7-декабрда Парижде АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп, Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Франциянын лидери Эммануэл Макрон жолугушту.
Лидерлердин сүйлөшүүсү 35 мүнөткө жакын созулуп, андан соң президенттер беш жылдан кийин кайра ачылган Нотр-Дам соборундагы (Notre-Dame de Paris) салтанатка катышканы кетишти.
Зеленский жолугушуудан кийин социалдык медиадагы расмий платформаларына жолугушуу жемиштүү өткөнүн жазды. "Элибиздин абалы, майдандагы кырдаал, Украинага адилеттик жол менен тынчтык орнотууну сүйлөштүк. Баарыбыз тең бул согушту болушунча тезирээк жана калыстык менен аяктоону каалайбыз", — жазды.
Трамп ноябрдагы шайлоодо жеңип чыккандан кийин биринчи жолу чет өлкөгө сапарга чыкты. Шайлоо өнөктүгү маалында Украинанын президентин жана АКШнын Киевге берген аскердик жардамын кескин сындап, согушту тез арада токтотуунун планы бардыгын билдирген.
Трамп АКШнын улуттук коопсуздук мекемесинин мурунку башчысы, генерал Кит Келлог Украина жана Орусия боюнча атайын өкүл болуп дайындаларын жарыялаган.
Быйыл июнда Келлог Москваны жана Киевди сүйлөшүүгө мажбурлоонун планы бардыгын айтып, Украина андан баш тартса берилчү аскердик жардамды кыскартууну, эгер Москва макул болбосо украиндерге жардамды көбөйтүүнү сунуш кылган.
Планда сүйлөшүү башталганда жаатташкан эки тарап тең ок атууну токтотуп, майданда ким кайсы жерде турса ошол тилкеде калары каралган. Трамп анын согушту токтотуу планы Келлогдун сунушу менен үндөшпү же жокпу айткан эмес.
Украина буга чейин орус армиясы өлкө аймагынан толук чыгып кетмейинче кандайдыр бир сүйлөшүү болорун четке каккан. Жакындан бери Зеленский эки тарап тең жаңжалды азыркы абалында токтотуп, ал эми орус күчтөрү ээлеп алган аймактарын Киев дипломатиялык жол менен кайтарып алары тууралуу сөз кыла баштады.
Жума күнү кечинде орусиялык күчтөр Украинанын Запорожье аймагына сокку урганын облустун башчысы Иван Федоров билдирди. Соңку маалымат боюнча он киши набыт болуп, дагы 17 киши жараат алган. Алардын арасында эки бала болгону аныкталган.
Соккунун кесепетинен унаа оңдоочу жай өрттөнүп, турак үйлөр жана дүкөндөр жабыркаган.
Ошондой эле Кривой Рог дагы аткылоого кабылып, жыйынтыгында эки киши каза болуп, 16 адам жараат алганын Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматы кабарлады. Мындан тышкары урандыастында бир киши калып кеткен болушу мүмкүн экени айтылды. Мекеменин билдиришинче, үч кабаттуу имарат урап, турак үйлөр жана автоунаалар зыян тарткан.
Орусия Украинанын шаарлары менен айылдарынын жарандык инфраструктурасын бутага алып, ооруканаларды, мектептерди, бала бакчаларды, энергетика жана суу менен камсыздоо объектилерин кыйратканын четке кагып келет.
Украинанын Днепрорудное шаарынын башчысы Евгений Матвеев Орусияда туткунда кармалып турган маалда кыйноолордон көз жумду. Бул тууралуу Запорожье облусунун аскердик администрациясынын жетекчиси Иван Федоров билдирди. Ал 4-декабрда Телеграмга жарыялаган билдирүүсүндө Матвеевдин сөөгү жакында эле Орусия менен Украинанын ортосунда туткундарды алмашуу жараянынын алкагында кайтарылганын жазды. Орус армиясы Днепрорудное шаарын 2022-жылдын февралында Украинага бастырып киргенден көп өтпөй ээлеп алган. Матвеев туткунга ошол жылдын март айында түшкөн.
"Ал баскынчылардын туткунунда эки жыл сегиз ай отуруп, өлгүчө кыйноого алынган. Соңку айырбаштоо учурунда анын сөөгү Украинага кайтарылды", - деди Федоров.
Өткөн айда эки өлкө ортосундагы туткундарды айырбаштоо жараянынын алкагында Украина Орусиядан 502 аскердин жана карапайым тургундун сөөгүн кайтарган. Алардын 17си өлүкканалардан табылган.
Орусиянын расмий бийлигинин өкүлдөрү Матвеевдин өлүмү тууралуу билдирүүлөргө комментарий берген жок.
2023-жылдын октябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Украинадагы кырдаалды иликтеген комиссиясы Орусия "согуш кылмыштарын жана адам укуктарын олуттуу бузууну улантып" жатканын аныктаган. Анын ичинде "орус бийлиги жабык жайларда кыйноолорду такай колдонуп келгени" белгиленген.
Согуш башталганы Орусия тараптан Украинанын дарегине да согуш кылмыштарына байланыштуу айыптоо айтылып келет. Бирок мындай айыптар Орусияга салыштырмалуу аз айтылат.
Орус армиясы 3-декабрга караган Тернополь шаарына “Шахед” дрондору менен сокку урду. Аппараттардын бири электр түйүнгө тийип, калаанын жарымынан көбү жарыксыз калганын жергиликтүү бийлик билдирди.
Шаар мэри Сергей Надалдын айтымында, учурда тиешелүү кызматтар жарыкты калыбына келтирүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Ошол эле учурда ал тургундарды таза суу камдап алууга чакырды.
Орус армиясы 2-декабрга караган түнү да Тернополго сокку урган. Дрондордун бири беш кабат үйгө тийген. Бир кишинин өмүрү кыйылып, үч адам жараат алды.
Жалпысынан 3-декабрга караган түнү орус күчтөрү Украинага 28 "Шахед" жана башка дрондор менен сокку урганы маалым болду. Бул тууралуу Украин армиясынын Абадан коргонуу күчтөрү билдирди. Чернигов, Хмельницк, Житомир, Одесса, Николаевск, Днепропетровск облустарында дрондордун баары абадан атып түшүрүлдү.
Ал арада Кошмо Штаттар Украинага 725 миллион долларлык кошумча жардам бөлдү. Бул тууралуу Ак үй 2-декабрда билдирди. АКШ президенти Жо Байден Конгресс Украинага бөлгөн каражатты президенттик мөөнөтү 20-январда аяктаганча толук берүүнү убада кылган.
2-декабрда Киевге күтүүсүз барган Германиянын канцлери Олаф Шольц Украинага ушул айда эле 650 миллион евролук жаңы курал-жабдык жеткирүүгө сөз берген.
"Германия 28 миллиард евролук жардам берүү менен АКШдан кийинки эле Украинанын экинчи ири аскердик демөөрчүсү. Абадан коргонууга жардам берүү биз үчүн негизги орунда", -деди Германиянын канцлери Олаф Шольц.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул кошумча жардамдар фронттогу кырдаалды өзгөртпөстүгүн билдирди.