Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:34
Russia Ukraine War
Russia Ukraine War

Украина: орус аскерлери кеминде 93 туткунду өлтүргөн

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

22:37 3.10.2024

НАТОнун жаңы башкы катчысы Марк Рютте 3-октябрда Украинага барып, борбор калаа Киевде өлкө жетекчилиги менен жолукту. Бул анын жаңы кызматтагы алгачкы эл аралык сапары.

Украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушуудан кийин Рютте Киевдин НАТОго мүчө болуусу жакындап калганын айтты.

Альянстын негизги максаты ага мүчө өлкөлөргө жардам берүүдөн тышкары курал-жарак корун толуктоо экенин айткан Рютте Украина өзүн коргоого укуктуу, ал эми эл аралык укук украиндер тарапта экенин белгиледи.

Анын айтымында, Украинага союздаштары берип жаткан курал менен Орусиянын аймагына атууга уруксат берүү же бербөө маселеси 12-октябрда НАТОнун "Рамштайн" форматындагы кезектеги жыйынында талкууланат. Рютте Украинага аскердик техника жөнөткөн ар бир өнөктөш өлкө муну өз алдынча чечерин кошумчалады.

Зеленский өз кезегинде НАТО Украинанын аба мейкиндигин коргоп берүү боюнча позициясын өзгөртөрүнө үмүттөнүп жатканын айтты.

"Биз адамдарды союздаштардын биримдиги менен кантип коргоп калса болорун Жакынкы Чыгыштан көрүп жатабыз. Ирандын ракеталарын биргелешип атып түшүрүү Орусиянын ракеталары менен Ирандын «Шахеддерин» атып түшүрүүдөн эч айырмасы деле жок", — деген Зеленский союздаштар арасында бул маселеде бирдей пикир жок болуп жатканын, «Орусиянын терроруна каршы» чечкиндүүлүк керек экенин белгиледи.

17:08 3.10.2024

3-октябрда эртең менен Украинанын борбору Киевде абадан коргонуу системалары Орусия учурган кеминде 15 жанкечти дронду атып түшүрүштү. Бул тууралуу украин борбор калаасынын аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко Telegram каналына жазды.

Чабуул беш сааттан ашык убакыт уланганы, учкучсуз учактардын сыныгы Деснянский районунун аймагына түшкөнү маалымдалды. Кыйроо же жабыркоо тууралуу эч нерсе айтылган жок.

Орусиянын агрессиясынан кечээтен бери Украинанын фронт тилкесине жакын үч аймагында дагы эки жайкын тургун каза болгонун, 36 киши жараат алганын 3-октябрда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Каза тапкан эки жана жараат алган сегиз киши Херсон облусунун тургундары экенин, бул аймактын 24 калктуу пункту аткыланганын жергиликтүү администрация башчысы Александр Прокудин маалымдады.

Донецк облусунда 11, Харьковдо 17 киши жараат алды. Харьков облусунун башчысы Олег Синегубовдун айтымында, Орусия бул жолу башкарылуучу авиабомбалар менен да сокку урду.

Ал эми өткөн түнү учурулган жүздөн ашуун учкучсуз Shahed учактарынын 78и Киев, Черкасск, Винница, Хмельницк, Кировоград, Житомир, Полтава, Чернигов, Херсон, Одесса, Харьков, Сумы, Днепропетров, Ровно жана Ивано-Франковск облустарынын аймагында кармалды.

Орусия Украинага каршы согушун 2022-жылдын февралында ачкан. Ошондон бери агрессиясын улантып, Украинанын чыгышында жай болсо да улам алдыга жылып баратканы маалымдалууда. Жакында Нью-Йоркто расмий сапарда жүргөн учурда украин президенти Владимир Зеленский орус бийлигин тынчтыкка “мажбурлап гана көндүрсө” болорун айткан.

Орусиянын Коргоо министрлиги Белгород, Воронеж, Курск жана Брянск облустарынын аймагында 113 согуштук дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдап, Украинаны айыптады. Учкучсуз учактардын эң көбү — 73ү — Белгород облусунда кармалды.(

16:59 3.10.2024

Украинанын Башкы штабы шаршемби кечинде Донбасстагы Курахов багытында катуу кармаш жүрүп жатканын билдирди. Маалыматта орусиялык аскерлер 12 жолу курчоо аракетин кылышканы жазылган. Тогуз жолу Торецк районунда чабуулга өткөн. Украин тараптын маалыматында чабуулдун мизи кайтарылган. Краматорск жана Славянск багытында орусиялык авиация сокку урган. 11 аскердик кагылышуу покровск багытында жүрүп жатканы кабарланган.

Ага чейин Донецк облусундагы Угледар шаарын украин армиясы таштап кеткени белгилүү болгон. Бул шаар үчүн кармаш 2014-жылы Орусия Украинанын Луганск жана Донецк аймагын басып алгандан бери жүрүп келген. 2022-жылы Орусия коңшусуна согуш ачкандан бери шаарды алууга бир канча жолу аракет кылып, ири жоготууларга учураган.

16:46 3.10.2024

"3-октябрда Орусиянын аскер күчтөрү Украинанын аймагын 105 жолу учкучсуз учак менен аткылады. Анын 78и атып түшүрүлдү", - деп билдирди Украинанын Аба күчтөрү.

Киевдеги аба айгайы беш сааттай жаңырган. Аскер аба күчтөрү борборго жакындап келе жаткан дрондорду атып түшүргөн.

"Кесепеттер азыраак. Кыйроосуз, өртсүз. Жабыркагандар тууралуу маалымат түшкөн жок", - деп билдирди шааардык администрациянын башчысы Сергей Попко.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG