Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:20

Үй-бүлө –– коомдун таалимдик башкы чеби


Мектеп да таалим-тарбия булагы, бирок бул жаатта үй-бүлөнүн орду чоң.
Мектеп да таалим-тарбия булагы, бирок бул жаатта үй-бүлөнүн орду чоң.

Коомдун баштапкы уюткусу болгон үй-бүлөдө адамгерчилик, демократиялык башат, билимге умтулуу даңазаланса –– жалпы коом да ошол багытка өзгөрөт. Илимпоз Элмурат Кочкор уулунун кезектеги блогу.

Өнүгүүнүн жолун өйдө жак менен чектебөө керек

Саясатчыларыбыздын кадамдарын таразалоодо, саясий абалыбызга баа берүүдө кыргыз коомунун аябай жигердүү экендиги барыбызга маалым. Өзгөчө, саясий сапарыбыздын ката-кемчиликтерин талкуулагандан, бетке айтуудан тайманбайт. Кыскасы, кыргыз коомунун саясий жүрүмдөргө карата эркин пикир билдирип туруусу – өлкөнүн өнүгүшүнөн үмүтүн толук үзбөгөндүгүн айгинелейт.

Бул жакшы нерсе. Бирок, «Кантип?» деген суроонун жообу бүдөмүк бойдон кала берүүдө. Тактап айтканда, саясий окуяларга баа берүүдөгү жарандык жигер ал маселелерди чечүүгө катышууда көрсөтүлбөй келет... Адатта, терс маңыздагы саясий бир окуяга күбө болгондо, айрымдар аларды жамандап, акаарат кылып, колдон келсе шылдыңдап калуу менен эле жетинип калууда. Муну саясий жүрүмдүн жакшыруусуна алгылыктуу салым кошпой турган коомдук реакция деп эсептейт элем...

Өлкөбүздүн өнүгүшүн баарыбыз эле каалайбыз. Бул үчүн алгач аткаминердин мүнөзү оңолуп, элге ак кызмат кылса ар тараптуу өнүгүүнүн жолу ачылаары да маалым... Саясий жашообуздун абалы түзөлбөй жатса, мунун себебин кайра эле өзүбүздөн издөө туура болот.

Баласы начар чыгып калган учурда, ага өзү тарбия бербегенин унутуп, «Кысталак, таякесин тартып калган го!» дегендер болуп, жаман саясатчы чыккан учурда анын биздин эле арабыздан чыкканын унутуп, акаарат кылып, каралап жатып калгандан эч кимге пайда жок. Жакшы саясатчы да, жаман саясатчы да биздин арабыздан чыгып жаткандыгы талашсыз. Андыктан, жакшы адамдарды жетиштирүүнүн жол-жобосун издештирип, күч-аракетти ушул жакка жумшоо –– заман талабы.

Аксагыбыз эмнеде?

Адамзаттык орток баалуулуктар өкүм сүргөн саясий атмосфераны түзүү маанилүү. Албетте, бул көп кырдуу иш-аракетти талап кылат. Адатта, кишинин дээринде жаткан мүшкүлдөрдү деле укуктук жол менен гана чечип ийгенге аракет жасалат. Укуктук аракет туура, бирок эч бир учурда анын өзү гана жетиштүү чара эмес. Мисалга, башка бирөөнүн акысын жеш абийирин сыздантпай калганчалык адамдык табияттан узакташып бараткан ууруну «Кармалсаң камаласың» деген маңыздагы мыйзамды чыгаруу менен жолунан кайтарып калуу мүмкүнбү?

Укуктук чаралардын жанында: «Киши деген ким, анын жаны, акысы эмне үчүн кол тийгис, ыйык?» деген түшүнүктөрдүн, баалуулуктардан коомду кабардар кылуу –– бул мааниде алда канча мөмөлүү иш-аракет болот. Бул озуйпанын максатка ылайык орундатылуусунда үй-бүлө институтунун орду эбегейсиз!

Андыктан, кыргыз коомунун саясий атмосферасынын түзөлүүсү да эң алгач үй-бүлөлүк түзүмдү түзөтүүдөн баштоо керек деп ойлом. Коомдук мааниде өкүм сүрүүсүн көргүбүз келген баалуулуктар эң башта үй-бүлө мүчөлөрүнүн арасында өкүм сүрүп жаткан болууга тийиш.

Бул абалды көрүнүктүү түрк психологу Доган Жүжелоглу «Демократиялык аң-сезим үй-бүлөдө өкүм сүрмөйүн, саясий ырааттуулук катары коомдо жашай албайт», –– деп таамай айткан. Бул аябай жөнөкөй, бирок аябай маанилүү принцип. Буга жетиштүү көңүл бөлүнбөгөнүнөн улам; т.а. өз үй-бүлөсүндө тоталитардык аң-сезим өкүм сүргөнүнө кыпындай кыжаалат болуп койбогон кишилердин саясий, коомдук аң-сезимди өстүрүүнү аракеттенгенинен улам сапарыбыз арбыбай жатат...

Дисфункционалдык үй-бүлө

Андыктан чакан мамлекет деп да аталып келген үй-бүлө тууралуу, андагы туура тең салмак жөнүндө кеп кылуу абзел. Психологиялык анализдерге таянсак, үй-бүлө мүчөлөрүн башкарууда ата-энелер тарабынан чыр-чатактар, туура эмес мамиле жана көпчүлүк учурда балдарга толук кандуу көңүл бурулбай калышы же зомбулук колдонулуп калышы (abuse) сыяктуу көрүнүштөр дайыма улантылып турган үй-бүлө –– өз милдетин өтөй албай калган үй-бүлө (dysfunctional family) деп аталат.

Аныктамада айтылган белгилер кыргыз коомундагы үй-бүлө түзүмүндө сейрек кездешпегендиги өкүндүрөт. Мисалга чыр-чатакты алалы. Эгер бир үй-бүлөдө, ата менен баланын, эне менен кыздын ортосундагы келишпестиктер, кайм айтышуулар, карындашын кайтарган байкеси (акеси) менен карындашынын, ага-инилердин, эже-сиңдилердин ортосундагы ызы-чуулар, бакырык-кыйкырыктар арбын учураса, анда ал үй-бүлөдө дисфункционалдык үй-бүлөнүн белгилери бар дегендик.

Балдарга толук көңүл бурулбай эле чоңоюп келе жаткандыгы да салттык үй-бүлө түзүмүнүн бир чындыгы. Элет жеринде түйшүктүн оордугунан улам балдары менен баарлашуу, сырдашуу, анын ички дүйнөсүн сезип-билүү, анын уникалдуулугун туура баамдап, ошого жараша колдоо көрсөтүү, талантын таап чыгуу деген нерселер чанда кездешет.

Көр тириликтин айынан улам, шаарда деле абал мындан алыс эмес... Баланын курсагын тойгузуп, кийим-кечесин камсыздап мектепке жиберүү ага толук көңүл буруу катары көрүлбөшү керек. Баланын телегейи тегиз жетилүүсүндө булардан сырткары да көптөгөн муктаждыктары болот. Дисфункционалдык үй-бүлөдө алар туура аныкталып, аларга карата колдоо көрсөтүлбөйт.

Дисфункционалдык үй-бүлөнүн компоненттеринен дагы бирөөсү – балдарды өз кызыкчылыгына колдонуп жиберүү, ыдык көрсөтүү (abuse) илдети болуп эсептелет. Менимче, күнүмдүк жашообузда кадимки көрүнүшкө айланган бир топ кыймыл-аракет ушул топко кирет. Мисалы, мектеп окуучусу болгон баласын жаз мезгилинде сабактан бошогон убактарында, жайкы эс алуу учурунда толугу менен талаада эзип иштетип, күзүндө кезек иштерманга бир элесепет (велосипед) алып бергенге келгенде, ошону ыраа көрө албай калган ата-энелер көп.

Орусияда ден-соолугунан ажырап, жаштыгын жыргап жашай албай, кыйналып таап жөнөткөн акчасын, максатсыз, орунсуз, обу жок той-топурларда сапырып салган мигрант ата-энелерди да мисал бере кетсе болот. Бул көрүнүштөр толук кандуу үй-бүлө түзүмүн бузган, балким кылмышка тете, кадамдар катары кабыл алынууга тийиш. Бул –– балдарды, бир мааниде, өз кызыкчылыгына колдонуп ийүү, аларга ыдык көрсөтүү түрү болуп саналат.

Дисфункционалдык үй-бүлөнүн беш эрежеси

Дисфункционалдык үй-бүлөнүн бир канча эрежесинен сөз кылуу мүмкүн. Негизи, ар бир үй-бүлөдө жазылбаган эрежелери болот. Мына ошолордун маңызына карап, ал үй-бүлөгө аныктама берүү мүмкүн болот. Бул жерде дисфункционалдык үй-бүлөнүн беш жазылбаган эрежелеринен сөз кылалы. Бул эрежелер кишиге кандай үй-бүлөдө өсүп жетилгендигин аңдаганга жардам берет.

1. Кемчиликсизчилик (perfectionism) – дисфункционалдык үй-бүлөнүн эрежелеринен бири болуп саналат. Бул түшүнүк өкүм сүргөн жерде кылынган ар бир иш, айтылган ар бир сөз, ташталган ар бир кадам кемчиликсиз болууга тийиш.

Бул үй-бүлөдөгү бала мектепте эң жакшы окуган, эң тыкан, эң күчтүү, бардык сынактарда эң жогорку бааны алган окуучу болууга тийиш. Бул жерде бардык нерсе эл көрсүн үчүн жасалат. Кылынган бир иштин ийгилигинин таразасы дайыма башкалардын колунда болот... Үчүнчү жак жакшы деп бааласа –– жакшы, жаман деп бааласа –– жаман деп кабыл алынат. Биздеги «Эл эмне дейт?» деген түшүнүктү бул алкакта ойлонуп көрүү керек. Үй-бүлө мүчөлөрү бул жердеги «жакшы» же «жаман» деген критерийлерди талкуулаганга жана өзгөрткөнгө укуктуу эмес...

2. Дисфункционалдык үй-бүлөдө табигый, атайын даярдыкка негизделбеген, өзүнөн-өзү пайда болгон (spontaneous) кыймыл аракеттерге орун жок. Бул эреже иштеген жерде кишилер ичинен келген сезимдерин, ой-пикирлерин эркин айта алышпайт. Мындай үй-бүлөлөрдөгү кишилер ичинен келген үчүн ырдап жибере, каткырып күлө алышпайт же бирөөнү барып кучактай албайт. Бул эреже бар жерде бардык нерсенин усулу, эрежеси, өлчөмү бар. Анткени, дисфункционалдык үй-бүлөнү өзүнө ишеними аз мүчөлөр түзөт. Өзүнө болгон ишеними төмөн киши бардык нерсени башкаруу, көзөмөлдөө далаалаты менен өзүнө ишеничтүү чөйрө (атмосфера) жаратууга умтулат... ошондой эле кынтыксыз иш алып барууга аракеттенгени да дал ушул себептен улам болот. Ката-кемчиликке жол бербестен, бардык окуяны көзөмөлгө алуу аркылуу гана мындай кишилер өздөрүн коопсуз сезет.

Үй-бүлөнүн ыйыктыгын сездим
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:45 0:00
Түз линк

3. Ачууга алдыруулардын жана таарынычтардын дайыма улантылып туруусу мындай үй-бүлөлөрдүн эрежелеринин бири болуп саналат. Дисфункционалдык үй-бүлөдө таарыныч жана кызуу кандуулуктан улам үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы чыныгы маселелердин, себептердин кыйласы дайыма ачылбай кала берет. Мындай жерде түз, ачык-айкын пикир алышуу мүмкүн болсо, бир топ маселелер чечилип, дисфункционалдык эрежелер азаймак. Дал ушул себептүү таарыныч жана ачуулануулар аягы жок уланып кете берет жана негизинде жеңил чечсе боло турган маселелер деле чечилбей кала берет.

4. Ишеним сезиминин жоктугу да бул эрежелердин катарын толуктайт. Дисфункционалдык үй-бүлөдө, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда ишеним аз болот. Башкача айтканда, бири-бирине ишеним артышпайт, жардамдашканга ишенбейт. Эгер бирөөдөн жардам көрсө, анда сөзсүз түрдө күмөндөнөт, мунун аркасынан башка жаман ниеттин изин издейт... Анткени, толук кандуу (функционалдуу) үй-бүлөдө мүчөлөр бири-бирин эч шарт койбостон, жооп күтпөстөн жакшы көрүшөт, ич ара жакшы мамиледе болушат. Дисфункционалдык үй-бүлөдөгү көрсөткүч толугу менен мунун тескерисинче болгондуктан, жакшылык кылган адамга карата деле шек-күмөн туюла берет.

5. Бирөөнү айыптоо илдети да дисфункционалдык үй-бүлөнүн эрежелеринин дагы бири болуп саналат. Бүл үй-бүлөдө күнүгө арак ичкен атанын ден-соолугу «аялынын жакшы тамак жасабагандыгынан» улам начарлайт, сабак аткарбаган бала «эжекеси же агайы аны жаман көргөндүгүнөн улам» начар баа алат, үйдө бир нерсе жасап жатып ката кетирген эне «балдар ызы-чуу салып ойноп жатканынан улам» ката кетирген болот... Кыскасы, үй-бүлө мүчөлөрү жеке катасын моюнга алуунун, аны түзөтүүгө аракет кылуу мүмкүн экенин аңдоонун ордуна күнөөнү башка бирөөгө жүктөп, өзүн кемчилдиксиз экенине ынандыргысы келет. Сиздер да байкаганыңыздардай, бул эреженин да кемчиликсизчиликке (perfectionism) жакындыгы бар.

Элмурат Кочкор уулу
Элмурат Кочкор уулу

Жазылбаган бул эрежелер мени аябай ойлонтту. Кишинин кандай үй-бүлөдө өсүп-чоңойгонун билүүсү өзүн киши катары калыптандырууда зор роль ойнойт эмеспи. Көрсө, бизге кадимки нерсе катары көрүнгөн менен канчалаган терс түшүнүк, кылык-жоруктар жашообуздун, үй-бүлө түзүмүбүздүн ичинде болушу мүмкүн экен да.

Бир караганда, эч нерсе айтпаган, бирок, жакшылап назар салганда, көп нерсе айтып турган бул өзгөчөлүктөрдү туура таанып, аларга каршы күрөшүп, үй-бүлө түзүмүбүздү түзөп кетүү –– бардыгыбыздын эле тилегибиз болсо керек...

Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” деген накыл кеп да элдин кеменгерлигин, элдик педагогиканын асыл-наркын тастыктайт.

Элмурат Кочкор уулу,

Түркия.

Ред.

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG