Кыргызстанда жогорку окуу жайларды бүтүрүп кеткен оогандыктар президент Садыр Жапаровго кайрылып, аларга жардам берүүнү өтүнүштү.
"Бизди талибдер өлтүрүп кетиши мүмкүн" деген жыйырмадан ашуун оогандыктар Кыргызстанга барып жашоого уруксат беришин суранып жатышат. Алар Ооганстандын ар кайсы провинцияларында отурукташкан жана дээрлик бардыгы буга чейин мамлекеттик кызматтарды ээлеп, университеттерде сабак берип келген.
"Азаттык" Ооганстандын баш калаасы Кабулда жашаган Ахмад жана Сиражуддин менен байланышты. (Алардын суранычы менен ысымдары өзгөртүлдү)
- Кыргызстанда канчанчы жылдары, кайсы окуу жайда билим алдыңар эле?
Ахмад: 2007-2014-жылдары Бишкектеги Эл аралык Ататүрк Ала-Тоо университетинде окугам. Ал жактын Эл аралык мамилелер факультетин бүтүрүп, мекениме, Ооганстанга кайткам. Бизди Кыргызстандан билим алып келүүгө өзүбүздүн өкмөт жиберген. Кыргыз туугандар бизди жакшы тосуп алып, жакшы мамиле жасашкан. Болгон азыркы билгенибиздин баарын Кыргызстандан үйрөндүк десем жаңылбайм. Мен мисалы, англис, орус, түрк, кыргыз тилдерин үйрөнүп кайттым. Ушул күнгө чейин Жогорку сотто иштечүмүн.
Сиражуддин: 2009-жылы Жалал-Абад коммерциялык университетине тапшырдым, 2015-жылы магистратураны аяктадым. Бизде Рахматулло деген депутат болгон, Кыргызстанга барып билим алууну ошол киши сунуштаган. Ал Кыргызстанда билим деңгээли жакшы экенин айтып, ынандырган. Мен Ички иштер министрлигинин баңгизатка каршы күрөшүү бөлүмүндө иштечүмүн.
- Учурда Ооганстанда мурда-кийин өкмөттүк кызматтарда иштегендер талибдерден өзгөчө кооптонуп жатканы тууралуу маалыматтар чыгып жатат. "Талибан" кыймылы мамлекеттик кызматтарда иштегендерди кечиргенин айтып, аларды куугунтукка албоого убада берди. Азыр абал кандай? Талибдердин мындай убадасына ишендиңерби?
Ахмад: Мурда өкмөттүк кызматтарда иштегендер абдан коркуп жүрөбүз. Абалыбыз жакшы эмес. Коркуп, жашынып жатабыз. Талибдер ар кандай чабуулдарды уюштуруп, кол салып келгенин баары билет. Биз алардын убадаларына ишенбейбиз. Анткени алар мурда деле убадасын аткарган эмес. Мисалы, мен иштеген Жогорку сот кантип талибдерге жаксын? Аялым да прокуратура кызматкери эле. Бул жактагы Кыргызстандан билип алып келген оогандыктар коркуп, жашырынып жүрүшөт. Эртең эмне болорун эч кимибиз билбейбиз.
- Айрым маалыматтарга караганда, кээ бир провинцияларда талибдер үймө-үй кыдырып, мурда мамлекеттик кызматтарда иштегендерди басым-кысымга алып жатыптыр. Чындыгында ошондой учурлар катталып жатабы?
Ахмад: Ооба, Кабулдан башка шаарларда ошондой эле болуп жатат. Үйлөрүн тинтип, текшерип жүрөт. Борбордо андай каттала элек. Бирок чет элдик күчтөр, америкалыктар чыгып кеткенден кийин андай болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Өкмөттө иштегендерди куугунтукташат. Анткени кылмышка барган талибдердин баары сот аркылуу кесилген. Эми алар өздөрүн соттогон адамдардан өч алгысы келиши ыктымал.
- "Талибан" кыймылы 2001-жылга чейин бийликте отурган кез эсиңиздеби? Сиз анда канча жашта элеңиз?
Ахмед: 7-8 жашта болчумун. Ал кезде кыз-келиндерге иштөөгө, окууга тыюу салынган. Эми да ошондой болоруна 100% ишенем. Кыз-келиндерди, билимдүү адамдарды, жада калса англисче билген адамдарды куугунтукташы мүмкүн. Аларга «чет өлкөлүктөр менен иштегенсиңер» деп жаман мамиле кылышы ыктымал.
- Сиражуддин бир катар эксперттер Ооганстан коррупцияга белчесинен батып калганын айтып жатышат. Ошондой эле президент Ашраф Гани дагы талибдер Кабулга кирип барары менен өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу карапайым оогандыктар эмне деп жатышат?
Сиражуддин: Ашраф Ганини эл өтө жаман көрүп, өлкөнүн ушундай абалга келишине дал ошол кишини күнөөлөп жатат. "Тарыхтагы эң жаман президент, өз өлкөсүнө, элине кыянат кылды" деп айтышууда. "Акчанын баарын өзү менен алып чыгып кетти" деген сөздөр дагы тарап жатат. Гани мамлекет башына келгени Ооганстанда коррупция күч алды. Өзү «коррупцияга каршымын» деп айтканы менен анын жанындагы адамдар анык жемкорлор болчу. Ооганстанда бардык тармакта коррупция кеңири жайылган.
- Армиянын күчүнө, силерди сактарына ишендиңер беле?
- Ооба, биз ишенгенбиз. Бизде армия жакшы эле болчу да. 350 миңдей аскер бар эле. Адамдар ишенип жаткан. Ошондой эле оогандыктардын айтымында, Гани армиянын башында турган күчтүү генералдарды алып салган. Алардын ордуна ага баш ийген, сөзүн уккан кишилерди койгон. Ошолор армияны дээрлик жок кылышты.
- Эми Кыргызстандагы студенттик күндөргө кайтып келсек, ошол жылдар эмнеси менен эсиңерде калды?
Сиражуддин: Кыргыз досторубуз көп болгон, тайпалаштарыбыз менен жакшы мамиледе болчубуз. Айрымдары менен ушул күнгө чейин сүйлөшүп турабыз. Жалпы эле кыргызстандыктар бизди бөлүп-жарбай жакшы мамиле кылышкан.
Ахмад: Дароо жакшы күндөр көз алдыма тартылат. Кыргызстандыктар менен бир туугандай эле мамиледе болгонбуз. Конок деп сый мамиле жасашкан. Кыргызстанда жогорку окуу жайларды бүтүп келген жыйырмадан ашуун оогандык барбыз. Азыр биздин жашообуз чоң коркунучта турат. Баарыбыз мамлекеттик кызматтарда иштегенбиз. Бизди өлтүрүп да кетиши мүмкүн. Ошондуктан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго, өкмөтүнө кайрылып, жардам сурайбыз. Биз Кыргызстанда окуганбыз, силердин мамлекетти жакшы билебиз. Бизге Кыргызстанга барып жашоого уруксат бериңиздер. Оогандыктардын баары террорист, экстремист эмес. Биздин мурунку иштеген жерлерибиздин баарын текшерип көрүшсө болот. Кыргызстанда ооган диаспорасы бар. Алар да бизди жакшы тааныйт. Биз Кыргызстанда окуп жүргөндө эч кандай мыйзам бузбай, жергиликтүү эрежелердин баарына баш ийип, баары менен ынтымакта жашаганбыз. Бизге жардам бериңиздер.