АКШ Украинага Орусиянын активдеринен 20 миллиард доллар кредит бөлдү
АКШнын Каржы министрлиги Украинага 20 миллиард долларлык кредит бөлүнгөнүн жарыялады. Бул каражат тоңдурулган орусиялык активдердин кирешеси аркылуу жабылат.
АКШнын каржы министри Жанет Йеллен бул каражаттар Украинанын Орусиянын агрессиясына каршы коргонуусуна маанилүү колдоо көрсөтөрүн баса белгиледи.
Бул кредит июнь айында "Чоң жетилик" өлкөлөрүнүн саммитинде макулдашылган 50 миллиард долларлык жалпы сумманын бир бөлүгү болуп саналат. Буга чейин Еврокеңеш Орусиянын тоңдурулган активдеринин кирешесинен каржыланган 35 миллиард евролук кредитти бекиткен.
Орусия Украинага каршы согуш баштагандан кийин Батыш өлкөлөрү Орусиянын суверендүү активдеринен 300 миллиард доллардан ашуун сумманы тоңдурган. Анын көбү Европа өлкөлөрүндө сакталууда.
Өткөн жылы Европада тоңдурулган орусиялык активдерди пайдалануунун натыйжасында 3 миллиард доллар киреше алынган. 2024-жылдын башында Евробиримдик бул кирешени Украинага бөлүп берүү процессин баштаган.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Орусиянын активдерин Украинага каржылык жардам катары пайдаланууга катуу каршы экенин бир нече жолу билдирген. Ошондой эле бул процесске катышкан тараптарга каршы мыйзамдуу доо арыздарын даярдоо пландары бар экенин эскерткен.
Зеленский жаңы ракета ийгиликтүү сыноодон өткөнүн билдирди
Украинада "Рута" деп аталган жаңы ракета ийгиликтүү сыноодон өттү. Бул тууралуу Украина президенти Владимир Зеленский Киевде өткөн Борис Патон атындагы улуттук сыйлыктын тапшыруу аземинде айтты.
Президент ракетанын техникалык өзгөчөлүктөрү тууралуу кененирээк маалымат берген жок.
"Украинская правда" басылмасынын маалыматына ылайык, Зеленский 2024-жылдын августунда согуш талаасында биринчи жолу колдонулган алыскы аралыктагы "Паляница" ракета-дрону сериялык өндүрүшкө киргизилгенин да маалымдады.
Ал ошондой эле жакында украиналык коргоо күчтөрүнө "Пекло" ракета-дронунун алгачкы партиясы берилгенин белгиледи. Президенттин айтымында, бул ракета-дрондун биринчи согуштук колдонулушу ийгиликтүү өткөн.
Зеленский "Нептун" аттуу алыскы аралыктагы ракетаны "оккупанттар үчүн үрөй учурган чындык" деп атап, жакын арада ал аскердик күчтөргө тапшырылары күтүлүп жатканын кошумчалады.
Ал белгилегендей, Орусия менен болгон согушта Украинада иштелип чыккан жана өндүрүлгөн ар кандай дрондор активдүү колдонулуп жатат. Алар фронтто гана эмес, "душмандын тылында" да натыйжалуу пайдаланылууда деп билдирген Зеленский.
АКШнын президенти Дональд Трамп NBC телеканалына берген кеңири интервьюсунда Украинадагы согушка чекит коюунун үстүнөн “жигердүү иштеп жатканын”, аны “колунан келсе” токтоторун белгиледи. Ал кызматка киришкенден кийин Киев Жо Байдендин администрациясы тушундагыдай көлөмдөгү жардам албай калышы ыктымал деп кошумчалады.
Жекшембиде Трамп украин президенти Владимир Зеленский менен кездешүүдөн кийин Орусияны жана Украинаны тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө чакырып, тараптар согушта жүз миңдеген киши жоготконун айткан.
Шайлоо кампаниясы учурунда Трамп урушту «24 саттын ичинде», 20-январдагы инаугурацияга чейин токтоторуна убада кылган. Бирок кандай жол менен экенин ачыктаган эмес.
Ал АКШ НАТОдон чыгышы мүмкүн деген сценарийди жокко чыгарбасын, өнөктөштөр альянсты жетиштүү деңгээлде каржыласа, өлкө кала берерин белгиледи.
Трамп биринчи президенттик мөөнөтү учурунда өнөктөштөрүн коргонуу чыгымдарын көбөйтүүгө чакырып келген.
Орусия Украинага басып киргенден бери 43 миң украин аскери набыт болду. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский билдирди. Ал 8-декабрда Телеграм-каналына жазган билдирүүсүндө 370 миң адам жаракат алганын да жазды. Анын айтымында, жаракат алгандардын жарымы дарылангандан кийин аскердик кызматын уланткан. Орусия согушта дээрлик 200 миң аскерин жоготуп, 550 миң аскери жарадар болду.
Орус тарап жоготуулары боюнча расмий маалымат бербей келет.
Зеленскийдин айтымында, Украина тынчтыкты каалайт, бирок ага "бир нече кагазга кол коюу менен жетүү мүмкүн эмес".