Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Түз ободо Украина: Покровск, Кураховодо абал оор

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

10:45 14.9.2024

Украина Орусияда туткунда кармалып турган 49 жаранын бошотуп алганын, мекенине кайткандар арасында аскер кызматкерлери жана жайкын тургундар бар экенин 13-сентябрда өлкө президенти Владимир Зеленский билдирди.

Ал туткундан кайткандардын сүрөтүн жарыялап, орусиялыктарды туткунга алып жаткан, «айырбаштоо фондун» толуктап келаткан украин аскерлерине ыраазычылыгын айтты.

Орус тарап азырынча маалымат бере элек, бирок айрым бийликчил блогерлердин айтымында, айырбаштоо 49х49 схемасы менен жүргүзүлдү, бошотулгандар арасында кечээ жакында эле Курск облусунда украиндердин колуна түшкөн жаш аскерлер бар.

Зеленский үйүнө кайткандар арасында 2022-жылы декабрда Орусия аннексиялап алган Крымдагы оорулуу атасын көрүп келгени барган, орус бийлиги тыңчылыкка айыптаган крымдык татар Ление Умерова, "Азовсталь" ишканасынын коргоочулары жана Украинанын Баатыры, аскердик дарыгер Виктор Ивчук да бар экенин айтты.

"Украинская правда" кабарлагандай, туткундан бошотулгандар арасында эки жылдан бери камакта отурган, Мариуполдо колго түшүрүлгөн "Азов" полкунун 15 аскер кызматкери да бар, алардын көбү аялдар.

19:27 13.9.2024

АКШ президенти Жо Байден менен Британиянын премьер-министри Кейр Стармер 13-сентябрда Вашингтондо жолугат. Мунун алдында орус президенти Владимир Путиндин "Батыштын Орусияга узак аралыкка атуучу ракеталык чабуулдарына макул болгону НАТОнун согушка катышарын билдирет" деген билдирүүсү тарады.

13:06 13.9.2024

Орус аскерлери Украинага дрондор менен чабуул койду

13-сентябрга караган түнү орус аскерлери Украинаны 26 “Шахед” үлгүсүндөгү чабуулчу дрондор менен аткылашканын Украинанын Куралдуу күчтөрү маалымдады.

«Абадан коргонуу учурунда украин авиациясы, зениттик-ракеталык аскерлер, мобилдик атуу топторунун бөлүктөрү жана радиоэлектрондук күрөш күчтөрү тарабынан Николаев, Одесса, Хмельницкий жана Ивано-Франковск облустарынын аймагында душмандын 24 чабуулчу дрону атып түшүрүлдү», — деп айтылат билдирүүдө.

Мурдарак Николаев шаарынын мэри Александр Сенкевич абадан коргонуу күчтөрүнүн иш-аракетинин натыйжасында атып түшүрүлгөн дрондун сыныктары шаардын азык-түлүк ишканасынын аймагына кулап, өрт чыкканын, өрт өчүрүлгөнүн маалымдаган.

12:47 13.9.2024

Николаевде атып түшүрүлгөн «Шахед» дронунун сыныктары ишкананын аймагына кулап, өрт чыкты

Орус аскерлери 13-августка караган түнү Николаев шаарын чабуулчу дрондор менен аткылашты. Абадан коргонуу күчтөрү жана каражаттарынын аракетинин натыйжасында атып түшүрүлгөн дрондун сыныктары азык-түлүк ишканасынын аймагына кулап түшкөнүн шаар мэри Александр Сенкевич билдирди.

"Окуя болгон жерде өрт чыкты, аны куткаруучулар өчүрүштү. Жабыркагандар жок", — деп билдирүүдө айтылат.

Кечинде жана түн ичинде орусиялык чабуулчу дрондордун айынан абадан коргонуу сиреналары иштеп турду, дрондор Украина аймактарын түнү бою аткылашты.

Орусиянын жетекчилиги кеңири масштабдуу согуш учурунда орус армиясы Украинадагы шаарлар менен айылдардын жарандык инфраструктурасын атайылап бутага алып жатат деген дооматтарды четке кагып келет. Алардын иш-аракеттери жарандарды мерт кылып, оорукана, мектеп, бала бакча, энергетика жана суу камсыздоо объектилерин кыйратууда.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын согуштук кылмыштары деп мүнөздөп, алар атайын жасалган деп белгилешет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG