Түндө Орусия Украинага 110дой дрон учурду
2-декабрга караган түнү Орусия Украинага Shahed тибиндеги 110 сокку уруучу учкучсуз аппарат жана башка типтеги дрондор менен чабуул жасаганын Украинанын Куралдуу күчтөрү билдирди.
"8:30га карата Киев, Черкассы, Чернигов, Винница, Хмельницкий, Житомир, Сумы, Полтава, Харьков жана Днепропетровск облустарында душмандын 52 учкучсуз учуучу аппаратынын жок кылынганы тастыкталды. Мындан тышкары, 50 дрон радиоэлектрондук күрөш (РЭБ) каражаттарынын таасиринен улам локациядан жоголгон деп болжолдонууда. Ал эми алтоо абадан көзөмөлдөн чыккандан кийин Орусия жана Беларус багытына чыгып кеткен, дагы бирөө абада жок кылынган. Согуштук аракеттер уланууда", – деп жазылат билдирүүдө.
Аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, учкучсуз аппараттар Орусиянын Курск, Орел, Миллерово жана Приморско-Ахтарск багыттарынан учурулган.
Тернополь шаарында түнкү соккудан улам бир адам каза болуп, үчөө жаракат алды деп 2-декабрда Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди.
Орусиялык аскерлер ар кандай курал түрлөрү – сокку уруучу дрондор, ракеталар, бомба таштоочу түзүлүштөр (КАБ), ракеталык системалар (РСЗО) аркылуу Украина аймактарына үзгүлтүксүз чабуул жасоодо.
Орусиянын жетекчилиги армиясы толук масштабдуу согушта Украина шаарлары менен айылдарынын жарандык инфраструктурасына атайын сокку уруп, жай тургундарды набыт кылып, оорукана, мектеп, бала бакча, энергетика жана суу менен камсыздоо объектилерин жок кылып жатканын четке кагып келет.
Украинанын бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын согуштук кылмыштары деп баалап, алар атайын максаттуу мүнөздө жүргүзүлүп жатканын белгилеп келет.
БУУ октябрь айынын аягындагы маалыматында Орусиянын толук масштабдуу баскынчылыгы башталгандан бери Украинада 12 162 жай тургун каза болуп, 26 919 киши жаракат алганын тастыктаган. Ошол эле учурда уюмдун билдирүүсүндө, чыныгы сандар алда канча көп болушу мүмкүн экени баса белгиленген.
Германия канцлери Шольц Киевге күтүлбөгөн визит менен барды
DPA агенттиги билдиргендей, дүйшөмбү күнү Германиянын канцлери Олаф Шольц күтүлбөгөн визит менен Киевге келди.
Шольц Киевде Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
"Президент Зеленский менен жолугушуумда декабрда жеткирилүүчү 650 млн евролук кошумча куралдануу боюнча жарыялаймын", - деп жазды канцлер социалдык тармактагы X баракчасына.
Акыркы жолу Шольц Украинанын борбору Киевге 2022-жылдын жайында, Орусиянын толук масштабдуу баскынчылык согушу башталгандан кийинки биринчи визитинде барган.
Германия өкмөтүнүн маалыматы боюнча, Украинага аскердик жардам үчүн 2022-жылы 1,6 миллиард евро, 2023-жылы 5 миллиард евро бөлүнгөн. Мындан тышкары 2025-2028-жылдарга жардам катары дагы 2,9 миллиард евро каралган.
Украин бийлиги 1-декабрга караган түнү Орусия Киевге жана анын энергетика тармагына дрондор менен сокку урганын билдирди.
Украинанын абадан коргонуу күчтөрү онго жакын учкучсуз учактарды атып түшүргөнү маалымдалды.
Бир жуманын ичинде орус күчтөрү 120 жолу ракеталык жана 500 авиа бомба менен чабуул жасашты. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский кезектеги кечки кайрылуусунда билдирди. Анын айтымында, Орусия тараптан Украинанын аймагына 660 дрон учурулган.
Зеленский жекшембиге караган түнү 30дан ашуун учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн кошумчалады.
Орус аскерлери Украинанын аймактарын дрон, ракеталар менен аткылап келет.
Орусия Украинанын шаарлары менен айылдарынын жарандык инфраструктурасын бутага алып, ооруканаларды, мектептерди, бала бакчаларды, энергетика жана суу менен камсыздоо объектилерин кыйратканын четке кагып келет.
1-декабрга караган түнү Орусиянын ракеталык чабуулунан Украинанын Днепропетров облусунда төрт киши каза болду. Херсон шаарында орусиялык учкучсуз учактардын чабуулунан кеминде үч киши каза болуп, сегизи жарадар болду.
Украинанын аба күчтөрү түн ичинде Орусия 78 дрон учурганын жана алардын 32си атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Орусиянын ракеталык чабуулунан Украинанын Днепропетров облусунда төрт киши каза болду. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский билдирди.
Ал өзүнүн билдирүүсүндө облуста ракеталык чабуулдан кийинки куткаруу операциясы уланып жатканын жазган. Царичанка кыштагындагы жарандык курулуш, турак үй, дүкөн зыян тарткан. Мурдараак облустун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак чабуулдан кийин үч жерде өрт чыкканын, дүкөн, көп кабаттуу жана жеке турак жай күйүп кеткенин маалымдаган.
Лысак Телеграмм-каналга жазганына караганда, сегиз тургун оор абалда. Алардын ички органдары жабыркаганы, сыныктан жаракат алганы кабарланды. Жалпысынан 21 киши жараат алган. Арасында 11 жаштагы бала бар, анын абалы оор.
Мындан сырткары Орусиянын армиясы Донецк облусунун Мирноград шаарын артиллериядан аткылаган. Эки киши каза болуп, үчөө жараат алды. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Вадим Филашкин билдирди. Мындан жеке турак жай, имарат, кафе жана автоунаа зыян тарткан. Филашкин жергиликтүү тургундарды коопсуз жайга чыгууга чакырды.
Маалыматтарга караганда, өткөн суткада орус армиясы Донецк облусунун калктуу конушун тогуз жолу аткылады.
Орусия Украинадагы соккулар тууралуу комментарий бере элек.