«Жихадчы» деп мүнөздөлгөн немис жарандарынын тобу 14-ноябрдын кечинде Стамбулдан Берлинге учуп келишти. Жети кишинин арасында төрт аял жана бир ымыркай бар.
Апта башынан бери немис атуулдарынан тышкары Британия менен Даниянын да кеминде бирден жараны мекенине жөнөтүлдү. Алар Лондон менен Копенгагенге жетери менен камакка алынганы кабарланды.
Араб тектүү бир америкалык жаран Грецияга барууну чечип, Афиныга жөнөтүлгөнү менен грек бийлиги аны чек арадан киргизбей койду. Ара жолдо калган бул кишини түрк бийлиги эми Кошмо Штаттарга жөнөткөнү жатат.
Түркия «Ислам мамлекети» террордук тобуна байланышы бар делген чет өлкөлүктөрдү өз мекенине жөнөтүү жараянын ушул дүйшөмбү күнү баштаган. Бийлик ар бир мамлекет өз жарандарынын маселесин өзү чечиши керек деген жүйөнү келтирип жатат.
- Чек арада калабы же калбайбы, бул эми бизди кызыктырбайт. Биз аларды жөнөтүүнү улантабыз. Кабыл алышабы же албай коюшабы, ал биздин маселебиз эмес, - деп билдирген түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 12-ноябрда Анкарадагы басма сөз жыйында.
«Хүрриет»: жоочулардын арасында кыргызстандыктар бар
Айтор, дүйшөмбүдөн бери Анкара көбүнчө Батыш жарандарын өз аймагынан чыгарды. Ошентсе да «Хүрриет» басылмасы мекенине жөнөтүлө турган 959 киши кеминде эле 33 мамлекеттин жарандары экенин жазып чыкты. Алардын арасында Кыргызстандын 23, Казакстандын 10, Өзбекстандын 82, Түркмөнстандын 6, Орусиянын 99 жараны бар деп айтылууда.
Түркия тиешелүү өлкөлөргө кабар берилгенин билдирип жатат. Бирок кыргыз бийлиги бул маалыматты ырастай элек. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен маалымат такталып жатканын айтышты.
- Кабар чыккандан кийин эле биз маалымат сураганбыз. Бизге азыр маалымат келе элек. Бизде бул боюнча иштеген консулдук департаментибиз бар. Биз аларга жана Түркиядагы элчилик менен башкы консулдукка айтканбыз. Азырынча маалымат келе элек, - деп билдирди «Азаттыкка» Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин жетекчиси Улан Дыйканбаев.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет да «Азаттыктын» бул боюнча суроосуна жооп бере элек. Түрк бийлиги «согушкерлер» деп мүнөздөгөн адамдар «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна байланышы бар экенин билдиргени менен алардын баары Сирияда кармалганын же башка аймактарда колго түшкөнүн тактаган жок. Ошондой эле миңге чукул адамдын канчасы эркек же аял экени да белгисиз. Бирок «Хүрриет» басылмасы депортациялана турган чет өлкөлүктөрдүн арасында 147 өспүрүм да бар экенин жазды.
«Ислам мамлекети» террордук тобу жарандык согуш жүрүп жаткан Сириянын жана Ирактын айрым чөлкөмдөрүн басып алып, «халифат» түзгөнүн жарыялагандан бери дүйнөнүн булуң-бурчунан агылып барган түмөндөгөн адамдар бул топко кошулуп кеткен. 2013-2014-жылдан бери Кыргызстандан да 800дөй адам уруш жүрүп жаткан аймакка кеткенин, алардын 200гө жакыны ошол жактарда каза болгонун күч органдары расмий кабарлаган. Кеткендердин 150гө жакыны кыз-келиндер болсо, көбүнүн балдары бар. Жакында бир нече кыргызстандык үй-бүлө Сирияга кеткен жакындарын кайтарып келүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен президент Сооронбай Жээнбековго да жардам сурап кайрылышкан.
«Жихадчылардын» тагдыры таразада
«Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун Жакынкы Чыгыштагы түйүндөрүнүн көбү талкалангандан бери Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлер менен түрмөлөрдө 10 миңге чукул экстремисттик топтун мүчөлөрү жана алардын үй-бүлөсү кармалып турганы кабарланып келет.
«Жихадчыларды» кайтаруу маселесине келгенде дүйнө өлкөлөрүндө пикирлер бир кылка эмес. Британия баштаган бир катар Европа мамлекеттери «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен айрым жарандарын атуулдуктан биротоло ажыратып, аларды кайра кабыл алууга каршы экенин билдирген.
14-ноябрда 30га чукул өлкөнүн расмий өкүлдөрү Вашингтонго чогулуп, Сириядагы камакта жаткан экстремисттердин маселесин талкуулашты.
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан согушкерлер кылмыш кылынган аймакта соттолушу керек деген жүйөнү келтирип, экстремисттик кыймылдын камактагы миңдеген мүчөлөрүн Иракта сот жообуна тартууну сунуш кылды.
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Сирия менен Иракта экстремисттердин кайра баш көтөрүшүнө жол бербей, анын алдын алуу үчүн Батыш мамлекеттерин өз жарандарын аймактан алып кетүүгө чакырды.
- Коалициянын мүчөлөрү камакта жаткан миңдеген чет өлкөлүк согушкерлерди алып кетип, аларды кылган кылмыштары үчүн жоопко тартышы керек, - деди Помпео.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан жыл башынан бери «Жусан-1» жана «Жусан-2» операцияларынын алкагында Сирия жана Ирактагы согуш аймактарынан 600 жаранын кайра артка кайтарып келген. Алардын үчтөн экиси балдар. Кайтарылгандардын арасынан бир тобу териштирүү иштеринен кийин сот жообуна тартылды.
Өзбекстан быйыл 30-майда «Жакшылык» (Добро) деген аталыштагы гуманитардык операциянын алкагында Жакынкы Чыгыштагы жаңжал жүргөн аймактардан 156 кишисин мекенине алып келди. 11-октябрда да Ирактан өзбекстандык 64 бала, арасында эки ымыркай Ташкентке кайтарылган.
Тажикстан болсо быйыл 30-апрелде Ирактан 84 баланы артка кайтарган. Көбүнүн энелери «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөлөрү катары соттолуп Иракта жазасын өтөп жатышат. Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы уруш аймактарынан өз жарандарын алып чыга элек.