Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:19

Украина: БУУда Кытайдын дарегине сын айтылды


Украина. 2024-жылдын 26-июлу.
Украина. 2024-жылдын 26-июлу.

Фронтто орус аскерлери украиндердин курал-жарак камсыздоосу үчүн маанилүү жолду бөгөттөө аракетин улантып жатышат.

Украинада Орусиянын чабуулдарынан соңку суткада кеминде үч кишинин өмүрү кыйылды. Мекеме имараттары, үйлөр талкаланды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аскердик мекемелер 26-июлда билдиришти.

Донецк облусунун аскердик администрациясынын башчысы Вадим Филашкиндин айтымында, каза тапкан эки киши Донбасстын тургундары болчу, бул аймакта дагы төрт киши жараат алды.

Херсон аймагынын башчысы Александр Прокудин 15 кыштак орус аскерлеринин чабуулунан бир киши көз жумганын, жергиликтүү жети тургун жараат алганын билдирди. Аймакта ондогон үйлөр, машинелер талкаланганы кабарланды.

Украинанын Аскер-аба күчтөрү жуманын таңында Херсон, Сумы, Житомир жана Чернигов облустарында Орусия учурган 22 согуштук дрондун 20сын атып түшүрүүгө үлгүргөнүн маалымдады.

Украинанын Башкы штабы 26-июлга караган түнү Орусия аннексиялап алган Крымда орустардын “Саки” аскердик аэродромуна сокку урганын маалымдап, “... аэродромду Орусиянын абадан коргонуу боюнча "заманбап" системалары кайтарып турган. Алар кайрадан маанилүү объектисин коргоп калышкан жок”, - деп белгиледи.

Украина маселеси бейшемби күнү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинде да көтөрүлдү. Анда Орусия Украинага каршы колдонуп жаткан курал-жарак арасында башка мамлекеттерден алгандары да бар экени белгиленип, бул канчалык мыйзамдуу деген пикирлер айтылды.

"Айрым мамлекеттер Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө учкучсуз учак, баллистикалык ракета, ок-дары сыяктуу курал-жарак берип же берүүнү пландап, анын баары Украинага каршы колдонулуп жатканы тууралуу маалымат бар. Кандай гана курал-жарак болбосун, аларды жөнөтүү эл аралык укук нормаларына жана, албетте, Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларына ылайык жүргүзүлүшү зарыл", - деди БУУнун куралсыздандыруу маселелери боюнча бюросунун жогорку өкүлү Адедежи Эбо.

Жыйында Кытайдын дарегине Орусия андан курал сатып алып, жай тургундардын өмүрүн алган чабуулдары үчүн колдонууда деген сын айтылды. Бээжин мындай айыптоолорду четке кагып, "Кытай украин кризисин жараткан эмес, анын катышуучусу да эмес" деп билдирди.

Фронт тилкесинде соңку суткада 147 жолу кагылышуу катталып, Покровск багытында абал курч экени, Курахово багытында орус армиясы өзгөчө активдүү болуп жатканы кабарланды.

Ал эми Орусия эки аймагы украиндердин дрон чабуулуна кабылганын билдирди. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин 26-июлдагы маалыматы боюнча, Ростовдо төрт, Курск облусунда эки учкучсуз учак токтотулду.

Соңку айларда фронт тилкесинде олуттуу өзгөрүү дээрлик жок. Бирок айрым жерлерде орус аскерлеринин улам алга жылуусу байкалууда. Азыркы кезде алар күчүн Покровск багытында топтоп, Донбасста украин армиясын камсыздоо үчүн стратегиялык жактан маанилүү болгон Покровск–Константиновка жолун бөгөттөөгө аракет кылып жатат.

Украинада Орусия чабуулун улантууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрү канчалык анык экенин тактоо мүмкүн эмес.

Орус аскерлери 2022-жылы Украинага каршы согуш ачкандан бери курал-жарагынын көптөгөн түрлөрү – согуштук дрондор, ракеталар, башкарылуучу авиабомбалар, жапырт аткылоочу реактивдүү системалар менен чабуул коюп келет.

Украинанын жайкын тургундары каза болуп, социалдык жана жарандык инфраструктурасы талкаланып жатканы тууралуу айыптоолорун орус бийлиги четке кагып келет.

Киев, анын союздаштары жана эл аралык уюмдар Орусиянын соккуларын атайын жасалып жаткан согуш кылмышы деп баалашат.

XS
SM
MD
LG