Илимпоз жана мурдагы тышкы иштер министри, 57 жаштагы Ахмет Давутоглуну бийликтеги АК партиянын лидерлигиндеги мураскору катары президент Режеп Тайип Эрдоган 2014-жылы мамлекет башчылыкка шайлангандан кийин өзү тандаган эле.
Ошентип, Давутоглунун премьерлиги эки жылга жеткен жок.
Ал АК партиянын Борбордук комитетинин бейшемби күнкү жыйынынан кийинки пресс-конференцияда партлидерликтен жана премьерликтен кетип жатканы менен президент Режеп Эрдоганга лоялдуу бойдон калам деп ырастады:
- Мен дагы бир жолу кайталап койгум келет, кандай окуялар болбосун мен өз сөзүмдү кармайм. Биздин президентке карата лоялдуулугум акыркы демиме чейин уланат. Менин оозумдан биздин президентке каршы сөздү эч ким, эч качан укпайт. Баары билип коюшу керек, мен бул маселени кимдир бирөөлөр кыянат пайдалануусуна жол бербейм.
Ахмет Давутоглы өкмөт башчылыктан мандатын аягына чыгарбастан, мөөнөтүнөн мурда кетип жатышы “анын тандоосу эмес, зарылчылыктын натыйжасы” экенин кошумчалады.
Ажырымдын чоо-жайы
Давутоглу Эрдоган менен мамилесин жымсалдаганы менен, баяндамачылар жана талдоочулар алардын ортосунда бир катар маанилүү маселелер боюнча пикир келишпестик кызматтан кетүүгө себеп болгонун белгилешүүдө.
- Эрдоган менен Давутоглунун ортосунда бир катар маселелер боюнча пикир келишпестик чыккан. Алардын эң эскиси, өкмөт курамы. Эрдоган өкмөткө өзү көбүрөөк ишенген адамдарды киргизип, Давутоглу аларды аргасыз кабыл алган. Экинчи маселе Конституцияны реформалоо. Түркиянын башкаруу системасын өзгөртүү өнөктүгүн төрт жыл мурун баштаган Эрдоган президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтип, премьердин ролун төмөндөтүүнү көздөөдө. Давутоглу буга каршы болгон. Мындан сырткары аларда тышкы саясаттын маселелери, Евробиримдик менен мамиле боюнча да ажырым бар эле. Премьер-министр Давутоглу Евробиримдик менен качкындар боюнча келишимдин алкагында макулдашкан айрым маселелер Эрдогандын планына кирген эмес, атүгүл аны нааразы да кылгандай. Буларга кошумча ички саясаттын айрым маселелери, атап айтканда, күрт топторунун, парламентте күрттөрдүн таламын талашкан партияга кандай мамиле жасоо жагынан да көз караштары эки ача чыккан. Давутоглу күрт топтору менен диалог каналын ачык калтырууну көздөсө, Эрдоган армия тыюу салынган Күрт жумушчу партиясы ПККны, башка майда топтордо Түркия ичинде да, тышында да, өзгөчө Ирак жана Сирия менен чек араларда талкалоосуна артыкчылык берген, - дейт “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун иран кызматынын Түркия боюнча талдоочусу Худратулла Шахиди.
Түркиянын парламенттеги башкы оппозициялык партиясы Республикалык - элдик партиянын лидери Кемал Кылычдароглы өкмөт башчынын алмашып жатышын “сарай төңкөрүшү” деп мүнөздөп, бул АК партиянын эле ички иши деген ырастоолорду четке какты.
Премьер-министрдин отставкасы жөнүндөгү жаңылыкка Түркиянын биржалары акциялардын арзандашы менен жооп берди.
Евробиримдик расмий өкүлдөрү болсо премьер-министр алмаша турганына карабай, Түркия качкындар боюнча келишимде белгиленген милдеттенмелерин аткарына үмүт артарын билдирди.
Мөөнөтсүз шайлоо жана президенттин ролун чыңдоо
Президенттин кеңешчиси Чемил Эртемдин айтымында, Түркияда эч кандай мөөнөтсүз шайлоо күтүлбөйт. Бирок Рейтер агенттиги АК партиядагы булактарга шилтеме жасап жазгандай, мөөнөтсүз шайлоонун күзгө барып өтүшү эң ыктымалдуу сценарий.
Мындагы башкы максат – парламенттеги добуштардын үчтөн экисин алуу. Бул президент Эрдоган Конституцияны референдумга чыгарбастан эле өзгөртүп алуусуна жол ачат. Азыр 550 орундуу парламентте АК партиянын 317 гана добушу бар.
Жаңы премьердин ысымы 22-майда барып белгилүү болору күтүлүүдө. Бул күнү АК партия кезексиз курултайына жыйналышы керек.
Жергиликтүү маалымдоо каражаттарында партлидерликке жана өкмөт башчылыкка талапкер катары беш адамдын ысымы аталып жатат. Алардын арасында президент Эрдогандын 38 жаштагы бир тууган күйөө баласы, азыр энергетика министри кызматын аркалаган Берат Албайрак да бар.