Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:42

Соцтармактын эркиндиги Таласта талкууланды


Таластагы жыйын.
Таластагы жыйын.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун социалдык тармактарда туура эмес маалымат тараткандарга 20 миң сомдон жогору айыппул салуу тууралуу мыйзам долбооруна каршы чыккандар аймактарда кол топтой баштады.

Бүгүн "Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция" коомдук бирикмеси Талас, Баткен жана Ысык-Көл облустарында коомдук талкуу уюштурду. Ага активисттер, укук коргоочулар, Акыйкатчынын өкүлү жана журналисттер катышты.

Таластагы жергиликтүү радиолордун биринде кабарчы болуп иштеген Айжамал Кубанычбекова "Фейсбук", "Твиттер" сыяктуу социалдык тармактарды активдүү колдонуп, облустагы көйгөйлүү маселелер боюнча оюн ачык жазып келет. Ошондуктан ал депутаттын Жарандык кодекске жогорудагыдай өзгөртүү киргизишин колдобойт:

Айжамал Кубанычбекова.
Айжамал Кубанычбекова.

- Мен өзүм соцтармактарда аябай көп отурам. Талкууларды жаратып, талкууга катышам. Эгерде бул долбоор күчүнө кирсе, биз спорт жаңылыктары менен аба ырайын гана угуп, окуп калабыз.

Депутат Дастан Бекешевдин демилгеси Талас шаарындагы «Облустук жаштар кеңеши» коомдук бирикмесинде талкууланды. Акыйкатчы институтунун Таластагы өкүлү Жакшыгүл Узакбаева демилгени негизинен колдоду, бирок айыппулдун ченемин колдогон жок:

- Айыппулдун 20 миң сомдон жогору болуп жатканы туура эмес деп ойлойм. Анткени акчаны төлөш үчүн ошол жаран үй-бүлөсүнө материалдык зыян келтириши мүмкүн. Бирок ар бир жаран өзүнө келтирилген моралдык зыянды өндүрүүгө, доо коюуга, соттошууга укугу бар. Анткен менен канча сумманы өндүрүш керек - ал соттун изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен чечилет.

Ал эми талкууну уюштурган "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын юристи Тариэл Алиев Бекешевдин сунушун соттордун ишине кийлигишүү катары сыпаттады:

- Мисалы, доогер 50 миң сом сураса, сот жоопкердин 50 миң сом төлөй албай турганын көрсө да ал 20 миң сомдон ылдый айыппул сала албай калат. Бул соттор кандай чечим кабыл алышы керек деген инструкция жазгандай эле болуп калды.

Иш-чарага жергиликтүү бийликтен чакырылган өкүлдөр катышкан жок. Ошентсе да ар кандай талкууга жем таштаган мыйзам долбоору боюнча өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Бакай Абдымаликтин пикирин уктук:

Бакай Абдымалик.
Бакай Абдымалик.

- "Баш кесмек бар, тил кесмек жок" дейт. Коомдогу болуп жаткан терс көрүнүштөр ар дайым айтылып турушу керек. Ансыз коом тазарбайт. Негизи биз башынан эле ачык-айкындуулукка умтулуп келе жатабыз. Андыктан коомдогу болуп жаткан көйгөйлөрдү ортого алып чыгыш керек. Сын-пикирге даярбыз.

Жарандык кодекстин жаңы редакциясынын долбоору коомдук талкууга былтыр ноябрда чыгарылган. Аны КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев иштеп чыккан.

Кодекске киргизиле турган өзгөртүүлөр маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда жарыяланган жарандардын ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнүн жол-жобосун аныктайт. Ага ылайык, сот жарандарга социалдык түйүндөрдө кайсы бир маалыматты төгүндөөнү милдеттендирсе, алар аны бардык колдонуучулар тааныша алгыдай шартта жарыялашы керек болот. Төгүндөөнү дароо өчүрүп салууга тыюу салынат.

Ошондой эле сот эгер социалдык тармакка жарыяланган пикир кайсы бир адамдын кадыр-баркына шек келтирет деп тапса, аны көчүрүп баскан маалымат каражаты да дароо өчүрүүгө милдеттүү болот.

Буга кошумча сот чечим чыгарганда таянууга тийиш болгон моралдык зыян үчүн кенемтенин эң төмөнкү чеги катары 20 миң сом каралган. Бул арыз берген жаран кенемтенин суммасын өзү аныктабаган учурда колдонулат.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Байкоочулардын баамында, мыйзам долбоору кабыл алынып калса негизинен журналисттер менен активисттер өз пикирин эркин билдирүү укугунан ажырап калышы мүмкүн. Анткен менен долбоордун автору Дастан Бекешев мындай пикирлерди четке кагып, өзгөртүүлөрдү Жарандык кодексти учурдагы талапка ылайык келтирүү аракети менен гана байланыштырып келет.

Мындай жыйындар буга чейин Ош, Чүй жана Жалал-Абадда өткөн. Шейшембидеги талкуу Баткен, Ысык-Көл жана Талас облустарында уюштурулуп, долбоорго каршы чыккандардан кол топтолду. Кайрылуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго жана фракция лидерлерине жөнөтүлөөрү маалым болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG