Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Сириядан кайткан эне: «Аягылачы» дедим


Күрд козголоңчуга туткунга түшүп берген аял баласы менен. Сирия.
Күрд козголоңчуга туткунга түшүп берген аял баласы менен. Сирия.

Казакстанда Сириядан кайтарылган бир үй-бүлөнүн үч мүчөсүнө кылмыш иши козголгон. Жакында алардын бири - Аида Амангелдыны сот беш жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарды.

Прокуратура келинди «Ислам мамлекети» террордук тобуна көмөктөшкөн деп айыптаган. Келиндин бир тууган эки инисинин бири түрмөдө, экинчиси тергөө абагында отурат. Улуу агасы менен атасы Сирияда набыт болгон.

«Жазамды жеңилдетип бериңиз»

Аида Амангелды - 2015-жылы ата-энеси, бир туугандары менен кошо Сирияга чыгып кеткен. Прокуратуранын маалыматы боюнча үй-бүлө ал жактан «Ислам мамлекети» террордук тобунун согушкерлерине кошулган. Түркстан облусунун Казыгурт райондук соту 4-октябрь күнү беш жылга эркинен ажыраткан келин «Терроризмди жайылтуу, террордук аракеттерге чакырык таштоо», «Коркутуу», «Мамлекеттик атайын кызматкердин өмүрүнө коркунуч келтирүү» беренелери боюнча айыпталды.

Сот жараянындагы жарыш сөз учурунда прокурор Ерсин Алтаев айыпталуучунун күнөөсү тергөө учурунда толугу менен далилденгенин айтты. Ал Сирияда жүргөн учурунда «телекоммуникациялык тармактарды колдонуу менен терроризмди жайылтканы» тастыкталганын билдирди. Ошондой эле «Аида атасынын жана улуу агасы Нурдаулет Амангелдынын таасири алдында Сирияга чыгып, ИМ тобуна кошулган» деп айтты прокурор. Айыптоочу тараптын жүйөсү боюнча, Аида Казакстандагы туугандарын террордук уюмга кошулууга үндөгөн, ал айылдык имамды жана Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлүн Интернет аркылуу коркуткан. Аты аталгандар Аиданын соттук ишинде жабырлануучу деп саналышкан.

Судья Гүлмира Рахимбаева (оңдо) жана прокурор Ерсин Алтаев (солдо). Түркстан облусу, Казыгурт райондук соту. 4-октябрь, 2019-жыл.
Судья Гүлмира Рахимбаева (оңдо) жана прокурор Ерсин Алтаев (солдо). Түркстан облусу, Казыгурт райондук соту. 4-октябрь, 2019-жыл.

Акыркы сөз берилгенде Аида күнөөсүн мойнуна толук аларын, кылганы үчүн өкүнөрүн айтып, соттон жазасын жеңилдетүүнү өтүндү. Анын адвокаты Мусабек Байжаркынов да соттон ал Сирияга атасынын, агасынын таасири менен кеткенин, азыр кылганына өкүнүп жатканын эске алып, «келиндин ден соолугу начар экенине да көңүл бурсаңар» деп суранды. Судья Гүлмира Рахимбаева келинди беш жылга эркинен ажыратты.

Бир үй-бүлөдөн үчөө

Аида Амангелды - мурунку мугалим Марат Мауленовдун кызы. Казыгурт районунун тургуну, мурунку орус тил мугалими Марат Мауленов 2015-жылы алты баласын алып, Сирияга чыгып кеткен. Жакынкы Чыгышта жүргөн учурунда ал согушкерлер менен кошо Казакстандын бийлигине каршы видео кайрылуу жасаган. Ал 2017-жылы ИМ тобу кыйрай баштаганда Сирияда набыт болгон. Ал эми анын улуу баласы Нурдаулет Амангелды 2016-жылы көз жумган.

Марат Мауленовдун жубайы Айгүл Нысанбаева Сириянын кайсы аймагында болушканын «Азаттыкка» так айткан жок. Анын сөзүнө караганда, күйөөсү өлгөндөн кийин ал калган балдарын алып, согуш жүрүп жаткан аймактардан качкан. Ошондо күрд козголоңчуларынын колуна түшкөн. 2019-жылы майда «Жусан» операциясынын негизинде Казакстанга жеткирилген.

«Камайт деп күткөн жок элек»

Айгүл Нысанбаева Казакстанга кайтып келишери менен кызын жана эки уулун камап коюшканын айтты. Августта Түркстандагы жашы жете электер үчүн сот 2001-жылы туулган уулун алты жылга түрмөгө камаган. Диас Амангелды «терроризмди жайылткан, террорчулукка ачык үндөгөн» деп айыпталган. 1997-жылы туулган дагы бир уулу Абзал Амангелды - Нур-Султанда тергөө абагында. Анын беш жаштагы жана тогуз жаштагы уулдары азыр апасынын жанында.

Айгүл Нысанбаева балдарын кармап кеткен учурда да алардын айыбы эмнеде экенин сурай албаганын айтты:

- Мага бул темада сүйлөө өтө оор. Күчүм калбады. Абзалды январдан бери көрө элекмин. Диасты Чымкентте бир көрдүм. Кызым да камакта. Балдарымды кармап кетип жатканда алардын күнөөсү кандай экенин сурай албадым. Корктум. Өзүмдү да соттоп, кичинекейлеримди балдар үйүнө берип салышпаганына да шүгүр.

Айгүлдүн айтымында, кызы Аида Амангелды Сирияда жүргөндө күйөөгө тийип, эки бала төрөгөн. Бирок балдары ымыркай кезинде чарчап калышкан.

Урандылардын арасындагы келин. Сирия.
Урандылардын арасындагы келин. Сирия.

- Аябай жаман болчу. 2017-жылы биз эптеп мекенге кайтууну ойлодук. Бирок «Казакстан бизди кабыл албайт, баары бизди айыптайт» деп ойлодук. Бул коркунуч менен эки жыл жашадык. Ошентсе да эптеп качууну ойлодук, бирок корктук. Качып чыккандардын көпчүлүгү минага жарылышты. Күрддөрдүн колуна түшкөнүбүздө эле улуу уулдарымды өзүнчө алып кетип, түрмөгө камашты. Казакстанга келгиче кызым жанымда болгон...

Айгүл Нысанбаева күйөөсүн Сирияга азгыргандар аны «үй-бүлөң менен кел»​ деп көндүрүшкөнүн айтты:

- Биз бул жакка өз мекенибизде адамча жашоо үчүн кайтып келгенбиз. Беш жаштагы уулум жанымда, тогуз жаштагысы мектепке барат. Мага элдин баары эле бизди күнөөлөп жаткандай сезилет. Мен баарынан кечирим сурадым, «аяп койгулачы» деп өтүндүм. Мен дагы башка эмне кыла алам? Мен чарчадым.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Сирия жана Иракка чыгып кеткен казакстандыктардын саны 800гө жакын экенин маалымдаган. «Жусан» операциясынын негизинде 2019-жылы мекенине 516 адам кайтарылган, алардын 360сы балдар. Кайтарылып келгендердин айрымдарына кылмыш иши козголгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG