Балдарыбыз бала болгонду үйрөнгөндөй эле биз да алар менен кошо ата-эне болгонду үйрөнүп жатабыз. Бул макалада жазылгандарды жүрөгүңүзгө өтө жакын кабыл албаңыз. Биз жөн гана өзүбүз окуган китептерден, макалалардан жана изилдөөлөрдөн үйрөнгөн пайдалуу кеп-кеңештерди сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүк.
Бөбөктүн китепке болгон ышкысын арттыруу - бул ата-эненин балага берген эң баалуу белектеринин бири болсо керек. Балдар үчүн китеп окуу эч убакта эрте эмес жана кеч эмес. Балаңызга ымыркай кезинен баштап эле оюн аркылуу аз-аздан окуп бере баштасаңыз болот. Алар сүйлөй электе эле угуп кабыл ала беришет. Эгерде балаңыздын мектепте жана жашоодо ийгиликтүү болушун кааласаңыз, анда китепке болгон кызыгуусун арттырууга аракет кылыңыз. Күндө аз-аздан жана бат-баттан чогуу китеп окуңуз. Балага китеп окуп берүү жана ар кандай көнүгүүлөрдү чогуу жасоо балаңыз менен жакындатат. Билим - адамды адам кылган жана жан дүйнөсүн байыткан күчтүү курал.
Айта кетсем, тун кызыбыз төрт айлык кезинен баштап Харолд Вашингтон атындагы Чикаго коомдук китепканасына мүчө болуп катталган. Ал жылына китепкананын «Кичинекей гений» деген программасына катышат. Быйыл уулубуз да беш айынан китепканага жазылып, ошол программага эжеси менен кошо катышты. Бул программанын алкагында 500 мүнөт китеп окуп, жомок класстарга катышып жана Чикагонун 12 музейине чогуу бардык. Программанын аягында экөө китепкананын атайын жасалган сумкасын, алты китеп жана зоопаркка төрт билет утуп алды.
Учурда кызыбыз эки жарым жашта, тили кыргызча чыкты жана кыргыз алфавитин жатка билет. Ал өзү англисче китептердин сүрөттөрүн карап, кыргызча баяндап берет. Уулубуз бир жашта, ал китепканага барып китеп жегенди жакшы көрөт жана биз китеп окуп берсек угуп отура берет. Жолдошум экөөбүз кезек менен балдарыбызга чоң энеси белек кылган кызыктуу жомокторду жана ырларды окуп бергенге аракет кылабыз. Чет элде төрөлгөн балдардын эне тил булагы ата-эне экенин эске алып балдарыбызга кыргыз тилин үйрөтүүдө өзүбүзгө чоң жоопкерчилик алабыз.
Балдарыбызды китеп менен эрте тааныштырганыбыздын себеби - бир программаны окуп жыйынтык көрсөтүү эмес, жөн гана китепке болгон кызыгуусун арттыруу. «Балдарга китеп окутуп балалыгын уурдабагыла» деген ата-энелер да бар. Балдардын балалыгын жана ойной турган убактысын уурдаган факторлордун башында гаджеттер турат, бирок аны көп ата-энелер билсе да маани бербейт. Негизинен бөбөктөр бир ордунда 5-10 мүнөттөн ашык отуруп китеп окуганга чыдабайт. Ошондуктан китепти оюнга аралаштырып аз-аздан (5-10 мүнөттөн) 2-3 жолу окуп берип ымыркай кезинен китепке, билимге болгон кызыгуусун арттырууга умтулабыз.
Китепти сүйүүгө жардам берчү кеңештер:
• Үйдө балаңызга көрүнгөн жана бою жете турган деңгээлде китептерди коюңуз.
• Бөбөгүңүздү алдыңызга отургузуп китеп окуу аны китепке жакындатат жана китептен ырахат алуу сезимин өстүрөт.
• Балаңыз бир жашка чыкканга чейин күнүнө бир нече жолу чогуу китеп окуганды адатка айлантып алыңыз. Ырахат алып окуш үчүн өзүңүз жана чүрпөңүз үчүн туура убакыт тандаңыз. Балаңыз окуганга көңүлү болгон убакытты тандаганыңыз жакшы, мисалы түшкү уйкусунан кийин же кечинде жатар алдында.
• Балаңызга үн чыгарып окуп берерден мурда жарык, тынч бөлмөнү жана ыңгайлуу отургучту тандаңыз.
• «Өзүң отуруп китеп оку», «сүрөт тарт же үйрөн» деп буйрук берүүдөн алыс болуңуз. Ал балага жагымсыз элес калтырат.
• Балага өрнөк болуш үчүн өзүңүз көп китеп окуңуз. Балдар ата-энени кайталаганга аракет кылат эмеспи.
• Балаңыздын окуганга кызыгуусу жок болсо, ойноп жаткан убакта үн чыгарып окуй бериңиз. Бат эле окугусу келип сизге кошулат.
• Китеп окуп чарчаганда, бала кезиңизден эсте калган ыр саптарын балаңызга кыңылдап берүү жакшы идея.
• Китепти жана жомокторду балаңыздын өзүнө тандаткан анын кызыгуусун арттырат.
• Сүрөт жөнүндө айтып жатканда колуңуз менен сүрөттү көрсөтүп алып сүйлөгөн натыйжалуу болот.
• Китепти баланын өзүнө карматып жана барактарын өзүнө ачтырган жакшы.
• Окуп жатканда баланын ар бир суроосун жоопсуз калтырбаганга аракет кылыңыз. Ар бир суроосуна убакыт бөлүп так жана туура жооп бергенге аракеттениңиз.
• Балаңыздан сүрөттү баяндап берүүсүн сураныңыз, бул анын фантазиясын өстүрөт.
• Балаңыз менен китепканага барганды адатка айлантыңыз.
• Китепти берилип окуп, балаңыз менен китеп окуу убактысын кызыктуу кылганга аракет кылыңыз.
Баланын технология колдонуусун чектөө боюнча сунуштар:
• Бөбөктөргө экранды упчу катары сооротуш үчүн колдонуу - бул чоң ката.
• 18 ай боло элек балдарга экран көрсөтпөш керек.
• 18-24 айлык баланы экран менен тааныштыра баштоону каалаган ата-энелер аз-аздан жогору сапаттуу программаларды тандап чогуу көрүүгө тийиш. Жанында отуруп көрүп, бала эмнени көрүп жатканын түшүндүрүп берген жакшы.
• 2-5 жаштагы балдардын экран убактысы күнүнө бир сааттан ашпашы керек жана ал сапаттуу, билим-тарбия берген программа болсо жакшы. Ата-энелер программаларды чогуу көрүп, түшүнгөнгө жардам берип, талкуу кылып жана ошол программадан үйрөнгөн пайдалуу нерсесин жашоосунда колдонгонго түрткү бериш керек.
• Алты жаштан өткөн балдарга медиада күнүнө канча убакыт өткөрүү, медианын кандай түрүн колдонууга болор-болбосуна чек коюп жакшылап көзөмөлдөш керек. Медиа баланын ден соолукка керектүү уйку, спорт жана башка көнүгүүгө кетчү убактысын уурдабашы керек.
• Үй-бүлөлүк медиа колдонбоо эрежелерин түзүп ата-энелер да ошол эрежелерди чогуу жана так аткарыш керек. Мисалы, үй-бүлө менен тамактанган учурда же уктоочу бөлмөдө медиа колдонбоо сыяктуу эрежелер жардам берет.
• Интернетте сак жана жоопкерчиликтүү болуу. Интернет эрежелерин сактоо. Онлайн же офлайн баарына сый менен мамиле кылуу зарыл.
Азыр технологиянын заманында балдарды телевизор, телефондон дегеле гаджеттерден алыс кылуу мүмкүн болбосо керек. Бирок ымыркайларды технология менен кечирээк тааныштыруу жана чоңураак балдардын медиа убактысын чектөө - ата-энелердин колунан келчү иш. Медиа убактысын чектөө менен балдарыбызга көбүрөөк кыймыл жана башка өздөрүнө пайдалуу иштерди кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Балаңыз медианын таасирин алары талашсыз, бирок ата-энелер медианы чектеп, чыпкалап туура тарбия бере турган маалымат алышына жоопкерчилик алышы зарыл.
Биз ата-эне катары бардык балдар ден соолугу чың жана бактылуу болушун каалайбыз. Балаңызды бактылуу кылыш үчүн өтө көп нерсенин кереги жок. Аларга татыктуу билим, жылуу мамиле, мээрим тартуулашыңыз керек. Кымбат баалуу оюнчуктун ордуна кошо отуруп чогуу китеп окуганыңыз баалуу болот. Балдарыбызга туура тарбия жана татыктуу билим берүү менен биз, ата-энелер билимдүү муунду тарбиялап, өлкөбүздүн келечегине чоң салым кошуп жатабыз деп ишенебиз.
Билимдүү муун - билимдүү коом, билимдүү өлкө!
Айдана Өмүрбаева, (Instagram @kg_usa).
Sr. DevOps Engineer – Relativity LLC компаниясы, АКШ.
(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.