Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:23

Талиб өкмөтүн молдо Барадар жетектеши мүмкүн


Абдул Гани Барадар
Абдул Гани Барадар

Ооганстанда өкмөттү "Талибандын" негиздөөчүлөрүнүн бири Абдул Гани Барадар жетектеши мүмкүн. Кыймылдын бардык жетекчилери Кабулга чогулуп, өкмөттү жарыялоого камынып жатышат. Ал тапта талибдер Кытай Ооганстандын негизги өнөктөшү болорун шардана кылды. 

"Талибандын" саясий канатынын башчысы молдо Абдул Гани Барадар Ооганстандагы жаңы өкмөттү жетектейт. Бул тууралуу Reuters агенттиги үч булакка таянып жазып чыкты. Андагы маалыматка ылайык, жаңы өкмөттүн курамында кыймылдын негиздөөчүсү молдо Омордун уулу, аскердик комиссиянын башчысы Мухаммед Якуб, “Талибандын” Дохадагы саясий кеңсесинин мүчөсү Шер Мохаммад Аббас Станекзай жетекчилик кызматтарды ээлейт.

Өз атын атагысы келбеген “Талибандын” мүчөсү “Бардык жогорку жетекчилер Кабулга келишти. Учурда жаңы өкмөттү жарыялоо боюнча даярдыктар аяктап жатат” деп билдирген.

Ал эми башка бир булак “Талибандын” лидери Хайбатулла Ахунзаде болсо өлкөнү шарияттын негизинде башкаруу иштерин өз колуна аларын кабарлады.

Хайбатулла Ахунзаде
Хайбатулла Ахунзаде

Талибдердин дагы бир өкүлү "Франц-пресс" агенттигине билдиргендей, жаңы өкмөттүн курамы 4-сентябрдан эрте жарыяланбайт.

Жаңы өкмөттү жетектейт деген молдо Барадар “Талибан” кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал 2010-жылы АКШ менен Пакистандын чалгын кызматтарынын операциясынын алкагында Карачиде кармалган.

54 жаштагы Барадар сегиз жыл Пакистандын түрмөсүндө отургандан кийин эркиндикке чыккан. Мындан соң талибдердин атынан эл аралык сүйлөшүүлөргө катышып, 2020-жылдын башында Ооганстандагы 20 жылдан бери уланып жаткан согушту токтотууга багытталган АКШ менен түзүлгөн келишимге кол койгон.

Көп өтпөй телефон аркылуу Кошмо Штаттардын ошол кездеги президенти Дональд Трамп менен сүйлөшкөн.

Исламчыл кыймыл 15-августта борбор калаа Кабулду басып алган соң Ооганстандагы бийликти кандай түзөт деген суроо көңүл борборунда турат. Талибдер 20 жыл мурдагыдан өзгөргөнүн, бул жолу байистүү идеяларды колдой турганы боюнча убадасын канчалык өтөсүнө чыгат деп дүйнөнүн ири өлкөлөрү байкоо салып турат. “Талибан” 1996-2001-жылдары Ооганстанды башкарып турганда шарияттын негизинде абдан катаал эрежелерди киргизген эле.

Талибдер түзгөн өкмөттү легитимдүү бийлик катары таануудан Ооганстандын кыйраган экономикасын калыбына келтирүү, эл аралык финансы институттарынан келчү жардам көз каранды. Учурда ооган казынасы бош. 240 миңден ашык адамдын өмүрүн алган согуш, коронавирус пандемиясы, быйылкы кургакчылык өлкөнү абдан оор кырдаалга кептеди.

Мындай кырдаалда “Талибан” Кытай менен дипломатиялык алаканы улантып, жардам берет деп үмүттөнүп жатат.

Кыймылдын расмий өкүлү Забихулла Муджахид 2-сентябрда Италиялык La Repubblica гезитине берген маегинде Кытайды “башкы өнөктөш” деп атап, бул өлкө экономикалык кыйроодон сактоого жана Ооганстанды калыбына келтирүүгө жардам берерин шардана кылды.

АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Кабулдагы элчиликтерин жаап, буга чейинки өкмөткө убада кылган финансылык жардамдарды токтотту. Вашингтон Ооганстандын Борбордук банкындагы эсептерин убактылуу жапты. Муну менен талибдер миллиарддаган долларды колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, өлкөдө банк чөйрөсүндөгү кризисти шарттаган.

Батыш өлкөлөрү учурда талибдерди өлкөдөн чыгууну каалаган адамдарга уруксат берүүнү, гуманитардык жардамга коридор ачуу жана террордук уюмдар менен байланышты толугу менен үзүп, адам укугун, өзгөчө аялдардын укугун коргоону талап кылышууда.

Еврокомиссиянын тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел Ооганстандан чыгууну каалаган жарандардын коопсуздугу боюнча сүйлөп жатып:

"Биз кыска убакытта 127 миңден ашык адамды алып чыгып кеткенибиз чоң ийгилик. Бирок бул санды биз чыгара албай калган адамдардын санына салыштырып баалашыбыз керек. Бул жаатта иштөө биздин алдыбыздагы эң башкы жана кечиктирилгис тапшырма”, - деп билдирди.

Батыш мындай талаптарды коюп жатканы менен талибдер кызматташууну көздөп жаткан Кытайды адам укуктары жаатындагы абал кызыктырбайт. Бул өлкө Ооганстан менен экономикалык жана коопсуздук жаатындагы кызыкчылыктарды гана көздөшү мүмкүн.

"Талибандын" өкүлү Забихулла Муджахид талибдер Бээжиндин “Бир алкак, бир жол” долбооруна кызыкдар экенин билдирди.

“Биздин өлкө ири жез кендериине бай. Алар Кытайдын жардамы менен ишке кирип, заманбап абалга келет. Кытай аркылуу биз дүйнөлүк базарга чыгууга мүмкүнчүлүк алабыз”, - деп белгилеген.

Азыркы тапта расмий Бээжин Кабулдагы элчилигин жаппай, мамилени бекемдеп, гуманитардык жардам убада кылганы да кабарланууда.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG