Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:58
Чернигов аймагы.
Чернигов аймагы.

Украина Орусиянын жүздөн ашуун дрон чабуулуна кабылды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

21:11 29.11.2024

Би-Би-Синин орус кызматы, "Медиазона" басылмасынын журналисттери жана ыктыярчылар тобу ачык булактарга таянып, Орусия Украинага басып киргенден бери 29-ноябрга чейин орусиялык 80 973 аскер каза болгонун аныкташты. Эки жума мурун алар набыт болгон 78 329 аскердин ысымдарын такташкан.

Журналисттер каза болгондордун жарымынан көбү армияда кызмат өтөчү эмес, согуш башталгандан кийин Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн деген бүтүмгө келди.

Өз ыктыяры менен урушка кеткендер арасындагы жоготуулар кескин өсүп жатканы байкалган.

Муну менен катар журналисттер согуш башталгандан бери армияны толуктаган жана майданда каза тапкандардын реалдуу саны мындан жогору болушу мүмкүн экенин белгилешет. Алар набыт болгондордун 28% фронтко кандай жол менен тартылганын тактай алган эмес.

"Ошол эле маалда түрмөлөрдөн жалдап алынгандардын үлүшү азаюуда. Былтыркы ноябрда аларга жоготуулардын 26% туура келсе, азыр 18% болуп калды", - деп айтылат маалыматта.

Жоготууларды жан башына алып эсептегенде алдынкы сапта Тыва, Бурятия жана Алтай турат. Эң ылдый жакта Москва менен Санкт-Петербург жайгашкан.

Иликтөөчүлөр каза тапкандардын статистикасын жүргүзгөндө ачык булактарга, атап айтканда маалымат каражаттарга, жергиликтүү администрациялардын билдирүүлөрүнө, маркумдардын соцтармактардагы постторуна жана көрүстөндөрдөн алынган маалыматтарга таянышат.

Москва жана Киев согуштагы жоготууларын ачыкка чыгарышпайт. Адатта согушкандар каршы тараптын жоготууларын көбөйтүп, өзүнүкүн азайтышат.

19:18 29.11.2024

Орус аскерлери 2022-жылдын жазында Беларустун Наровля шаарында фильтрациялык лагерь ачып, украиналык туткундарды кыйноого алып турган.

Мындай тыянакка «Азаттыктын» украин кызматынын "Схемы" долбоору менен радионун беларус редакциясы келишти.

Журналисттер спутниктен тартылган сүрөттөрдү, пропагандачылардын видеолорун, ал жакта отуруп чыккан туткундардан, хакерлерден алынган маалыматтарды талдап чыгышкан.

Иликтөөдө айтылгандай, "Припятский альянс" деген ишкананын аймагында орун алган фильтрациялык пунктта украин аскерлери менен катар карапайым жарандар да кармалчу. Сүрөттөргө шилтеме менен журналисттер орус аскерлери ал жакта бери дегенде 2022-жылдын май айына чейин жайгашкан болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келишти.

Алсак, иликтөөчүлөр сөзгө тарткан украиналык жоокер Богдан Лысенко Наровлядагы лагерде ур-токмокко кабылганын, "сабалган кишилердин кыйкырыгы күнүгө угулуп турганын" айтып берди.

Журналисттер ал жерге жүздөгөн жайкын тургундар алынып барган болушу мүмкүн деп жазышат.

Иликтөөдө белгиленгендей, лагерди беларус бийлигисиз ачуу мүмкүн эмес болчу, ал эми орус аскерлеринин иш-аракеттерин Женева конвенциясын бузуу деп сыпаттаса болот.

Журналисттер Беларустун авторитардык жетекчиси Александр Лукашенконун басма сөз катчысына кайрылышкан, бирок иликтөө жарыяланып жаткан чакта ал комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген эмес.

Орусия Украинага кол салардын алдында Беларуста машыгуу деген шылтоо менен куралдуу күчтөрүн жайгаштырган. 2022-жылдын февралында алар Украина менен чек араны бузуп өтүп, Киев жана Гостомел тарапка жылган. Беларус аймагынан украин шаар-кыштактары аткыланган. Беларус аскерлери ал операцияга катышкан эмес.

Лукашенко Москванын аракетин колдогону менен өлкөнүн армиясы Украина Беларуска кол салса гана согушка катышарын айткан.

16:55 29.11.2024

29-ноябрга караган түнү орус армиясы Украинаны пилотсуз учактар менен аткылаганда Одесса облусунда жети киши жарадар болду. Бул тууралуу аймактын аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер маалымдады.

Анын айтымында, жараат алган төрт киши ооруканага жаткырылды, бир аялдын абалы оор, үчөөнө жеринде жардам көргөзүлдү. Соккудан облуста 13 турак жайга, чарбалык курулуштарга, газ түтүгүнө жана автомашинага зыян келтирилди.

Украинанын башкы прокурорунун кеңсеси Одессанын порт жана транспорт инфраструктурасы бутага алынганын билдирди. Буга байланыштуу согуш мыйзамдарын жана салттарын бузуу фактысы боюнча иликтөө башталды.

Жумага оогон түнү Киевге да сокку урулду. Мамлекеттик чукул кырдаалдар кызматы маалымдагандай, Днепр районундагы балдар бейтапканасынын кире бериши жарым- жартылай урап, терезелери күбүлүп түштү. Жараат алган кароолчу ооруканага жеткирилди.

Киевдин аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко ошол эле райондо көп кабаттуу үч үй зыян тартканын, бир киши жабыркаганын жазды.

Украинанын Аба күчтөрү 29-ноябрга караган түнү Орусия 132 дрон менен чабуул койгонун билдирди. Жергиликтүү саат 9.00го карай 88 учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнү кабарланган.

Орусия украин аймагын, энергетикалык, жарандык инфраструктураны, турак үйлөрдү тынымсыз аткылап, далилдерге карабай аскердик жайларды гана бутага алганын айтууда.

16:01 29.11.2024

Орусиянын Ростов облусундагы Каменск районунда украин дрондорунун түнкү чабуулунан кийин "Атлас" мунай базасы күйүп жатканын “Свобода” радиосу геолокацияга таянып тактады.

Ишкана орус армиясын күйүүчү май менен камсыздап турат.

Украиналык учкучсуз учактар ошол эле базага 3- жана 28-августта да сокку урушканы кабарланган.

Өрттүн сүрөттөрүн Astra жана Baza Телеграм-каналдары чыгарышты. Күбөлөр анын алдында жарылуунун добушу угулганын айтышууда.

Аймактын губернатору Юрий Слюсардын айтымында, өрттү өчүрүүгө 100дөн ашуун киши жана 38 даана техника катышууда.

Расмий билдирүүдө база эмес, өнөр жай объектисинде өрт чыкканы айтылган.

Сөз болгон район Украинанын орус аскерлери басымдуу бөлүгүн басып алган Луганск облусу менен чектешет.

Орусиянын Коргоо министрлиги жума күнү Ростов, Краснодар, Белгород, Брянск жана Воронежде, аннексияланган Крымда украиналык 47 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Киев бийлиги жана куралдуу күчтөрү түнкү чабуулдарды комментарийлеген жок.

Ал тапта орус армиясы Украинаны тынымсыз аткылап, жумага караган түнү Одесса облусунда жети киши жарадар болду.

Киевде дрон соккусунан балдар бейтапканасынын имараты зыян тартты.

Орусия кыштын жакындашы менен кошуна өлкөсүнүн энергосистемасын бутага алууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG