Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:23

Түтүн булатуу түркөйлүктү кечирбейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Үйлөнөрдө аябай катуу ойлонгон элем. «Мен үй-бүлө курганга моралдык жактан жетилдимби?» деген суроо катуу сарсанаа кылган.

Бул сарсанаамдын канчалык орундуу экенин күн өткөн сайын ого бетер жакшылап түшүнүп келем. Ошентип мугалимдерим болсун, мен сыйлаган акылдуу кишилер болсун, китептер же макалалар болсун, бул изденүүмө кошумча сырдашым болуп жүрүштү. Ошентип изденип жүрүп, ислам жаатындагы улуу аалымдардын бири Имам Газалинин бир кызык ой-пикирин окуп калдым. Кыскасы төмөндөгүдөй классификацияны көргөн элем (кыскараак версиясы):

Үй-бүлө курушу парз болгон кишилер. Алар акыл-эси, биологиялык жагы жетилген, өз алдынча тиричилик кылып кете турган күчү бар, үй-бүлө мүчөлөрүн бактылуулукка жетелей алган адеп-ахлакка ээ жана үй-бүлө курбай койсо жаман жолго түшүп кетиши анык болуп калган кишилер.

Үй-бүлө курушу мубах («кылса да болот, кылбаса да болот» дегенди түшүндүрөт) болгон кишилер. Алар акыл-эси, биологиялык жагы жетилген, тиричилик кылып кете турган күчү бар, бирок үй-бүлө курбаса деле жаман жолго түшүп кетпей турган кишилер. Мисалы, илимпоздор же өзүн эл үчүн жигердүү иштеп берүүгө арнаган кишилер.

Үй-бүлө курушу арам болгон кишилер. Булар жогорудагы керектүү шарттардын бири же бир канчасы жетишсиз кишилер.

Ошол күнгө чейин биологиялык жактан эле жетилгендин баары үй-бүлө курганга моралдык укугу бар деп ойлоптурмун. Алгач аябагандай капа болдум, кабыл алыш кыйын болду. Бирок тажрыйба, дүйнө тааным, билим өркүндөгөн сайын анын канчалык таамай айтканын мурункудан да жакшы түшүнө баштадым. Көрсө үй-бүлө куруу, балалуу болуу улуу жетилгендикти, жетишкендикти талап кылат экен! Тактап айтканда бүлө куруп, өз алдынча түтүн булатыш үчүн эң эле алгач киши Кудайдын алдындагы миссиясын аткара алгыдай болууга - адам болууга, аң-сезимдүү болууга тийиш экен.

Мисалы, мен өсүп чоңойгон коомдо үй-бүлө курууга 11-классты эле бүтүп алгандын баары аттана берсе жараша берет. Көп деле жатыркаган киши жок. Эрте турмуш куруу илдетин шарттаган бир катар кыймылдаткыч күчтөр бар.

Салттуу түшүнүк

Буга биздин салттуу түшүнүгүбүз эң чоң таасирин тийгизет деп ойлойм. Каада-салт биздин тагдырыбызды түзүп койгон сыяктуу. Буга эң чоң мисал катары бойго эми эле жеткен уул-кыздарыбызга айлана-чөйрөдөн болгон жарым-жартылай эротикалуу азил-тамашаларды, шакабаларды айтып өтсөк болот. «Жүрөсүң анан, кыздарды ыйлатып...; канча жигитти какшаттың экен...; эми той качан?» - деген сыяктуу фразалар баарыбызга эле белгилүү болсо керек. Үй-бүлө куруу менен эротизмдин айырмасын так айырмалап аңдай элек уул-кыздарга бүлө курууну мынчалык жөнөкөй, көп деле жоопкерчилик талап кылбаган нерсе катары таанытуу чындыгында аянычтуу. Орто мектепти бүткөн уул-кыздарыбыздын үй-бүлө курууга өздөрүн даяр деп эсептеши - биздин түшүнүктөрүбүздүн чабалдыгы деп ойлойм.

Жашоо шарты

Социалдык жашоодогу кээ бир шарттар да бул жагдайдын билигине май тамызып турат десек болот. Адатта орто мектепти бүткөн, тактап айтканда чоң турмушка жаңы эле кадам таштаган учурда адам ырахат алган нерселер арбын. Университетте окуу, кесип үйрөнүү, спорт, чыгармачылык, илим менен алектенүү сыяктуу нерселер аябай эле көп. Биздин жашоо-шартыбызда буларга көп деле орун берилбегенсийт. Өзгөчө «Илим менен искусство сый көрбөгөн жерде турбайт» демекчи, эң башта илим менен искусство баркталбаган жерде чыгармачылык, карьера, китеп окуу, интеллектуалдык деңгээлди жогорулатуу деген нерселер көп деле мааниге ээ болбойт же таптакыр эле маани берилбей калат. Жаштар түрдүү шарттан улам мындай мүмкүнчүлүктөн куру калса алардын деңгээли өспөгөн бойдон кала берет. Натыйжада китеп окуудан, театрга баруудан, илимий же чыгармачыл эмгек калтыруу колунан келе турган киши «ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дегендей, ырахат алган нерселери тамак-аш жана башка жыныс менен кура турган мамиле менен чектелип калып отурат.

Өзгөчө элет жеринде т.а. башка жыныс менен болгон мамиле катуу чектелүү жерде, эң эле кызык нерсе үй-бүлө кура калуу болуп калат окшобойбу. Шаарда бир аз башкачараак болушу мүмкүн. Бирок элетте жагдай адатта ушундай десек болот. Аял-эркек мамилесин өзүбүздүн салттык, диний баалуулуктарыбыздын негизинде формага салууну колдойм. Бирок аны адептик талаада кармап калуу - мектепти бүтүп, эркин жашоого аттанып жаткан жаштарга бир нерсе менен алектенгидей шарт түзүп бергенде гана мүмкүн болчудай. Кыскасы жашоодо тааныш кыз менен кымбат ресторанда тамактануудан да кызык, көп ырахат тартуулаган, жашоону прогресске жетелеген арбын шарттар түзүлүүгө тийиш. Мына ошондо эрте үй-бүлө куруу илдети азаят.

Айтылуу илдетти шарттаган дагы бир жагдай - «эрте турмушка чыгып кеткен кыз башкаларга караганда абройлуу» деген түшүнүк. Бул жагынан - «жогорудан» буйрук алып, ишке кызуу киришүү жагынан - биздин жеңелерге ал тургай эч бир мамлекеттик органдын кызматкерлери тең келе албайт. «Жогору жактагыларды» бир гана «эл кеп-сөз кылбасын...» деген жыйынтык кызыктыргандыктан бул багытта да «Ал адам ким? Кандай киши? Мүнөзү кандай? Үй-бүлө башкарып кете турган болуп жетилдиби?» деген суроолор көп деле кызыктыра бербейт. Кайын сиңдисин мактаганда базарда талаадан жаңы жулунуп келген жашылча-жемишин саткан соодагерлер жолдо эле калат...

Эрте турмуш курууну шарттаган дагы бир көрүнүш - бул курбулардын атаандаштыгы. Курбуларына салыштырмалуу эртелеп турмушка чыгып кеткен кыз төркүнүнө келгенде, өзгөчө курбуларынын жанына ушунчалык башкача атмосферада келет. Кудум эле эртелеп турмушка эмей эле түз бейишке чыгып кеткендей таасир калтырат. Кантсе да биздин маданияттын түшүнүгү сиңген кыз да... Жылмайган жүзү менен «марага» азырынча жетпей калган курбуларына улам бир кызык нерсени айтып берип оозун ачырат. Сөз менен баяндап жеткире алгыс, кыялдагыдай дүйнөдө жашап жатканын сүрөттөп берет. Курбусу турмуш кургандан кийин «генералдай» жашап жатканына көзү жеткен берки курдаштары өзүн «бир нөл менен утулгандай» абалда сезип, «оор кыйноодон кутулуп», турмуш майданында «генерал» болуш үчун чабуулду эрте башташ керек экендигин түшүнөт. Стратегияны өз түшүнүгүнө жараша кабыл алып, аягында «жеңе, бул ишти эң кыска мөөнөттө, эптеп бир балээ кылып бүтүрбөсөк болбойт» деп «улуу максат» коюп, бар күчү менен чабуулду баштайт да...

Ушул жана башка себептерден улам, эрте турмуш куруу илдетинен далай үй-бүлөлөр жабыркай тургандыгын адистер эскертип келишет. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы түшүнбөстүк, келишпестик сыртка бет каптардан улам көрүнбөгөнү менен ордонун ичин акырындап талкалап эле келатат. Эң эле өкүнүчтүүсү - мунун жаңырыгы андан кийинки келечегине шарапатын эмес, кесепетин калтырып кеткенинде.

Ойлонуп көрөлүчү, алсыз, жардамга, туура тарбияга муктаж жаш балдар... Жашоосун баштап жатып өзүнүн биологиялык да, руханий да рычагын толугу менен ата-энесинин колуна аманат кылып берип, «келечекке кандай адам кылып даярдайт болду экен» дегенсип үмүткө толгон көздөрү менен сиздин, биздин көзүбүздү карап турушат.

Коомдо уурулук, жалганчылык, жоопкерчиликсиздик менен таанылган, ар кимден жеме уккан, керек болсо таяк жеген, коомдон четтетилген бала деле туура жүргөн ата-эненин баласы болсо билимдүү, адептүү, таланттуу, жашоодон ырахат алып жашаган, сопсонун адам болгонго толук мүмкүнчүлүгү болот эле да. Ким эле артынан коомго бир байкушту таштап кеткиси келсин?

Эми ойлонуп көрөлү, урматтуу замандаш! «Коом бузулду, эмки жаштар уяты жок болуп баратат, жалган сүйлөгөн уурулар көбөйдү, Союздун убагында мындай эмес эле, тигиндей эле...» деген арыз-армандардын баш каарманы ким? Жаман айтпай жакшы жок демекчи ата-энелерге катуу тие турган кайрылуум бар.

Урматтуу ата-энелер! Үй-бүлө курууга, башка бир адам менен өмүрдүн калган бөлүгүн тең бөлүшүп жашоого; бири-бирибизге карата укук-милдеттерибизди так аткарууга жөндөмдүү белек? Өзгөчө келечегин, бары-жогун бизге толугу менен аманат кылган жаңы адамды бул дүйнөгө алып келүүгө моралдык укугубуз жетиштүү беле? Буларды убагында ойлондук беле? Балким ойлонбогондурбуз же жетиштүү ойлонбогон чыгарбыз. Макул, баарыбыз адамбыз, кемчилигибиз бар. Эгер андай болсо келиңиздер, биз жол берген бул катанын баткагынан балдарыбызды оолак тутканга аракеттенели. Алардын бул катаны кайра кайталашына жол бербейли. Ал үчүн дароо сарпай кийип, тойдо былчылдатып эт жеп жыргап, «андан аркысы тобокел» деп кыздарыңыздарды эрте турмушка бербеңиздер! Алар сиздердин кулуңуздар эмес! Балдарыңыздар сиздерге эртелеп небере төрөп бериш үчүн, аш-той уюштуруп бериш үчүн, чет өлкөлөп тентип ден соолугунан ажырап, өмүрүн сатып акча таап, сиздин аң-сезимсиз, анча терең ойлонулбаган, деңгээли начар кадамдарыңызды каржылаш үчүн дүйнөгө келген эмес! Алар биринчи иретте адамча жашаш үчүн, өзүнүн билими, адамгерчилиги, адеби менен жашоодон ырахат алып жашап, так ушундайча Кудайдын сыноосунан ийгиликтүү өтүш үчүн келген!

Үй-бүлө куруш үчүн бир эркек менен бир аялдын макулдашуусу эле жетиштүү эмес. Эркек болуп жаралгандын баарын эле эркек деп эсептөө туура эмес. Жалаң эле дене боюнун жетилиши да эне болуш үчүн жетиштүү эмес. Түйүлдүктүн жаралышы үчүн махабаттын дайрасын кечип, алгачкы кадамды жасап койгондун баары эле ата-эне эмес. Ошол баланын турмуштан татыктуу ордун таап кете турган кылып шарт түзүп, анын жүгүн жон териси менен тарткандар гана ата-эне деген жоопкерчиликтүү атка татыктуу. Мына ошондой тарбия берүүгө даяр эненин таманы астында чыныгы бейиш жатат. Мына ошондой ата-энеге эч качан акаарат айтпай, нааразылык билдирбеш керек экендиги Куранда айтылат.

Акылы тунук адамга айла жок экен, Имам Газали (Абу Ха́мид Муха́ммад ибн Муха́ммад аль-Газа́ли) XI кылымда түшүнүгү жетип жазып калтырып кеткен нерсесин бир канча кылым кеч калсак да аңдап жеткенге аракет кылуу зарыл го деп ойлойм.

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

(Автордун пикири «Азаттык» радиосунун көз карашын билдирбейт)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG