Жергиликтүү бийлик акцияга чыккандарга "түшүндүрүү иштерин" жүргүзүп жатканын, ал эми жарандардын нааразычылыгынын себептери иликтене турганын билдирди.
Социалдык медиага тараган видеодо жүзгө жакын жигит жергиликтүү өкмөттүн имаратынын жанына чогулуп, кыйкырып жатканын көрүүгө болот. Видеодо жаштардын эмне үчүн чогулганынын себебин аныктоо мүмкүн эмес. Бирок күбөлөрдүн айтымында, жергиликтүү бийлик түзгөн атайын топтор жаштарды сакал-мурутун алууга мажбурлап жатышат.
Ванж аймагынын төрагасы Жаббор Косим 15-августта "Азаттык" радиосунун тажик кызматына, митингге чыккан жаштар менен сүйлөшкөнүн жана жергиликтүү бийлик алардын нааразылыгынын себептерин текшерип жатканын билдирген.
Бирок Ванждын тургундары нааразылык акциясына катышкан алты жаран укук коргоо органдарына суракка чакырылып жатканын жана аларга каршы кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин айтышууда.
Ал эми Ванждын администрациясы чынында эле атайын жумушчу топтун бар экенин моюнга алып, бирок алар эч кимдин сакал-мурутун мажбурлап алдырбаганын билдирген.
Жергиликтүүлөрдүн бири "Азаттык" радиосунун тажик кызматына жашыруун түрдө айтып бергендей, атайын топ айылдарды кыдырып, жаштарды сакал-мурутун алууга мажбурлаган.
Аймактык бийлик атайын топ президент Эмомали Рахмон сентябрь айында Тоолуу Бадахшанга расмий сапар менен келерин, ага чейин бул жердеги жаштарга түшүндүрүү иштерин гана жүргүзүп жатканын билдирген.
Махмадулло Абдуллоев атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчиси Аброр Жумаев атайын жумушчу топ менен иштешкенин тастыктап, бирок эч кимди мажбурлабаганын айткан.
«Биз сакалыңарды алгыла деп кеңеш бердик. Элдин аны туура кабыл алды, эч ким ачууланган жок. Негизинен жолугушууларда жаштар чогулуп жатты», - деп түшүндүрдү Жумаев.
Өткөн аптада Тажикстандын Ванж аймагынын жаштар иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Фуркат Хукматов «Фейсбук» баракчасына "жергиликтүү бийлик атайын топ түзгөнүн, эки күндүн ичинде бир катар иш-чаралар өткөнүн жана сакалын алдыргандар жаш жигитке айланганын" баяндап, видео тараткан. Дал ошол видеодон кийин жергиликтүү жаштар арасында нааразылык күч алган.
Соңку кезде тажик бийлиги экстремизмге каршы чараларды көрүү максатында жаштарды өлкөнүн салт-санаасына жат кийимдерди кийбөөгө жана башка адамдардан үлгү албоого үндөп келет. Ошондой эле Тажикстандын укук коргоо органдары негизинен сакалчандардан күмөн санап, көпчүлүк учурда тыкыр сурактан өткөрүп турганы белгилүү.
Коңшу өлкөнүн бийлиги «сакал-мурут койгон эркектер 2009-жылы тыюу салынган салафизм агымына азгырылгандар болушу мүмкүн» деп шек санайт. Ошол эле маалда жергиликтүү калк жана айрым дин кызматкерлери мындай жүйөлөрдү четке кагып, бийлик адамдын жеке турмушуна кийлигишип, дин тутуу эркиндигин чектеп жатат деп эсептешет.
2016-жылы тажик милициясы күчкө салып, 13 миңге жакын адамдын сакалын алдырган.
Кошмо Штаттар акыркы төрт жылдан бери “дин эркиндигин чектеген” он өлкөнүн катарына Тажикстанды кошуп келет. Анда сакал коюп, хижаб кийүүгө тыюу салуулар, башка диндин өкүлдөрүнө өз ишмердиктерин жүргүзүүгө тоскоолдуктар бары белгиленген.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.