Украин Коргоо министрлигинин чалгын башкармалыгы Орусиянын армиясы тарапта согушкан кеминде 30 түндүк кореялык мерт болгонун же жараат алганын билдирди. Пхеньян Москвага жардамдаша баштагандан бери Киев алгачкы жолу мындай деталдуу маалымат таратты. 16-декабрдагы билдирүүгө караганда, түндүк кореялык бөлүктөр Мартыновка, Плехово жана Ворожба айылдарынын жанында “олуттуу жоготууларга” кабылды.
Украин редакциясынын “Схемы” долбоорунун колуна Украинанын куралдуу күчтөрүнөн Курск облусунда жакында каза болгон орусиялык аскерлер делген сүрөт, видеолор тийген. Редакция маалымдагандай, арасында түндүк кореялык аскерлер да бар.
Ал сүрөттөрдө талкаланган техниканын фонунда жаткан ондогон сөөктөр тартылган. Журналисттер материалды көз карандысыз тараптардан бышыктоо мүмкүн эместигин белгилешет.
Орусиянын Коргоо министрлиги бул тууралуу комментарий жасай элек.
14-декабрда украин президенти Владимир Зеленский Курскиде түндүк кореялыктар урушка көбүрөөк салынып жатканын айткан.
Түндүк Кореядан келген аскерлер менен украин куралдуу күчтөрүнүн биринчи салгылашуулары тууралуу 5-ноябрда Financial Times жана "Суспильне" басылмаларынын атайын кызматтардагы булактары билдиришкен.
Айрым аналитиктердин айтымында, Орусия согушта 600 миңдей кишини жоготкон. Орус президенти Владимир Путин калың эл жактырбаган мобилизациядан качып, Пхеньяндан аскерлерди тарткан. Кээ бир маалыматтарга ылайык, алардын саны 11 миңден ашат.
Украинанын куралдуу күчтөрү быйыл августта Орусиянын Круск облусуна кирип барып, ал жерде операция баштаган. Киев анын максаты өз аймактарын коргоо экенин айтууда.
Орусия менен Украинанын бийликтери өтүп бара жаткан аптадагы адам өлүмүнө алып келген жардыруулар үчүн бири-бирин айыптап чыкты.
14-декабрда полиция Днепр шаарынын борборунда болгон жардырууга шек санап, бир адамды кармаган. Жардыруунун натыйжасында бир киши өлүп, төрт адам жаракат алган. Экөө полиция кызматкери, алардын абалы оор деп айтылууда. Бийликтин маалыматына караганда, жардырууга шек саналып 37 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды, ал жардырууну Орусиянын чалгын кызматынын буйругу менен жасаган деп шектелүүдө.
Шектүү украин коопсуздук кызматы менен полициянын биргелешкен операциясынын жыйынтыгында бир нече сааттан кийин кармалды.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы 15-декабрда орустар ээлеп алган Донецк облусунда 9-декабрда болгон жардырууга шектүү адам кармалганын маалымдады. Ага ылайык, жардыруудан түрмөнүн мурдагы кызматкери мерт кеткен, анын жубайы жаракат алган. Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары шектүү жергиликтүү тургун экенин жазышты.
Орусиянын коопсуздук кызматы шектүү жардыргыч затты автоунаанын алдына коюп, аралыктан жардырганын, ал Украинанын чалгын кызматынын буйругу менен аракеттенгенин билдирүүдө.
Социалдык тармактарда Toyota Land Cruiser машинасын жардыруудан Оленовкадагы колониянын жетекчиси Сергей Евсюков каза тапканы жазылган.
Жекшембиге караган түндө Орусия Украина тарапка жүздөн ашуун дрон жана ракеталар менен чабуул койгонун украин куралдуу күчтөрү кабарлады. Анын ичинен 56 дрон атып түшүрүлүп, 49у кыйратылган. Үчөө Орусияга кайтып кетишкен.
Дрондордун кулашынан Украинанын бир катар аймактарында инфратүзүмдөр, көп кабаттуу жана жер үйлөр, автоунаалар жабыркаган.
Жекшембинин таңында Николаев аймагына жасалган чабуулдан инфратүзүм обьектилери жабыркады. Облус башчысы Виталий Кимдин маалыматына караганда, эки адам жаракат алды.
Днепропетровск облусунда учкучсуз учактардын соккусунан эки үй кыйрап, автоунаа, газ түтүгү жана электр зымдары үзүлгөнүн облустук админстрация башчысы Сергей Лысак Телеграм каналына жазды.
Орусия Украинага 2022-жылы февралда кол салган. Ошондон бери жай тургундар жана инфратүзүмдөр бутага алынып келет. Москва муну моюнуна албайт.
Украинадагы Орлов облусунун губернатору Андрей Клычковдун билдиришинче, ишембиге караган түнү Орусиянын дрон чабуулунан кийин мунай базасында өрт чыкты.
Социалдык тармактарга тараган видеолордон катуу жарылуу болгонун көрүп, угууга болот. Жергиликтүү тургундар бир нече жарылуу болгонун жазып жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда жабыркагандар жок.
Орусия 13-декабрда түндө жана таңга маал Украинанын энергетикалык түзүмдөрү бутага алып, чабуул жасады. Украин президенти Владимир Зеленский 90дон ашык ракета жана 200дөй дрон учурулганын, ракеталардын басымдуу бөлүгү атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) билдиришинче, тогуз АЭСтин бешөөнүн кубаттуулугу басаңдап, үчөө кайра калыбына келди.
Киев баштаган айрым шаарларда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады.
Орусия бул чабуулдар тууралуу комментарий берген жок.