Германия канцлери Шольц Киевге күтүлбөгөн визит менен барды
DPA агенттиги билдиргендей, дүйшөмбү күнү Германиянын канцлери Олаф Шольц күтүлбөгөн визит менен Киевге келди.
Шольц Киевде Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
"Президент Зеленский менен жолугушуумда декабрда жеткирилүүчү 650 млн евролук кошумча куралдануу боюнча жарыялаймын", - деп жазды канцлер социалдык тармактагы X баракчасына.
Акыркы жолу Шольц Украинанын борбору Киевге 2022-жылдын жайында, Орусиянын толук масштабдуу баскынчылык согушу башталгандан кийинки биринчи визитинде барган.
Германия өкмөтүнүн маалыматы боюнча, Украинага аскердик жардам үчүн 2022-жылы 1,6 миллиард евро, 2023-жылы 5 миллиард евро бөлүнгөн. Мындан тышкары 2025-2028-жылдарга жардам катары дагы 2,9 миллиард евро каралган.
Украин бийлиги 1-декабрга караган түнү Орусия Киевге жана анын энергетика тармагына дрондор менен сокку урганын билдирди.
Украинанын абадан коргонуу күчтөрү онго жакын учкучсуз учактарды атып түшүргөнү маалымдалды.
Бир жуманын ичинде орус күчтөрү 120 жолу ракеталык жана 500 авиа бомба менен чабуул жасашты. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский кезектеги кечки кайрылуусунда билдирди. Анын айтымында, Орусия тараптан Украинанын аймагына 660 дрон учурулган.
Зеленский жекшембиге караган түнү 30дан ашуун учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн кошумчалады.
Орус аскерлери Украинанын аймактарын дрон, ракеталар менен аткылап келет.
Орусия Украинанын шаарлары менен айылдарынын жарандык инфраструктурасын бутага алып, ооруканаларды, мектептерди, бала бакчаларды, энергетика жана суу менен камсыздоо объектилерин кыйратканын четке кагып келет.
1-декабрга караган түнү Орусиянын ракеталык чабуулунан Украинанын Днепропетров облусунда төрт киши каза болду. Херсон шаарында орусиялык учкучсуз учактардын чабуулунан кеминде үч киши каза болуп, сегизи жарадар болду.
Украинанын аба күчтөрү түн ичинде Орусия 78 дрон учурганын жана алардын 32си атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Орусиянын ракеталык чабуулунан Украинанын Днепропетров облусунда төрт киши каза болду. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский билдирди.
Ал өзүнүн билдирүүсүндө облуста ракеталык чабуулдан кийинки куткаруу операциясы уланып жатканын жазган. Царичанка кыштагындагы жарандык курулуш, турак үй, дүкөн зыян тарткан. Мурдараак облустун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак чабуулдан кийин үч жерде өрт чыкканын, дүкөн, көп кабаттуу жана жеке турак жай күйүп кеткенин маалымдаган.
Лысак Телеграмм-каналга жазганына караганда, сегиз тургун оор абалда. Алардын ички органдары жабыркаганы, сыныктан жаракат алганы кабарланды. Жалпысынан 21 киши жараат алган. Арасында 11 жаштагы бала бар, анын абалы оор.
Мындан сырткары Орусиянын армиясы Донецк облусунун Мирноград шаарын артиллериядан аткылаган. Эки киши каза болуп, үчөө жараат алды. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Вадим Филашкин билдирди. Мындан жеке турак жай, имарат, кафе жана автоунаа зыян тарткан. Филашкин жергиликтүү тургундарды коопсуз жайга чыгууга чакырды.
Маалыматтарга караганда, өткөн суткада орус армиясы Донецк облусунун калктуу конушун тогуз жолу аткылады.
Орусия Украинадагы соккулар тууралуу комментарий бере элек.
Би-Би-Синин орус кызматы, "Медиазона" басылмасынын журналисттери жана ыктыярчылар тобу ачык булактарга таянып, Орусия Украинага басып киргенден бери 29-ноябрга чейин орусиялык 80 973 аскер каза болгонун аныкташты. Эки жума мурун алар набыт болгон 78 329 аскердин ысымдарын такташкан.
Журналисттер каза болгондордун жарымынан көбү армияда кызмат өтөчү эмес, согуш башталгандан кийин Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн деген бүтүмгө келди.
Өз ыктыяры менен урушка кеткендер арасындагы жоготуулар кескин өсүп жатканы байкалган.
Муну менен катар журналисттер согуш башталгандан бери армияны толуктаган жана майданда каза тапкандардын реалдуу саны мындан жогору болушу мүмкүн экенин белгилешет. Алар набыт болгондордун 28% фронтко кандай жол менен тартылганын тактай алган эмес.
"Ошол эле маалда түрмөлөрдөн жалдап алынгандардын үлүшү азаюуда. Былтыркы ноябрда аларга жоготуулардын 26% туура келсе, азыр 18% болуп калды", - деп айтылат маалыматта.
Жоготууларды жан башына алып эсептегенде алдынкы сапта Тыва, Бурятия жана Алтай турат. Эң ылдый жакта Москва менен Санкт-Петербург жайгашкан.
Иликтөөчүлөр каза тапкандардын статистикасын жүргүзгөндө ачык булактарга, атап айтканда маалымат каражаттарга, жергиликтүү администрациялардын билдирүүлөрүнө, маркумдардын соцтармактардагы постторуна жана көрүстөндөрдөн алынган маалыматтарга таянышат.
Москва жана Киев согуштагы жоготууларын ачыкка чыгарышпайт. Адатта согушкандар каршы тараптын жоготууларын көбөйтүп, өзүнүкүн азайтышат.