Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:36

Карантинде жанын кыйган өспүрүмдөр


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда акыркы апталарда өз жанын кыйган балдардын саны өстү. Ушу тапта милиция он чакты окуяны иликтөөгө алды.

Чүй облусунун тургуну Алтынбек бир апта мурун бир тууган инисин жоготкон. 12 жаштагы бала 29-мартта өз үйүндө асынып алган. Алтынбектин айтымында, инисин суицидге түрткөн себеп болгон эмес:

«Биз жакшы шартта жашаган үй-бүлөбүз. Иним үйдүн кичүүсү болчу. Баарыбыз эркелетип жакшы көрчүбүз. Ашпозчу болом деп кыялданчу. Бизге тамак жасап, мактанып калчу. Эмне болгонун түшүнбөй турабыз. Ал ойноп жатып эле асынып алган окшойт. Ысык-Атада эки окуя болуптур. Ал бала коңшу айылда жашайт. Эл арасында "кат таштап туруп, асынып алыптыр" деп айтканын уктум. Карантин учурунда ушундай болдубу деп ойлоп калабыз. Бирок инимди камап, эшикке чыгарбай койгон жокпуз. Кээде жаныбыздагы досу менен сыртка чыгып, ойноп калаар эле».

Ушул эле күнү Ысык-Ата районунда 16 жаштагы окуучу асынып алган. Маркум үч бир туугандын улуусу болчу.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, жогорудагы эки үй-бүлө тең жашоо шартына байланыштуу министрликтин катоосунда турган эмес.

Ысык-Көл облусунун, Жети-Өгүз районунун тургуну Шайырдын 14 жаштагы небереси Эраалы 28-мартта асынып алган. Көзүнүн жашы кургай элек таене окуя кызынын үйүндөгү сарайда болгонун айтууда:

«Кызым урушкан эмесмин дейт. Ал күнү күндуз короодо жакшынакай эле ойноп жүрүптүр. Кечинде апасынын телефонун кармап, ойноп жаткан экен. Бир маалда сыртка чыгып кетиптир. Кызым неберемди короодогу сарайда асынып алган жеринен табат. «Суу чачып, сактап калайын дедим, бирок көзүн ачкан жок» деп мага айтып берди. Буга эмне себеп болгонун түшүнбөй эле жер тепкилеп калдык. Кызым азыр эмне кыларын билбей турат».

Эраалы төрт бир туугандын ортончусу болчу. Анын атасы бир жыл мурун насыя төлөш үчүн иш издеп Орусияга кеткен экен. Кызына көмөктөшүп, таенеси Шайыр неберелерине көз салып турчу.

Маркум Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылындагы Садырбек Абдрахманов атындагы орто мектепте билим алчу. 1350 окуучунун 120сы мигранттардын балдары. Мектептин директору Сапаркүл Жетимишбаева аярлуу шартта жашаган балдар дайыма мугалимдердин көзөмөлүндө деди:

«Биз окуучуларга гана эмес, ата-энелерге да бала тарбиялоо боюнча курс даярдай баштаганбыз. Карантин учурунда да күнү-түнү балдарды бир нерсе менен алаксытып, алардын ата-энелерине да кеңештерди берип жатабыз. Мигранттардын балдары кандай шартта, кимдин колунда чоңоюп жатканын текшерип турабыз. Тилекке каршы, ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын абалы оор эле».

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 18-марттан 28-мартка чейин жети бала жанын кыйган. Милиция бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлады.

ИИМдин маалыматына ылайык, 12-16 жаштагы жети баланын экөө Тоң районунан, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Ак-Суу райондорунан бирден жана Чүйдүн Ысык-Ата районунан эки бала өз жанын кыйган. Өмүрүнө кол салган өспүрүмдөр атасы же апасы жок үй-бүлөдө өскөн. Айрымдарынын ата-энеси миграцияда жүрөт.

Ал ортодо 5-апрелде дагы бир өспүрүмдүн сөөгү көлдөн табылды. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылында 16 жаштагы окуучу 27-мартта айылдаштары менен көлдүн жээгиндеги эс алуучу жайлардын бирине барышкан. Ал өзүнчө кетип ошол бойдон дайынсыз жоголгон. Куткаруучулар 10 күндөн бери издеп жүрүп, «Марко Поло» пансионатына жакын жердеги суудан табышкан. Баланын сөөгү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Анын атасы окуя тууралуу «Азаттыкка» буларды билдирди:

«Сөөгү экспертизанын текшерүүсүнөн өттү. Азырынча жыйынтыгы чыга элек. Ал күнү туулган күн өткөргөнү улуу балдар менен көл жээгине барган экен. Денесинен ур-токмоктун изин тапкан жокпуз».

«Балдар лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова ушундай шартта балдарды тарбиялоодогу ата-эненин ролун белгилеп, балдар менен дос болууга, аларды көңүл сыртында калтырбоого чакырды:

Назгүл Турдубекова.
Назгүл Турдубекова.

«Карантин учурунда балдардын суициди көбөйүп кеткенин байкадык. Балдар үчүн мындай шарт оор. Чондор стресс болгону менен, аларда маалымат бар. Ал эми балдар үчүн көп нерсе бүдөмүк. Анын үстүнө бала өспүрүм куракта жашоосундагы жаңы этапты басып өтөт. Мындай учурда ата-эне балага туура мамиле кылууда изденип, тарбия ыкмасын карап чыгышы керек. Өспүрүм курагында балдар менен сүйлөшүп, мамиле кура албаган ата-энелер көп. Аларды ушул учурда жоопкерчиликтүү болууга чакырат элем. Себеби бала мындай учурда жакындарынан колдоо күтөт. Аны түшүнбөгөн ата-эне колдоонун ордуна басынтып алышы мүмкүн».

"Азыркы балдар абдан сезимтал"

Соңку айда өспүрүмдөр арасында суициддин күчөшүнө эмне себеп болуп жатат? Ата-энелерге багыт берген атайын порталдар керекпи? Ушул жана башка суроолорго үй бүлөнү бекемдөөчү “Данакер” уюмунун өспүрүмдөр жана балдар психологу Перизат Асылбаева жооп берет.

Акыркы эки жумада эле Кыргызстанда өз жанын кыйган өспүрүмдөр көбөйүп кетпедиби, буга эмне себеп болуп жатат?

Перизат Асылбаева.
Перизат Асылбаева.

- Өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салышына бир нече себептер болушу мүмкүн. Азыркы тапта алардын ата-энелери, жакын туугандары стресске учурап жатышат. Тынчсызданышып, кыжалаат сезимдер курчуп, психологиялык чыңалуу келип чыгууда.

Мына ушундай стресс учурунда ата-энелер балдарына ачуулануу менен мамиле жасашы мүмкүн. Экинчиден, балдардын өзүндө да бир топ көйгөй факторлору болушу ыктымал. Депрессияда жүргөн болот, анын да бир нече себептери бар. Маселен, ата-энеси алыста болсо жалгызсырап, турмушта кандайдыр бир кыйынчылыкка учураса, аны чечүүгө тажрыйбасы жетпей, өзүн алсыз сезет.

Ушундай психикалык кыйынчылыктардан жабыркай баштаганда ар кандай жалган ойлор келе баштайт. Мындан көрө өлүп калганым жакшы, жашоодон кечтим деген сыяктуу ойлорго чөмүлүп, анан аркасы трагедия менен бүтүшү мүмкүн. Ошондой эле социалдык факторлор да себеп болот.

Экономикалык жактан кыйналганда ата-энелер, чоңдор балдарды жемелеп, урушуп, "минтпейсиң, антпейсиң" деп басынтып, кандайдыр бир шылдың сөздөр менен чакырса да бала суицидди ойлонот. Физиологиялык өзгөчөлүктөр да өспүрүмдү стресске учуратат. Мисалы кээ бири тез эле чоңоюп кетет, бою өсүп, гормоналдык өзгөрүүлөр башталат. Анда да аны боюна карап, оор жумуштарга жумшаса, кемсинтсе депрессияга түшөт.

Кыргызстанда ата-энелер үчүн балдардын психологиялык өнүгүшүнө көмөк көрсөтүп, багыт берген атайын кызматтар жок го. Мындай кызматтарга азыр зарылчылык болуп жатат да. Ачылышы керекпи?

- Туура, биз аймактарга барып, ата-энелер менен жолугуп, зомбулуксуз мамилени үйрөткөндө ата-энелер “Биз балага туура мамиле жасоону билбей эле жүргөн экенбиз” деп айтып калышат. Үй-бүлөнүн коомдогу баалуулуктарды, балдарга кандай мамиле кылыш керектигин үйрөткөн өзүнүн функциялары болот. Анын ичинде эмоционалдык функциясы деген да бар. Өз үйүбүзгө келгенде эркин, коопсуз жашап, көйгөйлөрдү бөлүшүп, эмоционалдык байланышыбыз тыгыз болушу керек. Үйдө гана өзүбүздү коопсуз сезе алсак, ошол үй- бүлөнүн эмоционалдык функциясы ишке ашып жатат дегенди түшүндүрөт.

Чындыгында, ата-энелер үчүн атайын ресурстар болсо, суроо-жооп порталдар ачылса, баланын жаш курагына жараша мамиле кылууну үйрөткөн атайын ата-энелердин мектептери болсо, балдар менен мамиле түзүүнүн жолдорун, мүнөзү оорлоп бара жатса ата-эне кандай кадам жасашы керектигин түшүндүргөн маалыматтар таркаса болмок. Маалымат алган көп эле ата-эненин ой жүгүртүүсү өзгөрмөк, көндүмдөрү пайда болмок. Менимче өлкөдө психологиялык сабаттуулукту жогорулатпасак болбойт.

Азыр мына карантин маалы, ата-энелердин баары үйдө. Зомбулук да күчөп жатканы байма-бай айтылууда. Баланын суицидге ыктап жатканын ата-эне кантип билип, алдын алса болот?

Кыз кишилер көп ойлонуп, ыйдан күчүн чыгарса, эркек балдар ачууланып, ороңдоп, сөз көтөрө албай калышат. Шайыр-шатман жүргөн бала эки жумадан ашык түнт тартып, кыжырланып, сүйлөбөй калышы ыктымал.


- Ооба, биз азыр балдарга өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Биринчи байкоо жолдору аркылуу. Балабыздын маанайы кандай? Маселен, кыздар менен эркек балдардын депрессиясы ар кандай болушу мүмкүн. Кыз кишилер көп ойлонуп, ыйдан күчүн чыгарса, эркек балдар ачууланып, ороңдоп, сөз көтөрө албай калышат. Шайыр-шатман жүргөн бала эки жумадан ашык түнт тартып, кыжырланып, сүйлөбөй калышы ыктымал. Аны чакырып алып, "кел сүйлөшөлү, эмне проблема болуп жатат? Эмнеге кыжаалат болуп жатасың? Сенин сырыңды эч кимге айтпайм" деп акырын тамырын тартыш керек. Аны угуп жатканда эч качан сындап “ой ушул да кеппи?” деген сыяктуу какшык сөздөрдү айтпаңыз. Себеби, сиз үчүн өтө майда сезилген проблема өспүрүм үчүн өмүргө тете болушу мүмкүн.

Азыркы балдар өтө сезимтал. Алар биздин учурдагыдай эмес. Ата-энелер урушуп койсо эле унчукпай калышпайт. Аларга өзгөчө мамиле керек. Эч качан алардын сезимдерин, сөзүн мазактап, кемсинткенге болбойт. Көйгөйүн уккандан кийин баланы кучактап, башынан сылап, муну оңой эле чечсе болот деп, чоң кишиге кандай кайрылсаңыз ошондой мамиле кылган оң.

Суицидге барган балдардын көпчүлүгүнүн ата-энеси миграцияда болуп жатпайбы. Алыста жүргөн ата-энелер менен балдардын ортосунда албетте аралык бар, байланыш кыйын. Аларга кандай кеңеш айтат элеңиз?

- Алыста болсо дагы ата-эне балага мээримин, сүйүүсүн аралыктан телефон, Интернет аркылуу билдирип, бир күндө бир нече жолу чалып, сүйлөшүп турушу керек. Айрыкча азыр мекенге кайта албай кыйналган мигранттар көп. Аны медиадан көргөн балдар бушайман болот, ата-энесин сагынат. Ушунун баары депрессияга, стресске түртөт. Улам-улам чалып, “балам, мен жакшымын, аман-эсенмин. Жакында барам, мен сени жакшы көрөм” деген сыяктуу сөздөрдү аяшпасын. Дагы айта кетүүчү нерсе Кыргызстанда азыр балдар менен өспүрүмдөргө психологиялык колдоо иретинде 111 номуру акысыз иштеп жатат. 9-апрелден тарта ЮНИСЕФтин жардамы менен бул номурга кыргыз тилинде сүйлөгөн психологдор тартылат. Кыйналган балдар же ата-энелер чалып, кеп-кеңеш алса болот.

Кыргызстанда 16-мартта мектеп, билим берүүчү мекемелер каникулга тараган. Мектеп окуучулары 8-апрелден тарта 4-чейректи аралыкта окуп башташат. Буга чейин Жогорку Кеңеште Кыргызстанда 2019-жылы 46 өспүрүм жанын кыйганы айтылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Кундуз Кызылжарова

    "Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG