Социалдык тармактарга мыйзамдык чектөө киргизүү аракетине коомдо кастыкты козуткан маалыматтардын көбөйгөнү себеп болуудабы же бул бийликтин эркин ой айткан пикирлерди ооздуктоо далалатыбы?
“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жана журналист-серепчи Турат Акимов катышты.
“Азаттык”: Улан мырза, сиз парламентте социалдык тармактарды жөнгө сала турган мыйзамды иштеп чыгуу боюнча демилге көтөрүп жатасыз. Бул сунуш мурда да сиздин фракциялашыңыз тарабынан айтылган эле. Андай мыйзамды иштеп чыгуунун негизги себеби, зарылчылыгы эмнеде?
Улан Примов: Биздин максатыбыз мындай мыйзамды кабыл алуу менен сөз эркиндигине чектөө коюу эмес. Мен сөз эркиндигин колдойм, ушул убакка чейин да колдоп келгенмин.
Бул жерде башка маселе бар. Ошол эркиндикти жамынып алып, улут аралык кастыкты козуткан же болбосо элди түндүк-түштүккө бөлгөн маалыматтарды таратып жатышат. Чет өлкөлөрдө туруп алып, Кыргызстан жөнүндө ар кандай терс пикирлерди биздин маалымат айдыңына коюшуп, Кыргызстанды өзүнчө эле сыноо полигону кылып алгандар көбөйдү. Бул бизди кооптондура турган маселе.
Элдин өз оюн билдирүүгө чектөө деген сөз жок. Аларга көзөмөл жүргүзүү зарыл болуп жатат. Бизде терроризм, диний көз караштар боюнча, дегеле биздин коопсуздугубузга, улуттук кызыкчылыгыбызга байланыштуу жалган маалыматтардын жарыяланышынан улам ушундай маселе келип чыгып жатат. Ошондой эле "бул мыйзам долбоору бийлик тарабынан заказ болгон, алардан сунуш түшүп жатат" деген пикирлер туура эмес.
“Азаттык”: Клара айым, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина мурдагы жана азыркы президентти сындагандарды жоопко тартуу боюнча демилгесине укуктук баа берүүнү талап кылып келет. "Бул мыйзам долбоору менен өкмөт ошол талапты аткарып жатат" деген пикирлер бар. Сиздин оюңуз кандай?
Клара Сооронкулова: Кандай мыйзам демилгеси болбосун бардык тарабынан изилденип чыгышы зарыл. Менин оюмча, бул мыйзам боюнча демилге популисттик кадам болуп жатат. Анткени социалдык тармактарды улуттук деңгээлде жөнгө салуу мүмкүн эмес. Депутат мырза айтып жаткан чет жерден жазып жаткандарды Кыргызстанда кантип жөндөйбүз? Мисалы, "Фейсбук" социалдык тармагын колдонуучулардын 75 пайызы сырттан жазып жатышат. Биз америкалыктарга “биздин мыйзам боюнча жөнгө салгыла” деп айта албайбыз. Былтыр жазында Орусияда да ушундай демилге көтөрүлгөн. Кызыгы, бир аз убакыт өтпөй эле Кыргызстанда да көтөрүлүп жатат. Бул мыйзам аларда четке кагылган, анткени аны техникалык жактан аткаруу мүмкүн эмес.
“Азаттык”: Турат мырза, "социалдык тармактарда улут аралык, диний ишенимдер, аймактар ортосунда кастыкты козутуучу материалдар чыгып жатат" деп айтылууда. Эгерде ошол материалдар коомго коркунуч туудуруп жатса, анын колдонуучулардын жоокерчилиги кантип каралышы керек? Аларды кандай жол менен ооздуктаса болот?
Турат Акимов: Негизи терроризм, расалык бөлүнүү ж.б. мамлекеттин коопсуздугуна карата же эл аралык деңгээлде коркунуч келип чыкса социалдык тармактардагы маселени БУУнун деңгээлинде чечсе болмок. Мисалы, биздин депутат коомго коркунуч туудуруп жаткан терроризм, порнография ж.б.эл аралык коркунучтар боюнча эл аралык уюмдарга кайрылып, социалдык тармактарды түзүүчүлөргө талаптар коюлушу керек.
Социалдык тармак дүйнөлүк маселеге айланууда. Азыр эл аралык коомчулук Сирияда ж.б. мамлекеттерде терроризм менен чогуу күрөшүп жатпайбы. Бул жерде дагы ошондой мамиле, ошондой биргелешкен аракеттер керек. Дүйнө миң бутактуу чоң дарак болсо, Кыргызстан анын бир эле бутагы...
(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)