сырский шаршембиде Курскидеги операция “зарыл болгонун”, муну менен орус армиясынын Харьков жана Сумы шаарларына карай алга жылуу планы үзгүлтүккө учураганын билдирген. Сырский "пландан майнап чыкты, Орусиянын Курахов жана Покровск багыттарынан башка жерлердеги дараметин алсыратууга жетишилди" деп эсептейт.
Путин украин аскерлери Курскиде чоң жоготууларга туш болгонун, ал жакта «Батыштын өрттөнгөн техникасы жайнап жатканын” айтты.
18-декабрда The New York Times жана Associated Press агенттиктери Пентагондун жогорку даражалуу өкүлүнө таянып, Түндүк Кореянын армиясы Курск облусунда жүздөгөн аскерин жоготконун жазышкан.
Ага чейин украин Коргоо министрлигинин чалгын башкармалыгы Орусиянын армиясы тарапта согушкан кеминде 30 түндүк кореялык мерт болгонун же жараат алганын билдирген.
Айрым талдоочулардын айтымында, Орусия согушта 600 миңдей кишини жоготкон. Путин калк жактырбаган мобилизациядан качып, Пхеньяндан аскерлерди тарткан. Кээ бир маалыматтарга ылайык, алардын саны 11 миңден ашат.
Орусиянын Ростов облусу 19-декабрга караган түнү соккуга кабылды.
Түнү Украина тарап 30дан ашык дрон жана үч ракета менен сокку урганын облустун губернатору билдирди.
Губернатор Юрий Слюсардын маалыматына караганда, абадан коргонуу системасы Ростов-на-Дону, Батайск, Таганрог, Шахты, Каменск, Миллерово жана Новошахтинск шаарларына дрон жана ракета чабуулунун "мизин кайтарды".
"Алардын басымдуусу жок кылынды. Новошахтинскидеги мунай заводунда өрт чыкты. Өрт өчүрүү аракети уланууда", - деп жазды ал.
Жергиликтүү Телеграм-каналы түнү бою мунай заводун каптаган өрт тууралуу видеолорду жарыялап турду жана тургундар ондогон жарылуунун добушун укканын жазышты. Ал дрондорду бутага алган орусиялык зениттик ракеталардын добушу болушу мүмкүн экени айтылууда.
Губернатор Ростовдун жанында атып түшүрүлгөн дрон сыныгынан бир киши жабыркаганын билдирди. Украин тарап комментарий бере элек.
Түндүк Кореянын армиясы Орусиянын Курск облусунда жүздөгөн аскерлерин жоготту. Алар кармаштарда набыт болгон же оор жараат алышкан. Бул тууралуу The New York Times жана Associated Press агенттиктери Пентагондун жогорку даражалуу өкүлүнө таянып жазышты.
Анын айтуусуна караганда, "курман болгондордун арасында бардык рангдагы аскерлер бар". Мындай көп сандагы жоготууларды ал Пхеньян жиберген аскерлердин тажрыйбасы жоктугу менен түшүндүргөн.
"Бул кармаштардагы аскерлер даярдыктан өткөн эмес. Алар салгылаштарга буга чейин аралашпаган",- дейт ал.
Буга чейин Пентагондун өкүлү Пэт Райдер түндүк кореялык аскерлер Курск облусундагы салгылашууларда жоготууга учураганын билдирген. Алардын так саны маалымдалган эмес.
Түндүк кореялыктардын жоготуулары тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский да айткан.
"Алдын ала маалыматтарга караганда, орусиялыктар түндүк кореялык аскерлердин арасындагы жоготуулар тууралуу маалыматты жашырганга аракет кылып жатышат. Украинанын Коргонуу күчтөрү жана чалгын кызматы орус аскер бөлүктөрүнүн арасындагы реалдуу жоготуулар тууралуу толук маалыматты аныктап жатат. Алардын арасында түндүк кореялыктар да бар. Тилекке каршы алардан да коргонууга туура келип жатат",- деген Зеленский.
Түндүк кореялык аскерлерди Орусияда Курскидеги кармаштарга даярдап жатышканы тууралуу маалыматтар октябрь айынын соңунда чыккан.
Орусиянын Тергөө комитети жана Федералдык коопсуздук кызматы генерал Игорь Кирилловду жана анын жардамчысын өлтүрүүгө шектүү кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, ал 1985-жылкы Өзбекстандын жараны.
Коопсуздук кызматы ырастагандай, шектүү Украинанын атайын кызматтарына азгырылып бул ишке барган. Ага 100 миң доллар убада кылынганын Тергөө комитети кошумчалады.
Ушул эле мекеме тараткан маалыматка ылайык, шектүү генерал жашаган көп кабаттуу үйдүн кире беришинде токтоп турган чыгырыкка бомба койгон. Кийин ижарага машине алып, камера орнотуп, Кирилловдун артынан аңдыган.
Генерал көчөгө чыгып баратканда жардыруучу зат аралыктан иштетилгени маалымдалды.
Орусиянын өзөктүк куралдан коргонуу аскерлеринин командачысы, генерал Игорь Кириллов жана анын жардамчысы 17-декабрдын таңында өлтүрүлгөн.
Украинанын атайын кызматындагы булак операцияны украин коопсуздук мекемеси уюштурганын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтып берди.
Бул маалыматты көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес болгону менен буга чейин согуш ачууга катышкан орусиялык аткаминерлер менен армия өкүлдөрүнө кол салуунун артында Киев турганы бир нече жолу кабарланган.
Кириллов алардын арасында эң жогорку даражадагы аскер адамы болуп калды.
Анын алдыңкы күнү Украинанын Коопсуздук кызматы генералга сыртынан айып тагылганын билдирген. Маалыматка караганда, согуш башталгандан бери Кирилловдун тушунда Орусия беш миң жолу химиялык куралды, анын ичинде уулуу заттар менен дүрмөттөлгөн «К-1» гранаталарын колдонгону катталган. Аларды колдонууга 1993-жылкы эл аралык конвенция тыюу салат.
Британия, Канада жана Жаңы Зеландия генералдын Украинадагы химиялык курал колдонууга жана жалган маалымат таратууга тиешеси үчүн ага санкция салган. Ага чейин АКШ жана өнөктөштөрү Орусия украиналык аскрелерге каршы хлорпикрин деген химиялык затты колдонгон деген жыйынтыкка келишкен.
54 жаштагы генерал азыркы кызматка 2017-жылдын май айында дайындалган.