30-мартта мурда калың элге таанылбаган, артында ири партия же саясий күч турбаган юрист, коомдук активист Зузана Чапутова дасыккан дипломат, Европа комиссиясынын мүчөсү Мареш Шевчовичти шайлоодо жеңип алган.
Словакия - парламенттик өлкө, мамлекеттин багытын жана саясатын мыйзам чыгаруу органы аныктайт. Ошентсе да Чапутованын жеңиши эл башкаруучу чөйрөдөн тажаганын, саясий сахнада жаңы жүздөрдү көрүүнү каалаганын көрсөтүп турат.
Словакиянын жаңы шайланган президенти тууралуу чехиялык «Denik N» басылмасынын журналисти Кирилл Щеблыкин айтып берди.
«Азаттык»: - Зузана Чапутованын ийгилигин эмнеден көрөсүз?
Кирилл Щеблыкин: - Азыр Словакияда бийликтеги «Смер» деген социал-демократиялык партияга альтернативалуу саясий күчтү көргүсү келгендер көбөйдү. Чапутова ошондой альтернативаны сунуш кылууга жетишти.
Экинчиден, талапкер кезинде ойлорун жашырбай, чындыкты, барды бардай айтып, өзүн абдан кадыресе алып жүрдү. Мисалы, либералдуу талапкерлер арасында ага негизги атаандаш болуп чыккан Роберт Мистрик ЛГБТнын укуктары өңдүү оңой эмес, ошол эле маалда коомдун бүйүрүн кызыткан суроолордон тайсалдаса же абдан этият жооп берсе, Чапутова, тескерисинче ачык-айкын, оюнда эмне болсо, ошону айтып жатты. Бул ага абдан чоң упай алып келди.
«Азаттык»: - Электорат, демек, чындыкты айткан талапкерге артыкчылык бердиби?
Кирилл Щеблыкин: - Электорат эч нерсе жашырбай, алар менен ачык сүйлөшкөн талапкерди тандады. Чапутова калың элдин пикиринен айырмаланса да, өз оюн айтып келди. Элге жагып жагалданам деп позициясын өзгөрткөн жок. Мисалы, экинчи айлампадагы атаандашы, мурдагы еврокомиссар, социал-демократ катары таанылган саясатчы Мареш Шевчович шайлоодо ат салышам деп Словакияга кайтып келгенден кийин бир заматта динчил, консервативдүү христианга айланып калды. Албетте, бул элге абдан осол көрүндү.
«Азаттык»: - Дегеле Чапутованын утушу күтүлгөн окуя болду десек болобу же тескерисинчеби?
Кирилл Щеблыкин: - Чапутованын жеңиши күтүлбөгөн окуя болду. Бир нече ай мурун эле аны Словакияда калың эл көп таанычу эмес. Жыл башында колдогондордун саны 5-10 пайыз болуп келген. Кийин шайлоо алдындагы дебаттарда өзүн күчтүү талапкер кылып көрсөтө алды.
Либералдардын дагы бир талапкери Роберт Мистриктен алда канча олуттуу болуп чыкты. Элге таанылган сайын сурамжылоолордо аны жактагандар да көбөйүп жатты. Февраль айынын ичинде эле 10-15 пайыздан 40 пайызга жетти. Бара-бара ошентип шайлоодо негизги фаворит катары каралып калды. Бир жыл мурун эле Чапутова президент болот деп эч ким айтпайт эле.
«Азаттык»: - Чапутова Словакиянын тарыхындагы алгачкы аял-президент гана эмес, артында чоң партия турбаган, иш жүзүндө өз алдынча активист десек болобу?
Кирилл Щеблыкин: - Ооба, анын артында Шевчовичтикиндей кубаттуу партия турган жок. Шайлоого аттанганда «Прогрессивдүү Словакия» деген жакында эле, 2017-жылдын аягында түптөлүп, каттоодон өткөн чакан либералдуу партиянын төрагасынын орун басары болчу.
Добуш берүүнүн экинчи айлампасынын алдында партиядан чыгып кетти. Ал партия бир да жолу парламенттик шайлоого катышкан эмес, саясий салмагы жок десек туура болот. Эми май айында Европарламентке шайлоо болгондо өз талапкерлерин көргөзгөнү жатат. Чапутованын жеңиши партияга абдан чоң жардам болду. Албетте, Чапутовага добуш бергендер сөзсүз «Прогрессивдүү Словакияны» колдошот деп күтпөш керек. Бирок мен жаңы эле бир маалымат окуп калдым. Соңку сурамжылоого караганда, ал партия жана дагы бир саясий кыймыл кирген коалиция Словакиядагы экинчи популярдуу саясий күч деп аталыптыр.
«Азаттык»: - Жаңы шайланган президент коррупцияга каршы гана эмес, айлана-чөйрөнү коргогон активист катары да таанылыптыр...
Кирилл Щеблыкин: - Чапутова мурда ар кандай кыйын кырдаалга туш болгон адамдарга укуктук көмөк көрсөткөн VIA IURIS деген өкмөттүк эмес уюмда иштечү. Словакиянын батышындагы Пазинок шаарында таштанды полигонун курууга каршы 14 жыл күрөшүп жүрүп, акыр аягында жеңген. Чапутованын кесиби боюнча юрист болгону дебаттарда ага абдан жардам берди. Түрдүү суроолорго абдан так, сапаттуу жооп берип жатканы добуш берүүчүлөргө жакпай койгон жок.
«Азаттык»: - Словакия парламенттик республика экенин да унутпаш керек. Ушундан улам Чапутова кызматка киришкенде ага мындан ары да коррупция менен күрөшүү мүмкүнчүлүгү түзүлөбү же ыйгарымдары чектелүүбү?
Кирилл Щеблыкин: - Ооба, Словакия - парламенттик өлкө. Саясатты негизинен парламент аныктайт. Муну менен бирге президенттин символикалык мааниси өтө жогору экенин да айтуу зарыл. Президент өлкөдөгү жалпы маанайга таасир эте алат. Маанилүү ыйгарым укуктары да бар. Мисалы, парламент депутаттары Конституциялык сотко талапкерлерди мамлекет башчыга сунуш кылышат. Президент ошол талапкерлердин арасынан иргеп, татыктуу дегендерин тандайт. Айталы, соттун бир мүчөсү кызматтан кетсе, парламент эки кишини сунуш кылып, президент анын бирин тандап дайындайт.
Былтыр иликтөөчү журналист Ян Куциак киши колдуу болгондон кийин кызматтан кеткен премьер-министр Роберт Фицо Конституциялык соттун төрагасы болууну көздөп жүрөт. Партиясынын мүчөлөрү коррупциялык жаңжалдарга аралашкан деп шек саналганын да айта кетүү зарыл. Чапутова жеңгенден кийин экс-премьердин төрагалыгына каршы болорун так айтты. Бирок анын партиясы жеңсе, өкмөт курууну Фицого тапшырарын белгиледи. Себеби ал муну элдин, добуш берүүчүлөрдүн эрки деп түшүндүрдү.