Нью-Йоркто «Жетилик тобу» жана Украина» форматындагы жолугушуу болуп өттү.
Анын жүрүшүндө 30дан ашык өлкө жана Европа Биримдиги Украинага колдоо көрсөтүү боюнча биргелешкен декларацияга кол коюшту деп Украина президентинин расмий сайты 26-сентябрга караган түнү кабарлады.
Президент Владимир Зеленский бул биргелешкен милдеттенме Украинанын калыбына келтирилишине жардам берерин, ал тиешелүү аракеттерди Украина донорлор платформасы аркылуу координациялоону камтый турганын белгиледи.
«Бул биздин жалпы жашоо түшүнүгүбүздү көрсөтүп турат – биз адамдарды коргойбуз жана алардын жашоого мүмкүнчүлүгүн камсыз кылабыз. Азыр бизге жардам берип жаткандар Украина менен бирге ири калыбына келтирүүдөн пайда табат», – деп Зеленскийдин сөзүн президенттин сайты келтирет.
АКШнын президенти Жо Байден бул декларацияны Украинага азыр жана келечекте колдоо көрсөтүү үчүн жарыялап жатышканын айтты.
«Мен Украинанын жеңиши жана өзүнүн жашоосу үчүн күрөшүү үчүн зарыл болгон нерселерге ээ болушуна толук чечкиндүүмүн. Эртең мен украиналык аскерлерди колдоону тездетүү үчүн бир катар чараларды жарыялайм», – деп билдирди АКШнын башчысы.
Декларациянын негизги пункттарына Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүккө бара жаткан жолунда калыбына келтирүүгө ар тараптуу жардам берүү, колдоону Украинанын донорлор платформасы аркылуу координациялоо, жыл аягына чейин тоңдурулган орус активдеринен түшкөн кирешелер эсебинен болжол менен 50 миллиард доллар кошумча каржылык колдоо көрсөтүү, анын бир бөлүгүн коргонуу муктаждыктарына багыттоо кирет.
Декларацияга кол коюу аземинде Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен, Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Италия министрлер кеңешинин төрайымы Жоржа Мелони жана Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо да сөз сүйлөштү.
Майдандагы кырдаалга көз салып жаткан DeepState долбоорунун талдоочулары билдиргендей, орус аскерлери учурда Донецк облусундагы Угледар шаарына бир нече багыттан чабуул коюп, аны курчап алуунун аракетин көрүп жатышат.
Украина президенти Владимир Зеленский Кошмо Штаттарга баргандан бери Конгресс өкүлдөрү менен жолугуп, америкалык маалымат каражаттарына маек куруп, ар кандай сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.
25-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөп, Украинанын Орусиядан коргонуусуна колдоо көрсөтүүдө биримдикте болууга чакырды.
Сөзүнүн башында ал Запорожье атомдук электр станциясын (АЭС) Орусия басып алгандан бери жалпы аймакта өзөктүк коопсуздукка коркунуч жаралып турганын айтты. Бул жааттагы коопсуздук тынчтык формуласынын биринчи пункту экенин белгиледи.
Орусиянын аткылоолорунан өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасы талкаланып жатканын, алдыдагы кыш мезгили миллиондогон украиналык үчүн катаал сыноо болушу ыктымал экенин айтты:
«Путин алардын кышында караңгыда жана суукта калышын каалап жатат», - деп кошумчалады.
"Бул согушту токтотууну дүйнөдө биринчи кезекте дал Украина каалап жатканын баары билиши маанилүү. Украин эли бул согуштун азабын толук сезип жатат. Украинасыз адилеттүү тынчтык болушу мүмкүн эмес», - деди ал.
Зеленский Орусиянын Украинага каршы согушу токтобой жаткан абал үчүн Кытай менен Бразилияны түзөн-түз айыптады:
“Силер өз бийлигиңерди Украина аркылуу бекемдеп кете албайсыңар”, - деди. Расмий Киев буга чейин Бээжиндин Москва менен стратегиялык өнөктөштүк мамилесине карабастан аны менен конструктивдүү байланышты карманууга умтулуп келген.
Украин президенти 24-сентябрда БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөп жатып, Орусияны мажбурлоо менен гана согушту токтотуу мүмкүн экенин айтты. Андан тышкары Иран менен Түндүк Кореяны Орусияга Украинага каршы колдонууга курал-жарак берип, "кылмыштуу ишке көмөкчү" болуп жатышат деп айыптады.
"Путин ушунча көп эл аралык эрежелерди жана мыйзамдарды бузгандыктан, ал өзү токточудай эмес. Орусияны тынчтыкка мажбурлоо гана керек. Бул согуштагы жалгыз агрессор жана Улуттар Уюмунун уставын бузган жалгыз тарап катары Орусияны тынчтыкка барууга аргасыз кылуу зарыл", - деди Владимир Зеленский.
Украин президенти Путин менен сүйлөшүү тууралуу кептер "акылга сыйгыс" экенин кошумчалады. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Зеленскийдин мындай турумун "өлүмгө түрткөн ката" деп атап, анын Украинага тийгизген кесепети оор болорун айтты.
"Орусияны тынчтыкка мажбурлоо аракетине негизделген позиция - бул "өлүмгө түрткөн ката". Анткени Орусияны тынчтыкка мажбурлоо мүмкүн эмес", - деди Дмитрий Песков журналисттердин суроолоруна телефондон жооп берип жатып.
Зеленскийдин Байденге 26-сентябрда сунуштай турган планынын чоо-жайы азырынча белгисиз. Украин президентинин өзүнүн айтымында, бул план жаңжалды токтотууга "көпүрө" болуп бере алат.
Айрым маалымат каражаттарынын жазышынча, Зеленскийдин бул сунушуна ылайык, АКШдан аскердик жана каржылык колдоо жана Орусияга кошумча санкцияларды киргизүү талап кылынат.
АКШ баш болгон бир катар Батыш мамлекеттери Киевге миллиарддаган доллар аскердик жана башка жардам көрсөтүп, Москва каршы бир канча айлампа менен санкция салган.
Коопсуздук кеңешиндеги айтыш
Украин президенти сүйлөп жатканда, анын бет маңдайында отурган Орусиянын Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Василий Небензя телефондон башын көтөргөн жок. Британиянын тышкы иштер министри бул үчүн аны залдан чыгарып жиберүүнү талап кылды.
"Бул жерден мен британиялык, лондондук же тышкы иштер министри катары гана эмес, бул жерде телефонун карап отурган Орусиянын өкүлүнө бир кезде Африкадан мээленген мылтыктын алдында, чынжырга байланып алып келинген кулдардын, кулчулукка каршы күрөшкөндөрдүн тукуму катары сүйлөп жатам. Мен империализмди көргөндө эле тааныйм жана аны бетине айтам", - деди британ тышкы иштер министри Девид Лэмми.
Небензя ага империализм тууралуу лекция окубай эле коюусун айтып, Украинада улутчулдук жана нацизмдин тамыры кыркылмайын эч кандай жылыш болбостугун кошумчалады.
Белгилей кетсек, расмий Москва 2022-жылы февралда Украинаны “демилитаризациялоо жана денацификациялоону” жүйө тартып согуш ачкан. Бул убакыт ичинде орус армиясынын соккуларынан Украинада миңдеген карапайым тургундун өмүрү кыйылды.
"Киев режими өз өлкөсүн жана элин толугу менен жок кылбайт жана дүйнөнү өзөктүк алааматка түртпөйт деген үмүттөбүз. Алар ушуга эле жакындап бараткандай. Бул үчүн реалдуу эмес шарттарды койбой, украин кризисин чечүү боюнча узак мөөнөттүү, ишке ашчу пландарды кабыл алыш керек", - деди Небензя.
Жыйында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И айтыша кетти. Буга Бээжин Орусиянын аскердик аракеттерин колдоп жатат деген айыптоо түрткү болду. Кытай министри бул дооматты четке какты.
Фронтто кырдаал оор
Орусиянын армиясы аскерлеринин жана техникасынын көптүгүнөн пайдаланып украин армиясынын турумдарына тынбай чабуул коюп жатат. Бул тууралуу украин армиясынын башкы штабы күнүмдүк отчетунда билдирди. Маалыматка караганда, соңку бир суткада өлкө чыгышында 154 кагылышуу катталган.
Штабдын билдирүүсүнө караганда, орус аскерлери Харьков багытындагы Волчанскинин айлана-тегерегинде үч жолу чабуул аракетин көрдү.
Учурда айыгышкан салгылаштар Купянск, Лиманск, Северск, Краматорск, Торецк, Покровск багыттарында уланууда.
Эң катуу кармаш ушул тапта Угледар шаары үчүн жүрүп жатат. DeepState долбоорунун талдоочулары билдиргендей, орус күчтөрү калаага бир нече багыттан кол салып, аны курчоого алуу аракетин көрүшүүдө.
Алар максатына жетсе, Угледардагы украин армиясынын 72-бригадасы - эки миңдей аскер курчоодо калат.
Аскердик талдоочу Дэвид Акстын пикиринде, бул бригада эки жылдан бери Угледарды эрдик менен коргоп келет. Бул тууралуу ал "Форбс" басылмасына курган маегинде айткан.
Ошентсе да азырынча орус армиясы калаага кире элек. Мындай маалыматты Донецк облус администрациясынын башчысы Вадим Филашкин бөлүшкөнүн Reuters агенттиги жазды.
Буга чейин облустун оккупацияланган бөлүгүнүн Москва дайындаган Денис Пушилин орус аскерлери калаага киргенин маалымдаган.
Согушка чейин 15 миңдей киши жашаган калаада талкаланбаган имарат калган жок. 72-бригаданын командирлеринин бири Financial Times басылмасына орус армиясы Угледарды жакынкы жумаларда басып алышы мүмкүн экенин айтты.
Учурда орус күчтөрү калааны авиация менен аткылап жатышат.
Украина: Сумыда бир жайкын тургун каза болду
Украинанын Сумы облусунда өткөн сутка ичинде Орусиянын аткылоолорунан улам бир адам каза болду. Бул тууралуу облустук аскердик администрация билдирди.
Анын маалыматы боюнча, кечээ күнү Сумы облусундагы чек арага жакын аймактарга жана айылдарга Орусиялык аскерлер 90 жолу чабуул жасаган. Жалпысынан 191 жарылуу катталган. Аткылоо Сумы, Николаевка, Хотин, Мирополь, Белополь, Речковка, Краснополь, Великописаревка, Путивль, Новослободка, Глухов, Эсмань, Шалыгин, Дружба жана Середино-Буд жерлеринде болгон.
5-сентябрда Сумы облусунун бийлиги Шосткин жана Конотоп райондорунан милдеттүү түрдө эвакуациялоону кеңейтүүгө аргасыз болду. Орусиялык күчтөр түрдүү куралдарды колдонуп, анын ичинде дрондор, ракеталар жана бомбалар менен украин аймактарына туруктуу чабуул жасап жатышат.
Орусиянын жетекчилиги толук масштабдуу согуш учурунда алардын армиясы Украинанын шаарлары менен айылдарындагы жарандык инфраструктурага атайылап сокку урууда деген айыптоолорду четке кагууда. Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын согуштук кылмыштары деп атап, аларды атайылап жасалган деп белгилешет.