Душанбе шаарында 11-июлда "Каада-салтты, салтанат жана жөрөлгөнү тартипке салуу жөнүндө" мыйзамдын он жылдыгына арналган жыйын өттү. Бул Тажикстандагы эң талаш-талкуу жараткан мыйзам. Аны колдогондор көп болгону менен айрыкча карапайым жарандар арасында мыйзамдын айынан запкы тарткандар да жок эмес.
Жыйында президент чалма салып, дамбал кийгендерди, сакалын кое бергендерди, чоочун маданиятты даңазалагандарды сынга алды.
Тажикстандын Согди облусунун тургуну Ражаб Бобкалоновдун бир тууганы мындан үч жыл мурун кызын турмушка узаткан. Анын айтымында, тойдун так алдында карындашы аш демдеп курбу кыздарын үйүнө чакырган. Ошол заматта той-топурду көзөмөлдөгөн комиссия келип текшерүүгө алган жана турмушка чыкканы жаткан кыз ашып кетсе 14 эле курбусу чакырышы керектигин, коноктордун саны 28 болуп кеткенин айтып айып пул салган:
- Бизге 4,5 миң сомони, башкача айтканда 500 доллар айып пул салышты. Биз ага макул болбой сотко кайрылып үч жыл соттоштук. Бирок эч ким биздей карапайым адамдарга болушуп, укугубузду коргогон жок. Акыры биз уюбузду сатып ал акчаны төлөп бергенге мажбур болдук.
Душанбеде "Каада-салтты, салтанатты жана жөрөлгөлөрдү тартипке салуу жөнүндө" мыйзамдын он жылдыгына арналган, президент Эмомали Рахмон катышкан жыйында эл аралык, көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү киргизилген жок.
Жыйынга күбө болгон "Жашоо күзгүсү" гезитинин башкы редактору Рукия Давронши анда той-топурду чектөө, тартипке салуу боюнча дагы бир катар сунуштар айтылганын, бирок өлкө башчысы алардын көбүн четке какканын кеп салды:
- Бир аял көп чыгым алып келгендиктен ар кандай той-топурга аялдардын себет алып барган салтты тыюуну сунуштады. Дагы бир кыз үйлөнүү тойлорунда ата-энелерге белек-бечкек берген көрүнүштү жоготуу керектигин айтты. Бирок президент Эмомали Рахмон мындай сунуштарды колдогон жок.
Жыйында президент Эмомали Рахмон тажик тили, каада-салты тууралуу да сөз кылды. "Кудайды чалма салынбай, дамбал кийбей, сакал койбой деле тааныса болорун" дагы бир жолу белгиледи. Соңку кездери интернеттеги айрым сайттардын таасиринен улам айрыкча аялдар арасында өлкөгө жат кийинүү маданияты кеңейип жатканын эскертти. Кээ бир кыз-келиндер динчил экенин сырткы көрүнүшү менен көрсөтүп, карага оронуп-чулганып алгандарды улуттук маданиятты шек келтирип жатат деп зекиди.
Рахмон соңку он жылдын ичиндеги той-топурдагы ысырапкорчулукту тыюуга байланыштуу айрым сандарды атады. Мисалы, жалпысынан өлкө боюнча 1,5 миллион ар кандай аш-той, салтанат, жөрөлгө өткөн жана ага 4,5 миллиард сомони сарпталган.
Президенттин эсебинде, мыйзам кабыл алынып, той тартипке салынгандан бери 18 миллиард сомони, тактап айтканда, 2 миллиард доллар үнөмдөлгөн. Андан сырткары "үйлөнүү тойлорундагы башаламандык, чыр-чатак, жол эрежесин бузуу өңдүү көрүнүштөр дээрлик азайды", деди Рахмон.
Тажикстан: той азайса экономика оңолот
Тажикстан: той азайса экономика оңолот
Тажик бийлиги тойлорду көзөмөлгө алган мыйзам ишке кирген он жылдан бери өлкө тургундары 18 млрд сомони үнөмдөшкөнүн айтып чыкты
Рахмон бул мыйзамды дагы жакшыртуу зарылчылдыгы келип чыкканын айтты. Президенттин аткаруу аппаратына тиешелүү мамлекеттик орган, мекемелердин өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүүнү, анда жарандардан, уюмдардан түшкөн сунуш-пикирлерди тыкыр иликтеп эки айдын аралыгында мыйзамга кошумча-алымча киргизүү боюнча өкмөткө сунуш берүүнү тапшырды.
Мунун алдында президенттин маалымат кызматы атайын ишеним телефону аркылуу, электрондук почтага келген жана жалпыга маалымдоо каражаттарда жарыяланган түрдүү пикирлер, арыз-армандар, сунуштар чогултулганын маалымдаган болчу.
Тажикстанда каада-салтты, аш-тойду тартипке салган мыйзам 2007-жылы кабыл алынган. Анда канча конок чакырылышы керек, канча жана кандай тамак берилиши шарт деген өңдүү жоболор көрсөтүлгөн. Мисалы, мыйзам боюнча үйлөнүү тойго чакырылгандардын саны 150 адамдан, убактысы үч сааттан ашпашы зарыл. Туулган күн, маараке чакан үй-бүлөлүк топ арасында гана белгиленет. Сүннөт тойго 60 гана конок чакырса болот. Тажик коомундагы кызга сөйкө салуу, үйлөнүү тоюна кам көрүү үчүн чогулуу, колуктунун кийимин көрүү өңдүү жөрөлгөлөргө таптакыр тыюу салынган.
Тажик коомчулугунда бул мыйзам тууралуу пикир бир кылка эмес. Аны колдогондор көп болгону менен той-топур өткөрүү ар бир жарандын өз эрки, бийлик буга кийлигишпеши керек деген пикирдеги адамдар да бар. Ошондой эле бул адатта аткаминерлер, колунда барлар бул мыйзамды карашпайт дешет. Капчыктуулар уул-кыздарынын үлпөт тойлорун Түркия, Бириккен Араб Эмираттар өңдүү өлкөлөрдө өткөрүп жүрүшөрүн белгилешет. Бул мыйзам дүйнөдөгү уникалдуу 100 мыйзамдын тизмесине да кирген.
Аш-тойдогу ашыкча ысырапкорчулукту тыюу демилгеси Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстанда да маал-маалы менен көтөрүлүп жүрөт.