Орусия Украинага согуш ачкандан бери фронтто 83 миңден көп орусиялык аскер набыт болду. Алардын тек-жайын Би-би-Синин орус кызматы жана "Медиазона" басылмасы ачык булактардагы маалыматтарга таянып аныктады.
Орусия аймактарынын ичинен жоготуулардын саны боюнча Башкырстан алдыда. Аймактан 3487 адам согушта өлгөн. Журналисттер чыныгы сандар мындан жогору болушу мүмкүн экенин эскертишет.
Республиканын согушта набыт болгон тургундарынын 37% Украинага өз ыктыяры менен аскердик келишим аркылуу кетишкен. 18% түрмөлөрдөн азгырылса, 14% мобилизацияга туш болгон.
8-декабрда Украинанын президенти Владимир Зеленский үч жылга аяк баскан согушта 198 миң орусиялык аскер өлүп, 550 миңдейи жараат алганын билдирген.
Кошмо Штаттардын коргоо министри Ллойд Остин 7-декабрда Орусия бул согушта 700 миңден ашуун аскеринен айрылганын билдирген. Бул сандын ичине мерт болгондор жана жараат алгандар да кирет.
Быйыл октябрь айында Орусиянын жоготуулары күнүнө 1500ге жетип турганын Британиянын Коргоо министрлиги маалымдаган.
Расмий Москва согуштагы жоготуулары тууралуу маалымат бербейт. Ал эми "Азаттык" жакында эле Би-би-Си жана "Медиазонанын" жардамы менен Украинадагы согушта Орусия тарапта салгылашып жүрүп 51 теги кыргызстандык каза болгонун аныктаган. Бул сан андан бери 53кө жетти.
Кошмо Штаттар Украинага 500 миллион долларлык жаңы аскердик жардам бөлөт. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирди.
Маалыматка караганда, анын ичине HIMARS зениттик-ракеталык комплекси үчүн ок-дарылар, Javelin танктарга каршы системасы, дрондор, учкучсуз аппараттарга каршы каражаттар, биологиялык, радиологиялык, химиялык куралдан сактануу каражаттары кирет.
Декабрдын башында Кошмо Штаттар Киевге 725 миллион долларлык аскердик жардам бөлгөн. Анда Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Вашингтон январь айынын ортосуна чейин Украинага "жүз миңдеген артиллерия жана миңдеген кошумча ракета жөнөтөрүн" айткан.
АКШ президенти Жо Байден Конгресс Украинага бөлгөн каражаттын баарын кызматтагы мөөнөтү аяктагыча Киевге берип үлгүрүүнү убада кылган. Азыркы күндө бул сумма 7,1 миллиард долларды түзөт.
Кошмо Штаттардын шайланган президенти Дональд Трамп Украинада согушту токтотуп, сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырып келет.
Ал арада Орусиянын армиясы Украинанын энергожайларына абадан жапырт сокку урууну улантууда.
Орусиянын армиясы Украинанын аймагына абадан жапырт сокку урду. Коркунуч тууралуу эскертүү үндөрү бардык облустарда жаңырды. Украин армиясынын Аба күчтөрү билдиргендей, чабуул дрон, ракета, анын ичинде үндүн ылдамдыгынан тез учкан “Кинжал” ракетасы менен жасалган. Киев, Одесса, Львов, Черкасс, Хмельницк, Харьков жанс башка облустарда жарылуулар болгону кабарланды.
Украинанын энергетика министри Герман Галущенко орус армиясынын жапырт чабуулуна энергообъектилер дуушар болгонун билдирди.
"Энергетиктер энергосистемага жасалган соккулардын кесепеттерин минималдаштыруу үчүн колдон келген аракетин көрүүдө”, - деп жазды ал Фейсбуктагы баракчасына.
Киев жана Тернополь облустарында электр жарыгы өчүрүлдү. Жапырт аба чабуулдан улам Польша аба бомбалоочу учактарын көтөрүп, абадан коргонуу системаларынын даярдыгын күчөттү.
Орусиянын аскерлери бейшемби күнү эртең менен Украинанын Херсон шаарына чабуул койгондо бир киши каза болгонун облус администрациясынын башчысы Александр Прокудин билдирди. Бул тууралуу "Азаттыктын" украин кызматы жазды.
«Эртеден бери орусиялыктар Херсонго учкучсуз учактар менен сокку уруп келатышат. Днепр районунда 67 жаштагы киши алган жарааттарынан көз жумду», - деп жазды Прокудин Телеграм-каналына.
Жергиликтүү бийлик шаршембиден бейшембинин таңына чейин алты киши жабыркаганын, орус армиясы 29 айыл-кыштакка, облус борборуна сокку урганын маалымдады.
Ал эми Запорожьеде Орусиянын ракета соккусунан набыт болгондор 11 кишиге жетти. Аймактык бийлик бейшембиде 10-декабрдагы аткылоодон кийин ураган үйдүн астынан дагы бир аялдын сөөгү табылганын маалымдады.
10-декабрда жергиликтүү саат 15:00 чамасында Орусиянын куралдуу күчтөрү Запорожьенин борборуна ракетадан сокку урган. Башкы прокуратура менчик клиниканын имараты жана жанындагы кафе талкаланганын, бир нече турак жай, машиналар зыян тартканын билдирген.
Шаршембиде Запорожьеде аза күтүү жарыяланган.
6-декабрда Запорожьеге коюлган чабуулдан он киши набыт болгон, 26сы жабыркаган. Алардын арасында үч бала, бирөө төрт айлык ымыркай экени кабарланган.
Орусиянын Коргоо министрлиги 10-декабрдагы соккуну комментарийлеген жок. Далилдерге карабай, Москва Украинанын жарандык жайларын бутага алганын танып келет.