Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:28

Тохиржанды жалдыраткан жарандык маселеси


Тохиржан Толкунжан уулу.
Тохиржан Толкунжан уулу.

Тохиржан буга чейин "паспорт алып берем" деген ортомчуларга акчасын алдатып, эми анын ишин укук коргоо кыймылы өз көзөмөлүнө алды. Тийиштүү адистер жарандык алуу процесси көп убакыт талап кылаарын билдиришет.

Жалал-Абад шаарындагы дөңгөлөк желимдөөчү жайлардын биринде уста болуп иштеген Тохиржан "паспорт колума тийсе аскерге кызмат өтөгөнү кетем" деп камынып турат. Бирок атасы өзбекстандык, апасы кыргызстандык жигиттин колунда эч кандай документи жок болгондуктан, армияга кабыл алынбай жатат.

Атам өзбекстандык экенин, апам бул жакта каза болуп калганын айтсам, "анда апаңдын каза болгондугу туралуу кара кагазын алып кел" деди.

- Аскерге барып кызмат өтөйүн десем, колумда паспортум жок. Ошол себептүү 2014-жылы паспорт столуна алайын деп барсам, бир топ документтерди жазып беришти. Бирок мен атам өзбекстандык экенин, апам бул жакта каза болуп калганын айтсам, "анда апаңдын каза болгондугу туралуу кара кагазын алып кел" деди. Мен сотко берип, араңдан зорго ошол документти таптым. Бирок баары бир аны менен эле иш бүтпөйт экен.

Тохиржан Толкунжан уулу 1995-жылы Жалал-Абад шаарында төрөлгөн. Өзбекстандын жараны болгон атасы Толкунжан Усманов 1997-жылы кыргызстандык апасы менен ажырашып, Андижанга кетип калган. 2 жаштагы Тохиржан ошол кездери таенесинин колунда калып, апасы башкага турмушка чыккан соң 2000-жылы кайтыш болгон. 2010-жылы таенесинин көзү өтүп, ал таекелеринин багуусунда калган. Эрезеге жеткен соң паспорт алуу түйшүгү пайда болуп, орто жолдо шылуундарга да алданган экен.

- Жалал-Абад шаардык паспорт-виза бөлүмүнө биринчи жолу эжем менен барганда "атасы өзбекстандык экен, ал жактан биз билдирүү алышыбыз керек. Мен сиздерге жардам берем" деп Алмаз аттуу кызматкери бизден 200 доллар акча алган. Анткени Ташкентке барып атам тууралуу маалымат алып келээрин айткан. Бирок ал ишин аягына чыкпай, Өзбекстандан документ алып келе алган жок. Ошол бойдон жок болуп кетти. Азыр ал кызматкер ал жерде иштебей калыптыр. Мен өзүм шардагы №21 мектепте 5-класска чейин гана билим алгам. Андан соң турмуш шартка байланыштуу мал багып, түрдүү жумуштарда жалданып иштеп жүрдүм.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2017-жылы Тохиржан “Справедливость” укук коргоо уюмуна паспорт алууда жардам сурап кайрылган. Алардын көмөгү менен анын атасы тууралуу билдирүү Өзбекстандан алынып келинип, учурда комиссиянын кароосуна берилди. Бул тууралуу уюмдун юристи Нурислам Раимжанов айтып берди:

- Бул бала бизге бир жыл мурун кайрылган, ага чейин 3 жыл мурда да Мамкаттоого паспорт алыш үчүн барган экен. Ошентип Тохиржан 4 жылдан бери паспорт ала албай жүрөт. Биз бул баланын маселеси боюнча шаардык Мамкаттоого барсак, "Өзбекстандан атасы тууралуу билдирүү алып келиш керек" деп баш тартып коюшту. Бишкек шаарындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын өзүнө барып кайрылдык, алардан да жыйынтык болгон жок. Акыры уюм өзүбүз Өзбекстанга билдирүү жөнөтүп, атасы Толкунжан Усманов тууралуу жана Тохиржан ал жактын жарандыгын алуу боюнча кайрылбаганы тууралуу кат алдык. Бул иш боюнча биз сотко кайрылсак, "Мамкаттоо өзү чечет" деп жооп берген.

Мамлекеттик каттоо кызматынын Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Исмаилова бизге мындай маалымат берди:

- 2017-жылдын октябрь айында Тохиржан Толкунжан уулу бизге паспорт алыш үчүн кайрылган. Бала 18 жашта убагында паспорт алган эмес. Ошондуктан атасы Өзбекстандын жараны болгондуктан атасы тууралуу жана Тохиржан ал жактан жарандык алыш үчүн кайрылбагандыгы тууралуу бизге маалымат керек болчу. Ал маалымат бизге ушул жылдын 19-март күнү келген. Келе жаткан шаршемби күнү комиссияда бул баланын документтерин карап, "жарандыгы жок адам" деп чечим кабыл алабыз. Андан соң жарандык алууга документтерин чогултуп, Бишкекке жөнөтөбүз. Бул процесс президент кол койгончо 3 айлык же андан ашык мөөнөттү талап кылыш мүмкүн. Кудай буюрса быйыл бул бала бизден паспорт алат.

"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" мыйзамдын 12-беренесине (“Туулгандыгы боюнча жарандык алуу”) ылайык "бала туулган учурда ата-энесинин бири Кыргыз Республикасынын жарандыгында турса, ал эми бири жарандыгы жок же белгисиз адам болсо төрөлгөн жерине карабастан бала Кыргызстандын жараны болуп саналат" деп көрсөтүлгөн. Ошол себептүү “Справедливость” укук коргоо уюмунун юристи Нурислам Раимжанов "Мамкаттоо мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды аткарбай жатат" деди.

Бул балада апасынын паспорту жана өзүнүн ушул жерде тулгандыгы тууралуу күбөлүгү бар, ушул документтердин негизинде жарандык алса болот болчу.

- Бул баланын Кыргызстанда туулуп, ушул жерде жашаган жөнөкөй жаран катары жарандык алууга толук укугу бар. Жарандык жөнүндөгү мыйзамдын 9-беренесине (“Кыргыз Республикасынын жарандыгын күбөлөгөн документтер”) ылайык - бул балада апасынын паспорту жана өзүнүн ушул жерде тулгандыгы тууралуу күбөлүгү бар, ушул документтердин негизинде жарандык алса болот болчу. Бирок эмнегедир паспорт берүү бөлүмү ишти артка жылдырып келе жатат. Паспорту жок бул баланы кээде милиция кызматкерлери да кармап кетет экен. Андыктан эртерээк ага паспорт зарыл болуп турат.

Расмий маалыматтар боюнча, быйыл жыл башынан бери Кыргызстандын жарандыгы 1200дөн ашуун кишиге берилсе, алардын 154ү балдар болуп саналат. Алардын көпчүлүгү Өзбекстан менен Тажикстандын мурунку жарандары жана тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздар. Ал эми кыргыз жарандыгынан 629 киши чыгарылган.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG