Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштөн майнап чыгабы?  


Кыргызстандын милиция кызматкерлери. Иллюстрация.
Кыргызстандын милиция кызматкерлери. Иллюстрация.

Июль айынын башында Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында ок атуу менен коштолду деген окуя коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү. Көп өтпөй коомчулукта сөз болуп жаткан "Дөө Чыңгыз" деген каймана аттуу кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов кармалганы 15-июлда дайын болду. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жумагулов эки кылмышка шек саналып жатканын билдирди. Кыргызстанда криминогендик абал кандай? Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш өз деңгээлинде жүрүп жатабы?

Бийлик кылмыштуу топторду өз кызыкчылыгына пайдаланат деген коомчулуктун пикиринде жүйө барбы? Ушул жана башка суроолорго “Арай көз чарай” талкуусунда жооп издедик.

Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков, Коопсуздук комитетинин мурдагы төрага орун басары Артур Медетбеков, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 1-башкармалыгынын жетекчиси Марлис Жумабаев, ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын 2-башкармалыгынын жетекчи орун басары Мыктыбек Болушев катышты.

Марлис Жумабаев: Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү бүгүнкү күндүн актуалдуу маселеси. Бул Улуттук коопсуздук комитетинин жана Ички иштер министрлигинин функциясына кирет. Өзүңүздөр билесиздер, 2013-жылы “Уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттер тууралуу” мыйзам кабыл алынган. Ошол мыйзамдын негизинде бүгүнкү күнү уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштү ИИМ координациялайт. “Дөө Чыңгыз” деген каймана аты бар, уюшкан кылмыштуу топтүн мүчөсү, лидери десек да болот, анын үстүнөн опуза-талап кылды деген арыз-даттануу УКМКга түшкөн.

Туратбек Мадылбеков
Туратбек Мадылбеков

Туратбек Мадылбеков: Кылмыштуулук менен күрөштүн деңгээли дайыма убакыттын өтүшү менен салыштырып айтылат. Чыңгыздыкындай окуялар Кыргызстанда болуп турат. Бирок, коомчулукта “Эмне үчүн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалат, кайра бат эле чыгып кетет?” деген суроо берилет, талап кылынат. Мына ушуга укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жетекчилери жооп бериши керек.

Менин пикиримде, кылмыштуу топко тиешелүү иш үчүн биринчи кезекте УКМК эмес, ИИМ жоопкерчиликти алышы керек. Ал эми УКМК, прокуратура, башка органдар ага жардам бериши керек. Эсиңиздерде болсо Жогорку Кеңештин V чакырылышына өкмөт, ИИМ алып келген уюшкан кылмыштуу топторго тиешелүү мыйзамды биз кабыл алып бергенбиз. Бирок, бүгүн ошол мыйзам жогорку деңгээлде иштебей келгени байкалууда. Менин оперативдүү кызматкерлерден укканым боюнча уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн каттоодо бир топ көйгөйлөр бар. Мисалы, ИИМ уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн каттоо боюнча формалдуу гана укукка ээ. Ошондуктан, расмий каттоодо канча мүчөсү бар экенин кызматкерлер так айта албайт. Анткени, расмий түрдө каттоого коюу үчүн соттун чечими керек. Ушуга байланыштуу мыйзамга кээ бир беренелерди кошумча киргизүү керек.

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

Артур Медетбеков: Тилекке каршы, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү же ана башчылары Кыргызстанда көбүнчө бизнес менен алектенип, бизнесмен болуп кетишкен. Башкача айтканда, топтогон байлыктарын легалдаштырган. 8-июлдагы мисал буга көлөкө түшүрдү.

Экинчиден, биздин өлкөдө кылмыштуулукка каршы күрөштө “биринчи скрипканы” ИИМ ойношу керек. ИИМ башташ керек. Бирок, турмушта кайсы органга арыз түшсө ошого жараша ишти алып кетүү аракети болуп жатат. Ачыгын айтыш керек, мен да убагында иштегем, биздин укук коргоо органдарында корпоративдик кызыкчылык, атаандаштык деген бар, кээде маалыматтын аздыгынан же өз ара түшүнбөстүктөн ушуга окшогон окуялар болуп кетет. Мындай окуялар болуп келген, болуп атат, мындан ары да болушу мүмкүн. Себеби, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштө ИИМде абдан көп иликтөөлөр, материалдар, оперативдүү иштелмелер бар. Ушундай иштер УКМКга караганда ИИМде көбүрөөк. Бирок, аны ишке ашыруу буларга да кыйынчылык менен келип жатат.

Канткен менен бүгүнкү күндө уюшулган кылмыштуулук орто деңгээлде, кээде жогорку деңгээлдеги ыплас чиновниктер менен чырмалышып кеткен учур бар экенин эч ким тана албайт. Ал бар. Ошолорду таап, аларды мыйзам чегинде иликтеп, жазасын берүү өтө кыйын болот. Себеби, алардын далил базасын топтогондо ката кетет, кыйынчылык туулат. Кээде сот системасындагы кызматкерлер аркылуу же чырмалышкан коррупциялык схеманын негизинде кээ бир чиновниктердин жардамы менен эрте үй камагына чыкканга же бошонгонго шарт түзүп алышат. Мына Батукаев иши ачык далил. Демек, бул жөн окуя эмес. Ага каршы күрөштө саясий эрк жана басым болушу керек.

Марлис Жумагулов: Биринчиден, коррупцияны далилдеш керек. Экинчиден, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн боштондукта жүрүшүндө мамлекеттин кызыкчылыгы бар, пайдасын көрөт деген пикирлерге кошулбайм. Туратбек мырза уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөштө ИИМ башкы ролду ойношу керек деп айтып кетти. Ошол 2013-жылы кабыл алынган мыйзам эмне үчүн иштебей жатат? 2016-жылы, өзүңүздөр билесиздер, Камчы Көлбаевди уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деген макам менен превентивдүү каттаарда адвокат Манукян Конституциялык Сотко кайрылып, Конституциялык Сот уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары превентивдүү каттоого алуу механизми туура эмес болгон, ал мыйзамда каралган эмес деген чечим чыгарган.

Ошол өксүктөрдү оңдоо үчүн азыр эми ИИМ демилгелеп, “уюшкан кылмыштуу топторго бөгөт коюу” мыйзамына “оперативдүү ишмердүүлүк” мыйзамына толуктоолорду киргизип, Жогорку Кеңештин кароосуна бергенбиз. Бүгүн биздин каттоодо Камчы Көлбаев, башка ар кандай кылмыштуу топтордо 1177 адам турат. Жарым жыл ичинде атайын “Арсенал”, “Бандит” деп аталган төрт ыкчам иликтөө иштерин жүргүздүк. Ал иш-чаралардын алкагында 72 адам камалды. Автомат баштаган мыйзамсыз 10 курал-жарак алынды.

Артур Медетбеков: Коомчулукта жөнөкөй мисалдан чоң чуу чыгарганга көнүп алдык. Мунун жакшы жагы - маселе көз жаздымда калбайт. Тилекке каршы күрөштү натыйжалуу кылыш үчүн жеке эле ИИМде эмес, бардык башка укук коргоо органдарында сот системасында концептуалдуу жана комплекстүү реформа болушу керек. Отуз жылдан бери реформа болот деп коюп, кайсы бир башкармалыктын, бөлүмдөрдүн аттарын өзгөртүп, башкасын кылып, ошону менен токтоп калат. Концептуалдуу реформа жасаганга умтулганда гана уюшкан кылмыштуу топтун ишмердигин, жалпы эле кылмыштуулукту кескин түрдө төмөндөтсөк болот. Бул бүгүнкү күндүн талабы.

Дүйнө жүзүндөгүдөй эле бизге базар экономикасы менен кошо ошол эле уюшкан кылмыштуулук, наркобизнес сыяктуу криминал да чогуу келет, бири-бирин жандап жүрөт. Бүгүнкү күндө мамлекеттин стабилдүүлүгүнө коркунуч жараткан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө чыныгы таза, принципиалдуу адистерди колдонууга аракет кылыш керек. Буга коомчулук да болгонун саясатташтырбай айтып, жазып, көмөкчү болушу керек.

Туратбек Мадылбеков: ИИМдин ишине коомчулук ар кыл пикирде болуп жатат. Мен деле ошондой пикирдемин. Жакшы иштеген кызматкерлер да бар. Ошол эле учурда, мен билгенден, уюшкан кылмыштуу топтор менен аралашып кеткен кызматкерлер да бар. Ошондуктан, жетекчилик ошондой аралашып кеткен оперативдүү кызмтакерлерден тазаланыш керек. Ошондо толук кандуу таза күрөш болот деп айта алам. Анан албетте, бардык укук коргоо органдарында реорганзиция эмес, чыныгы реформа жүрүш керек. Азыр реформа баштала элек.

Талкуунун видеоверсиясын бул жерден толук көрүңүз:

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG