Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:47

"Тергөөчүлөр тымызын маалымат берип турган". Журналисттердин соттогу көрсөтмөсү


Айке Бейшекеева, Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков жана Актилек Капаров.
Айке Бейшекеева, Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков жана Актилек Капаров.

Журналист Махабат Тажыбек кызы сотто депутат Шайырбек Ташиев жөнүндөгү иликтөөлөрдү жасаганда айрым маалыматтарды ИИМдин тергөөчүлөрүнөн алып турганын айтты.

Temirov Live долбоорунун мурдагы жана азыркы 11 журналистинин иши боюнча Ленин райондук сотунда отурум уланып, 5-июлда айыпталуучулар көрсөтмө бере баштады.

"Тергөөчүлөр тымызын маалымат беришкен"

Жактоочулар жана айыпталуучулар дагы бир жолу отурумду фото-видеого тартууга өтүнүч келтиришти.

Судья Кылычбек Истамкулов өтүнүчтү канааттандырган жок. Ошентип, айыпталуучулардын ичинен алгач Махабат Тажыбек кызы көрсөтмө бере баштады.

Ал Temirov Live каналындагы ички иштер министри Улан Ниязбеков жана депутат Шайырбек Ташиев жөнүндөгү иликтөөлөргө “Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрү тымызын маалымат берип жүргөн” деп айтты.

Тажыбек кызы "айрым тергөөчүлөр маалымат берүү менен ишеничке кирип, чагым кылууга аракеттенген" деди көрсөтмө берип жатып. Ал сот залынан чыгып бара жатып, тергөөчүлөр жөнүндө сотто айткан сөзүн кайталады.

Махабат Тажыбек кызы
Махабат Тажыбек кызы

“Иликтөөчү журналист болгондон кийин, баары менен иштешебиз. Анан мени садага чапкысы келип, мени тыгып, өздөрү качып кеткиси келип жатат. Айпадым беле, дагы кайталайм ошол Улан Ниязбеков жөнүндө маалыматтарды өздөрү берген", - деди күзөтчүлөрдүн коштоосунда бара жатып.

Тажибек кызы өзүнө коюлган айыптарга макул эместигин, алар журналист катары милдетин аткарып келгенин айтты.

Ошондой эле ишин козгоого негиз болгон материалга көпчүлүк айыпталуучулардын тиешеси жок экенин белгиледи.

ИИМдин жообу

Махабат Тажыбек кызынын тергөөчүлөр тууралуу соттогу көрсөтмөсү жөнүндө Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Тилек Оторов биздин суроолорго мындай жооп берди:

- Азыр сотко өткөн материалга эч кандай комментарий бере албайбыз.

- Ал "бизге тергөөчүлөр дагы материал берип турган" деп айыптап жатат го?

- Айтсын кайсы тергөөчү экенин, көрсөтмө берсин, мыйзам чегинде каралат”.

- Жапеков, Байышов деген ысымдарды атады окшойт...

- Эми айтса, көрсөтмөсү мыйзам чегинде каралат.

Тажыбек кызы айтып жаткан Жапеков деген тергөөчүнүн фамилиясы буга чейин Кемпир-Абад иши сыяктуу саясий өңүтү бар иштерде дагы аталып келет. Жапековдун өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Уюштуруучу деп айыпталган эки шектүү

Сотто мамлекеттик айыптоочулар “каржы булагы, материалдарды жарыялоого ким жоопкер болгону жана журналисттик эрежелер” жөнүндө суроо узатышты. Ошондой эле отурумда кылмыш ишинде эки шектүү уюштуруучу катары айыпталып жатканы белгилүү болду.

Жактоочу Улан Сейитбеков буларга токтолду:

“Айыпталуучу Махабат Тажибек кызы жана Маданбек Капаровго “массалык башаламандыкка чакырууну уюштуруу" деген берене менен айып коюлуп жатат. Калгандары бул берене боюнча көмөк көрсөткөн деп жатышат”.

Журналисттердин сот иши аптанын жума күндөрү болууда. Азыр жапырт камалган 11 журналисттин ичинен Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, акын Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип келген Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева тергөө абагында.

Актилек Капаровдун апасы Кундузбү Маматова уулу үй камагына чыгарынан үмүт кылып келет.

“Ар бир сотунан калбай эле келип жатам. Үй камагына чыгып калабы деп үмүт кылам. Сот отурумдары бүтпөй жатат окшойт. Баламдын башаламандыкка эч кандай тиешеси жок. Сотто Махабат өзү дагы "башаламандыкка барган эмеспиз" деди. Капаровдун эч кандай тиешеси жок экенин дагы айтты”, - деди апасы уулу менен темир тордон коштошуп жатып.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасында иштеген, иликтөө менен алектенген 11 журналисттин үйүндө быйыл 16-январда таң эрте милиция тинтүү жүргүзүп, кармап кеткен. Эртеси Биринчи май райондук сотунун чечими менен баары камакка алынган. Жети киши түрдүү себептер менен үй камагына чыгарылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин менен иш козголгонун билдирген. Журналисттер айыптоону четке кагып, бул алардын кесиптик ишмердигине байланыштуу экенин айтып келет. Бирок бийлик бул адамдар журналисттик билим алган эмес деген жүйө кылып, ишти сөз эркиндигине басым дегенден алыстатууга аракет кылууда.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG