Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Украина аркылуу Орусиянын газын ташуу токтоду

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

22:34 11.12.2024

Запорожьеде орус армиясынын 10-декабрдагы соккусунан каза тапкандардын саны тогуз кишиге жетти. Облустук администрациянын башчысы Иван Федоровдун айтымында, “дарыгерлердин аракеттерине карабай 74 жаштагы киши ооруканада көз жумду”. 21 киши, арасында бир бала жана эки дарыгер жарадар болгон.

Фёдоров аткылоонун сүрөтүн жайгаштырып, сокку “Искандер” комплексинин ракетасы менен урулганын билдирди.

Украинанын Чукул кырдаалдар кызматы урандылардын арасынан аман калгандарды таап, куткаруу иштерин жүргүзгөнүн маалымдаган.

10-декабрда жергиликтүү саат 15:00 чамасында Орусиянын куралдуу күчтөрү Запорожьенин борборуна ракетадан сокку урган. Башкы прокуратура менчик клиниканын имараты жана жанындагы кафе талкаланганын, бир нече турак жай, машиналар зыян тартканын билдирген.

Шаршембиде Запорожьеде аза күтүү жарыяланган.

Өз кезегинде Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик Запорожье АЭСине кеткен жолго дрон менен сокку урулганда уюмдун машинасы жабыркаганын маалымдады. Мекеменин жетекчиси Рафаэл Гросси чабуулду согуш учурунда өзөктүк апааттын алдын алууга аракеттенген кызматкерлерге кол салуу катары айыптады. Учкучсуз учакты кайсы тарап учурганы айтылган жок.

6-декабрда Запорожьеге коюлган чабуулдан он киши набыт болгон, 26сы жабыркаган. Алардын арасында үч бала, бирөө төрт айлык ымыркай экени кабарланган.

Орусиянын Коргоо министрлиги 10-декабрдагы соккуну комментарийлеген жок. Далилдерге карабай, Москва Украинанын жарандык жайларын бутага алганын танып келет.

21:27 11.12.2024
Украинанын Запорожье облусуна, Орусиянын Таганрог шаарына чабуул болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:44 0:00

11:42 11.12.2024

Орусиянын Брянск облусунда жарылуулар болгону кабарланды

Орусиянын Брянск аймагында жарылуулардын үнү угулду. Бул тууралуу 10-декабрдын кечинде жана 11-декабрдын таңында жергиликтүү Телеграмм-каналдар билдиришти.

Baza каналы жергиликтүү тургундарга таянып, Брянск облусундагы бир катар жарылуулар жана «чоң өрт» тууралуу маалымдады. Башка аймактык каналдар жарылуулар Брянск шаарында болгонун билдиришти.

Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз аймактын үстүнөн 10 дрон жок кылынганын маалымдады. Анын айтымында, жабыркагандар жок, окуя болгон жерде тез аракеттенүүчү жана өзгөчө кырдаалдар кызматтары иштеп жатат. Бирок губернатор зыяндын так жайгашкан жерин жана анын өлчөмүн тактаган жок.

Белгилей кетсек, Брянск шаарында мунай базасы жайгашкан.

Украинанын командачылыгы бул окуя боюнча азырынча комментарий бере элек.

10-декабрда кечинде губернатор Богомаз регионго дрон менен кол салуу аракети болгонун, бирок аны Орусиянын Коргоо министрлигинин абадан коргонуу күчтөрү жок кылганын билдирген.

2024-жылдын башынан тарта украиналык дрондор Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдорго (НПЗ) жана мунай инфраструктурасына бир нече жолу чабуул жасашкан. Бул чабуулдардын айынан айрым ишканалардын мунайды баштапкы иштетүүчү жабдуулары бузулган. Бирок, апрелде Орусия негизги мунай иштетүүчү заводдордун өндүрүштүк кубаттуулугун жарым-жартылай калыбына келтирген.

2024-жылдын башынан бери украиналык күчтөр Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жана инфраструктурасына кеминде 64 жолу чабуул жасашканы маалымдалган.

11:37 11.12.2024

Запорожьеге жасалган чабуулдун курмандыктары өстү

Украинанын Запорожье шаарына жасалган орусиялык ракеталык чабуулдун курмандыктарынын саны алты адамга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызмат өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Буга чейин төрт адам каза болуп, 21 адам жаракат алганы маалымдалган.

«Учурда Запорожьеге жасалган чабуулдун натыйжасында алты адам каза болгондугу, 22 адам жаракат алганы белгилүү. Куткаруу жана авариялык иштер уланууда», – деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле тез жардам кызматкерлери эки аялды кароодон өткөрүп, медициналык бөлүмгө жеткиришти.

10-декабрда орусиялык күчтөр Запорожьеге сокку урган.

Орусиялык аскерлер украиналык аймактарды үзгүлтүксүз түрдө ар кандай куралдар менен — чабуул коюучу дрондор, ракеталар, КАБдар жана РСЗО системалары менен аткылоону улантууда.

Орусиянын жетекчилиги согуш учурунда армия украиналык шаарлардын жана айылдардын жарандык инфраструктурасына атайын сокку уруп, жайкын тургундарды өлтүрүп, оорукана, мектеп, бала бакча, энергетикалык жана суу камсыздоо объекттерин талкалап жатат деген айыптоолорду четке кагууда.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул чабуулдарды Орусиянын согуштук кылмыштары катары мүнөздөшүп, алардын атайын мүнөзгө ээ экендигин баса белгилешет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG