Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Бардык бийликтин "ачкычын" тапкан Акылбек Жапаров


Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары - финансы жана экономика министри болуп дайындалды.

Жаңы Конституцияга ылайык, Министрлер кабинети түзүлгөнүнө бир ай болбой жатып төраганын үчүнчү орун басары же мурдагыдай айтканда, вице-премьер-министр алмашты. Бул жолу өлкөнүн экономика жана финансы тармагын тейлөө милдети Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровго жүктөлдү.

Буга чейин эки жолу финансы, эки жолу экономика министри, бир жолу вице-премьер болгон 56 жаштагы Жапаров кайрадан бийлик башына келди. Саясатчы бул кызматка каатчылыктагы өлкө экономикасын оңдоо тапшырмасы менен дайындалганын “Азаттыкка” билдирди:

“Эң башкы максат өлкөдө жумуш орундарын түзүү керек болуп турат. Ошондой тапшырманы президент менин алдыма койду. Ал үчүн экономика жанданышы керек. Элдин айлык, пенсиясын көтөрүү үчүн салык төлөөчүлөргө жакшы шарт түзүлүшү керек. Азыр экономика абдан балансы жок болуп турат. Президент кийинки жылдын бюджетинин тартыштыгын жокко эсе кылып, эки эсе өстүргүлө деди. Ошонун үстүнөн иштейбиз”.

Акылбек Жапаров соңку учурда Кумтөрдүн ишине байланыштуу аты байма-бай аталып жатат. Ал 30 жылдан бери чуудан башы арылбаган кендин ишмердигин иликтеген мамлекеттик комиссияны жетектеди.

Бул комиссиянын корутундусуна ылайык, өлкөдөгү эң ири алтын кенге сырткы башкаруу киргизилди. Жапаров өкмөттө туруп да бул комиссияны башкара берерин кошумчалады:

“Мамлекеттик комиссияда аткаруу, мыйзам чыгаруу бийлиги дебей, оппозиция дебей баарыбыз бирдиктүү иш алпардык. Ошондой ишеним, мүмкүнчүлүк болсо экономиканы оңдосо болот. Президент да “ушул мүмкүнчүлүк колуңузда, иштеңиз” деген тапшырманы берди”.

Кумтөр чыры күчөп, кенди казган канадалык “Центерра Голд” компаниясы эл аралык арбитражга берип жаткан учурда Акылбек Жапаровдун кайрадан жооптуу кызматка дайындалышы коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратты.

Садыр Жапаров: “Ак мышыкпы, кара мышыкпы, чычкан алсын”

Айрым эксперттер Садыр Жапаровдун бийлигинин бардык демилгелерин активдүү сүрөп-колдоп жаткан Акылбек Жапаровдун кызматка келиши жаңылык эмес дешет.

Анткени, ал былтыр октябрь окуяларынан соң премьер-министр Садыр Жапаровдун экономика боюнча кеңешчисинин милдетин аткарган. Бирок “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” талкуусунда Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков менен кайым айтышып, андан соң Садыр Жапаров фамилиясы уйкаш кеңешчисин кызматтан бошотконун маалымдаган болчу.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Буга карабай депутат парламент трибунасынан бийликке ыңгайлуу Конституция кабыл алууну, Кумтөрдү иликтөө тууралуу сунуштар менен дембе-дем чыгып турду.

Ошол учурда Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына: “Кумтөрдү Акылбек Жапаров текшерет экен. “Карышкырга кой кайтартыпсыңар” деп сындаган билдирүүлөр көп келе баштады. Урматтуу кыргызстандыктар! Кытай реформатору Дэн Сяопин: "Кара мышыкпы, ак мышыкпы, чычкан алса болду", - деп айткан. Анын сыңарындай, ким текшерсе да айырмасы жок. Кыргызстанга пайдалуу жыйынтык менен келсе болду. Көзөмөл күчтүү болот", - деп жазган эле.

Мындан соң Акылбек Жапаров жаңы бийлик үчүн эң маанилүү болгон Кумтөр долбоору менен алектенип, кенге сырткы башкаруу киргизүүнүн схемасын сунуштагандардын бири болуп калды. Бирок “Кумтөр” чыры азырынча эмне менен аяктары белгисиз. Ошентип Акылбек Жапаров бийликке “чычкан алып берчү” кызматка келди.

Анын мурдагы фракциялашы, “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Жапаровду экономиканы ичинен билген адис деп сыпаттап, анын министрликтин башына келгенин колдоду.

Алтынбек Сулайманов
Алтынбек Сулайманов

“Акылбек мырзанын тажрыйбалуу экени талашсыз. Мамлекеттик кызматтын көп тепкичтеринен өтүп келди. Бир топ жолу депутат, министр, вице-премьер болду. Өлкөдөгү экономикалык абалды жакшы билип, түшүнгөнү үчүн ушул кызматка дайындады деп ойлойм”.

Ал эми “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кумтөр чырын эл аралык арбитражга чейин барып, Кыргызстандын пайдасына чечип келүүгө Жапаровдун чама-чаркы жетет деп ишенет.

"Кенди басып алыш оңой эле. Анын мыйзамдуу экенин эл аралык деңгээлде далилдешибиз керек. Биз туура жолду тандаган менен бир жерден ката кетирсек утулуп калышыбыз мүмкүн. Ошон үчүн "коен жатагына" чейин билген, керек болсо "Центеррада" иштеп жүргөн киши керек. Керек болсо шайтанды да пайдаланыш керек. Бирок Акылбек Жапаров Кумтөрдү Кыргызстанга кайтарып алган соң жоопкерчилиги болсо каралат".

Ошол эле учурда Акылбек Жапаровдун буга чейинки саясий сапарына сереп салгандар анын кайрадан кызматка дайындалышын сындап жатышат. Маселен, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков акыркы чечимди Садыр Жапаровдун эң чоң каталарынын бири деп баалады.

Темирлан Султанбеков
Темирлан Султанбеков

“Негизинен ал киши "Кумтөрдөгү коррупция, мыйзамсыз иштерге катыштыгым жок", -деп айтып жатат. Катыштыгы болбосо, ошол кезде мыйзамсыз иштер жүрүп жатканын билсе эмнеге айтып чыккан эмес? Ал депутат, министр катары айтып чыгышы керек болчу. Ал башка саясатчыларга караганда жакшы сүйлөп, азгырып алышы мүмкүн. Бирок өз чөнтөгү менен мамлекеттин чөнтөгүн алмаштырып алабы деген коркунуч чоң. Азыр деле иштеп, кийин Садыр Жапаров күнөөлүү деп чыгышы мүмкүн. Анткени, буга чейин беш жолу кылды”.

Жапаров жана Кумтөр

Учурда Кумтөргө байланыштуу мурдагы чиновниктерге кылмыш иштери козголуп, камакка алынып жаткан чакта 30 жылдык кендин тарыхындагы Жапаровдун ордун да эске салгандар да бар.

Жапаров кенди иликтеген бир нече комиссияга кирген. Тагырагы, 2003-жылдагы комиссияда Жогорку Кеңештен депутат болуп катышса, 2007-жылы вице-премьер-министр катары сүйлөшүүлөргө аралашкан. Быйыл болсо Кумтөргө сырткы башкаруу киргизген комиссияга төрага болду.

Акылбек Жапаров Кумтөрдө
Акылбек Жапаров Кумтөрдө

Акылбек Жапаров буга чейинки бийликтин баарына “канчалык айтсам да кулак салбай коюшкан” деген жүйөнү бетине кармап жүрөт. Маселен, 2003-жылдагы сүйлөшүүлөргө каршы чыкканы үчүн ал кездеги президент Аскар Акаев менен мамилеси бузулганын айтканы бар.

Акаев Жапаровдун мындай жүйөсүн четке кагып, Кумтөрдүн кендирин кескен 2003-жылкы келишимди колдогон деп айыптады:

“Ал депутат, министр, вице-премьер-министр катары “Кумтөргө” байланыштуу алтын маселесин чечүү иштеринин бардыгына катышып келген. Акаевдин мезгилинде да, андан кийин да. 2003-жылы “Камеко” менен келишимдин шарттарын иштеп чыгуу боюнча өкмөттүн мүчөлөрү менен Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган атайын комиссия түзүлгөн. Акылбек Жапаров парламент депутаттарынын ичинен мына ошол комиссияда иштеп, Торонтого чейин барган. Ар тараптан изилдеп чыгып, анан комиссиянын мүчөсү катары 2003-жылдагы келишимди колдогон”.

Интернетте Акылбек Жапаровдун 2003-жылдагы комиссиянын корутундусун колдогон деген каттын көчүрмөсү жарыяланган. Анда “Кумтөр алтын” долбоорун реструктуризация боюнча сүйлөшүүлөрдүн отчетуна Жапаровдун колу коюлганы көрсөтүлгөн.

Акылбек Жапаров Кумтөр боюнча кол койгон расмий документтердин бири
Акылбек Жапаров Кумтөр боюнча кол койгон расмий документтердин бири

Бирок Акылбек Жапаров Кумтөрдү реструктуризациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерге ал кол койбогонун билдирип, социалдык тармактагы баракчасына башка документ жарыялады.

Кумтөргө байланыштуу Жапаровдун дарегине дагы бир дооматты - 2007-жылкы ишке ашпай калган келишим боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиевдин учурунда Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн Алексей Елисеев айтып чыкты. Ал Акылбек Жапаров жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдү “ийгиликсиз болгон” деп баалады.

“Башында канадалык “Камеко” жана Центерра Голд” компаниялары менен сүйлөшүүлөрдү Данияр Үсөнов жүргүзгөн. Кийин аны Атамбаев жана Акылбек Жапаров алмаштырып, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2007-жылкы келишимге кол коюлган. Парламентке жөнөтүлгөн. Ошол учурда ыраматылык Медет Садыркулов суранып, мен да аралаша баштадым. Адвокат катары юридикалык корутунду жазышым керек эле. Келишимди көрүп, төбө чачым тик турду. Ал абдан начар эле”, – деди ушул тапта Ригада жашаган Елисеев Кыргызстандагы телеканалдардын бирине берген комментарийинде.

Акылбек Жапаров болсо бул жагдайды башкача түшүндүрүп, 2007-жылдагы келишим парламент тарап кеткен соң кол коюлбай калганын, ал эми кийинки сүйлөшүүлөргө катыша албай калганын айтып келет.

“Эки жылдай Максим Бакиев, Алексей Елисеев мына ошол сүйлөшүүлөрдүн үстүндө болушкан. Президент ага “чекит коём” деп жүрүп, андай кыла албады. Анан бардыгы эле президентке келип такалат. Биздин комиссия дагы “2009-жылдагы келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы корголгон эмес” деген бүтүмгө келди. Мени ошол кезде “Центерра Голд” менен сүйлөшүүлөргө жакындатпай коюшкан".

Президенттерди жандаган Жапаров

Акылбек Жапаров акыркы 20 жылда саясатта бир нече президент менен үзөңгүлөш болду. Мурдагы комсомолдук актвист чоң саясатка 1990-жылдардын башынан тарта эле аралаша баштаган. Алгач өкмөт аппаратындагы жаштар иштери бөлүмүн башкарса, кийинчерээк вице-премьер-министрдин жардамчысы болгон.

Ал ортодо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин командасына кирип, Социал-демократтар партиясынын жооптуу катчысы болгон. Жапаровдун чоң саясаттагы жолу 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына депутат болуп келгенден кийин башталды. Ал ошол кезде парламенттеги таасирдүү Бюджет жана финансы комитетин жетектеген.

2005-жылдагы парламенттик шайлоодо Кочкор округунан аттанып, советтик доордо 25 жыл республиканы башкарган Турдакун Усубалиевге атаандаш чыгып, Акаевдин бийлиги менен мамилеси бузулган. Бийликтин Жапаровдун талапкерлигин алып салганы эл ичинде нааразылык жараткан.

Март ыңкылабынан соң Курманбек Бакиевдин командасынын белдүү мүчөлөрүнүн бирине айланган. Ал 2010-жылга чейин финансы министри, экономика жана соода министри, биринчи вице-премьер-министр болуп эмгектенди. Бул учурда Бакиевдин бийлигин жактап, а түгүл ошол жылдары үй-бүлөлүк системаны бекемдеген президентке “жогорку мартабалуу” деп кайрылганы талкууга түшкөн эле.

Ал эми 2010-жылы Апрель ыңкылабында Таласта жаалданган элдин ортосунда калып, аман кутулуп чыккан жайы бар. Бирок Бакиевдин башка үзөңгүлөштөрүнөн айырмаланып, ошол эле жылы саясатка кайтып, “Ар-намыс” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланган. Бир жыл өтпөй Өмүрбек Бабановдун коалициялык өкмөттүн курамында кайрадан финансы министри болуп дайындалган.

Кийин өкмөт тараганда кызматтан кетип, университетте окутуучулук жана жеке бизнес менен алектенген.

2015-жылы “Бир Бол” партиясы менен кайрадан депутаттыкка шайланды. Бул учурда парламентте иштөө менен катар мурдагы премьер Мухаммедкалый Абылгазиевге экономика жаатында кеңешчи болуп жатканын айткан эле.

Жапаровдун бийликтеги сыры эмнеде?

Журналист Айданбек Акмат уулу Акылбек Жапаровдун эки өзгөчөлөгүн белгилейт.

Айданбек Акмат уулу
Айданбек Акмат уулу

“Бийликте ким болбосун, анын оң-терс иштерине карабай, маани бербей алдыга сүрөп колдойт. Бул бир өзгөчөлүгү. Экинчи жагынан башка саясатчыларга караганда өлкө экономикасы боюнча билими, жөндөмү бар. Тили жакшы, оратор. Дал ушул эки сапатынын аркасы менен ар дайым бийликке жакын болуп келет”.

Жапаровду Tazabek журналы Кыргызстандагы 100 байдын тизмесине кошкон. Анын жубайы Украинанын экс-президентине караштуу “Рошень” компаниясынын татуу-тармегин көп жыл өлкөгө жалгыз ташып турганы белгилүү. Бишкектин чордонундагы "Дамаск" деп аталган 13 кабаттуу мейманкананын ээси экени айтылып келет.

2017-жылы Акылбек Жапаров менен дагы бир депутат Игорь Чудиновго Канттагы "МИС" (Машина сыноочу станция) компаниясына байланыштуу коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Аларга өкмөттү башкарып турган учурда өз жакындарына таандык ишканага мыйзамды бузуу менен мамлекеттен ссуда алып, аны кайтарбай жүргөн деген кине коюлган.

Акылбек Жапаров 2017-жылы козголгон кылмыш ишин "саясий заказ" деп баалаган.

Ал эми былтыр жыл аягында Финансы полициясы "МИС" (Машина сыноочу станция) компаниясы 90 миллион сом салык төлөбөй келгени аныкталганын кайрадан жарыялаган. Бирок бул иш эмне менен аяктаганы азыркыга чейин белгисиз.

Акылбек Жапаров убагында малга паспорт берүү демилгесин көтөрүп чыккан жана ошол маалда сын-шакабага кабылган.

"Малга паспорт берели десем шылдыңдашкан"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG