Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Сирия: "химиялык чабуулдун" жаңы чуусу


Баш калаа Дамасктын жанындагы Чыгыш Гута аймагы.
Баш калаа Дамасктын жанындагы Чыгыш Гута аймагы.

Сирия өкмөтү "кайрадан химиялык курал колдонуп жатат" деген маалыматтар Орусия менен АКШнын кезектеги кайым айтышуусуна себеп болду. Американын БУУдагы элчиси Орусияны "Сириядагы аба чабуулдарын иликтөөгө бөгөт койду" деп күнөөлөдү. Орус тарап болсо дооматтарды четке кагып, өз жүйөсүн келтирди.

Сириянын өкмөттүк күчтөрү көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Чыгыш Гута аймагын кайрадан бутага алышты. Дүйшөмбүдөгү абадан урулган соккулар кеминде 23 кишинин өмүрүн алганын, алардын арасында төрт өспүрүм бар экенин баш кеңсеси Британияда жайгашкан "Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы" билдирди.

"Президент Башар Асаддын армиясынын бул сыяктуу аба соккуларында химиялык курал колдонулуп жатышы мүмкүн" деген жоромолдор кайрадан айтыла баштады. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 5-февралдагы жыйынында АКШнын элчиси Никки Хейли "мындай маалыматтардын чын-бышыгын иликтөөгө жолтоо болуп жатат" деп Орусияны күнөөлөдү:

АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли.
АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли.

- Азыр бизде соңку бир нече жумада, анын ичинде кечээ да Асаддын режими өз элине каршы хлорин газын колдонгону тууралуу кабарлар бар. Жабыркаган ондогон адамдар далилдерди көрсөтүп жатышат. Андыктан биз Коопсуздук кеңешине мындай чабуулдарды айыптаган билдирүү кабыл алууну сунуш кылганбыз. Орусия аны кечеңдетип жатат. Ал болгону Сириядагы өспүрүмдөрдүн хлоринден тумчугуп жатышын айыптаган билдирүү.

Элчинин сөзүн улай Мамлекеттик департамент да АКШ Сириянын күчтөрү "бейкүнө жарандарды коркутуш" үчүн хлорин газын колдонду деген дооматтардын токтобой жатканына "катуу тынчсызданып" турганын билдирди. Дүйшөмбүнүн кечиндеги расмий билдирүүдө айтылгандай, Сирияда соңку 30 күндө 6 жолу химиялык курал колдонулган.

Өткөн аптада Орусиянын бир аскердик учагын көтөрүлүшчүлөр атып түшүргөндөн кийин орус күчтөрү Сириянын Идлиб аймагындагы аба чабуулдарын күчөттү. "Ак каскачандар" куткаруу тобу мындай аба соккуларынан жайкын тургундардын өмүрү кыйылып жатканын кабарлады.

Сириянын Идлиб провинциясында атып түшүрүлгөн орусиялык учак. 3-февраль, 2018-жыл.
Сириянын Идлиб провинциясында атып түшүрүлгөн орусиялык учак. 3-февраль, 2018-жыл.

2015-жылдан бери президент Башар Асадга колдоо көрсөтүш үчүн Сирияда аскердик операцияларды жүргүзүп жаткан Орусия химиялык курал тууралуу кийинки дооматтарды "ушак" деп мүнөздөдү. Москванын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Василий Небензя Коопсуздук кеңеши Сирия режими менен Орусияны негизсиз күнөөлөп жатканын айтты:

Москванын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Василий Небензя.
Москванын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Василий Небензя.

- Ушул күндөрү "Дамасктын конуштарында хлорин газы колдонулуп жатат" деген ызы-чуу жүрүп жатат. Зарин газы жөнүндө да сөз кыла башташты. Кайда? Качан? Ким тарабынан? Мындай үгүт өнөктүгүнүн схемасы жаңы эмес. Террорчулар - алар менен тыгыз байланыштагы "коомдук уюмдар" менен, алардын ичинде "Ак каскачандар" менен бирге социалдык тармактарда ушактарды таратып жатышат.

Былтыр апрель айында Сириянын Хан-Шейхун шаарында химиялык чабуулдан жүздөн ашык киши мерт болгон. БУУнун химиялык куралды иликтөө тобу "бул чабуулга Башар Асаддын аба күчтөрү жооптуу" деген тыянакка келген. Мындай бүтүмгө нааразылык билдирген Орусия былтыр БУУнун химиялык куралдарды колдонууну иликтеген бул тобунун мандатын узартууга эки жолу каршы чыккан.

Сириянын өкмөтү химиялык курал колдонбогонун билдирип, тескерисинче көтөрүлүшчүлөр менен согушкерлердин топторуна доомат артууда. 2013-жылы Сирия өкмөтү Орусиянын арачылыгы менен өзүнүн химиялык куралдарын эл аралык уюмга өткөрүп берген. Буга карабастан Сирияда химиялык чабуулдар тууралуу кабарлар токтой элек.

Жакынкы Чыгыштагы бул өлкөдө жарандык согуш 2011-жылдын жазында демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылып чыккан демонстранттарды президент Башар Асаддын режими күч менен басууга аракет кылгандан кийин башталган. Согушта азыркыга чейин 330 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG