Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:54

Шакир: Аялына кол көтөргөн эркек - улут душманы


Олжобай Шакир
Олжобай Шакир

Олжобай Шакир - жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист. Учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен кылмыш иши козголгон. Ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан.

  • Олжобай Шакир абактан жазган кезектеги катын адвокаты аркылуу берип жиберген. Автордун көркөм чыгармасы өзгөртүүсүз берилди жана ал "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

“30” (повесттен үзүндү)

- Билимдүү коом – агын суудай дайыма жандуу кыймылда, тунук, ачык. Түбү көрүнүп турат. Билимсиз коом – ордунан жылбас көлчүк суудай. Жыты сасык, түбү көрүнбөйт.
- Билимсиз элди наадандар башкарат. Билимдүү эл наадандарды бийликке жолотпойт, бийликти өзү башкарат.
- Кылмыштуулук билимсиз элдин артынан калбай ээрчийт, билимдүү эл кылмыштуулуктан качат.
- Билимсиз адам кулмүнөз: баш ийүүгө тез көнөт. Өз пикир, өз оюна, өз мүлкүнө ээ эмес. Билимдүү адам өзүнө өзү ээ. Өз укугунун, өз эркиндигинин, өз каалоосунун, өз тандоосунун ээси.
- Билимдүү адам башкаларды ээрчитет, билимсиздер, көрүнгөндү ээрчийт.
- Билимсиздер чобур атка окшош. Ага ким болбосун мине берет. Чобур байкуш баарына макул: каалагандай араба сүйрөтөсүң, жүк артасың. Билимдүүлөр – азоо жылкыдай мөңкүйт, ыргышпайт, жонуна мингизбей туйлайт. Ага жүк арткандан коркосуң. Тизгинин коё берсең же камчы салсаң – опурталдуу.
- Билимсиз коом – коко тикен, чырмоок, отоо чөп басып, белгисиз өсүмдүктөр каптаган талаадай. Билимдүү коом – түрдүү кооз гүлдөр жайнаган, жыты аңкып, көркөмүнө көз тойбогон талаадай.
- Билимсиз эл – көрүнгөн зөөкүр эркек этегин түрүп зордуктап, кордоп, таяк жеген алсыз аялдай. Билимдүү эл – көрүнгөн эркекти боюна жакындатпаган, денесине бөлөк-бөтөндүн колун тийгизбес сулуудай.
- Билимсиз эл – койнуна ар кимди киргизген сойкудай. Билимдүү эл – өз денесин берметтей тунук, кол жеткис туткан, өз зоболосун тебелетпеген аялзаттай.
- Билимдүү улут – өз тарыхы, өз маданияты, өз тили, өз дөөлөт-наркына ээ. Билимсиз улут – таңууланган тарых, маданият, идеология, бөтөн “баалуулуктардын” ээси.
- Билимсиз элде – кеменгер көсөмдүн орду босогодо, наадан, акмак, түркөйлөрдүн орду төрдө.
- Билимсиз эл – тилемчилик менен жанын баккан адамдай. Билимдүү эл – жаратман, оокатка бүйүр.
- Билимдүүлөр – эркин сабалаган куштай, өз жемин өзү таап жейт. Билимсиздер – кол карап көнгөн куштай, алар өз капасын, өз кепесин сагаалап, алыс учпайт.

Каарманыбыз өз чындыгын өзү жокко чыгарды кайра. Өз оюна өзү макул болбоду. Бул айтылгандар тил учундагы гана акыл туюлду.
- Кеп билимдүүлүктө эмес, – деди өзүнөн өзү. – Кеп эс-акыл, аң-сезимдүүлүктө. Билимди аң-сезим менен аңдабасаң, ал жасалма акчадай куну жок. Ал тек гана шуудураган кагаз.
- Билим – белгиленген чекке такалат. Аны өрчүтпөсө, билим капасынан алыс узабайсың. Ал чекти бузуп чыгууга баарынын эрки жетпейт. Билимдин чегин аң-сезим, эс-акыл кеңейтет, чексиз сапарга узатат.
- Билимди аң-сезим туура жол, туура багытка салат. Аң-сезимсиз билим акмакта да бар.
- Аң-сезимсиз билим алгандар – керкейме, текебер, мактанчаак, сылаң короз, бой көтөрмө келишет.
- Дүйнөнүн адашуусу – адам баласы билимди аң-сезимсиз алганында!
- Аң-сезимсиз билим – ашыкча жеген тамак-аштай сиңимсиз. Дененин саламаттыгын бузат. Тынч уйку бербейт. Ашыкча түйшөлтүп, ашыкча уйгу-туйгу ой мүшкүлүн арттырат.
- Эс-акылдын элеги болбосо, башыбыз таштанды челекке окшош: ага баары ыргытылат. Сасыйт. Чирийт. Айланасына жагымсыз аба пайда кылат.
- Билимдүүсүнгөн билермандар – тоту куштай баарын жаттаганга маш.
- Дүйнөгө эң кеңири жайылган вирус – билим. Анын жалгыз дарыгери – эс-акыл!
- Билим – көз жазгырган сырткы кабык: ичи көңдөйбү же чириген данек чыгабы – билбейсиң.
- Эс-акыл, аң-сезим аркылуу сиңген билим – жаз, жай, күз, кышта да үстүңө үйүлөр кийимдей. Жаттама билим – мода индустриясында кылаңдап бир кийинип чыгар көз жазгырма саркеч көйнөк.

Бул учкул ойлорго да макул болбоду каарманыбыз.
- Жок! – деди буга да. – Тил учуна, акыл учкайына кабылган ойлор мунун баары.
- Сөздүн толук маанисине жооп берер аң-сезим, эс-акыл менен сиңирер байсал билим-илимге жетүү үчүн абсолюттуу эркиндикке ээ болуш керек адам баласы, – деди өзүнө өзү каршы ой айткан каарманыбыз.
- Эч кандай эркиндикке ээ болбогон өлкөлөр канча?.. Аларда да билим бар.
- Аларда бирок билим алуу эркин эмес, бийликтеги деспоттор таңуулаган билим да билимби?! – өзүнө өзү суроо салды.
- Залимдер адамды маңкурт, зомби кылар илим-билим системасы курулган ал өлкөлөрдө.
- Кытай, Түндүк Корея, Сауд Арабия, Сирия, Орусия, Түркмөнстанды айтканыңбы?..
- Алыс барбай, өзүбүздүн өткөн тарыхты карайлычы: колонизатор – орус падышачылыгы, Кремль шовинисттери, коммунисттер бизге сиңирген илим-билимдин аты-заты чыныгы илим-билим түшүнүгүнө төп беле?..
- Жок! – кесе айтты өзүнө каршы жоопту. – Баскынчылар биздей алсыз, майда элдерди маңкурт, кул, зомби кылуу үчүн түптөлгөн система болчу ал. Илим-билим даражасына жеткен интеллектуал мутанттар, маңкурттар тургузган пайдубал ал!
- Ооба, ошолор элдин аң-сезимине империянын айыккыс дартын сиңиришкен!
- Мына! Эркиндиги жок илим-билим алганыбыздын кесепетин бугүн тартып аткан жокпузбу?!
- Тарыхыбыздын тамырын жулуп ыргытуу үчүн курулган ал система!
- Демек, эркиндиги жок коом чыныгы билимдин ээси боло албайт дегениңби?
- Эркиндик – сапаттуу билимдин коргоочусу. Канаттууга кактырбас, тумшуктууга чокутпас калканыч, кепилдик!
- Туура! Билим бул – балапан! Бапестеп өстүрүп, коргош керек аны. Канаты жетилгенде алыска өзү сапар тандайт!
Бул ойлорго да каарманыбыздын ичи чыкпады. Ой түбүнөн ой казып көргүсү келди дагы. Тунук булак терең казылган кудук түбүнөн атылып чыккандай, учкул ойлору улам ары улана берди...
- Бардык баалуулуктардын жападан жалгыз кепилдиги – ЭРКИНДИК!
- Калетсиз кеп мунуң. Конституцияда жазылган ченемдердин эч бири эркиндиктин кепилдиги эмес бизде. Бийлик башында турган адамды да эч качан бекем кепилдик саноого болбойт.
- Эркиндик – ар бир жарандын жүрөгүндөгү ыйык кодекс болууга тийиш. Ал кагазга түшүрүлбөгөн, жүрөктөгү эң ыйык түшүнүк. Ал кодекс кантип калыптанат? Кантип сакталат?.. Маселе ушунда.
- Ал кодексти сактоодо ар бир ымыркай наристе жарыкка келгенде киндиги менен кошо кесилбеши керек! Жүрөгүндөгү эркиндик түнөгүн чочутпаган кылдат мамиле керек!
- Наристенин жүрөгүндөгү уялаган эркиндик түйүлдүктөн башталат. Эненин карынында түйүлдүк пайда болгондон тарта наристенин эркиндик сезими чочулабас, коркпос болуп төрөлгөнүндө кеп...
- Эң мурда энелердин жүрөгүндөгү ар бир соккон кан тамырда эркиндик сезими чочулабас, ошол жатындан эркин мүнөз наристе төрөлөт. Эркин мүнөз улуттун татыктуу жараны туулат.
- Эркиндиктин ыйыктыгы – эненин жатынында калыптанат. Элдин, улуттун кулк-мүнөзү – ар бир эненин жатынындагы түйүлдүктөн ойгонот.
- Бизде эркектин көбү кызыл камчы, зөөкүр болуп атса, энелер бизге кантип эркин мүнөз улут өкүлүн төрөп берет? Эс тарткандан энесинин ур-токмок астында күн кечиргенин көрүп өскөн наристелер канча бизде?! – жаны кашайды каарманыбыз өзүнө өзү кабат суроолорду узатып.
- Өз аялына кол көтөргөн ар бир эркек – улуттун душманы, элдин душманы! Жатында жаткан өз перзентин өзү кул кылып туудурган ата ал! Өз перзентин баш ийүүгө үйрөткөн чыккынчы! Эс тарткан наристесин зөөкүрдүккө, зулумдукка үйрөткөн наадандын нааданы андай аталар! – каарманыбыздын каары кайнап жооп кайтарды өзүнө.

Көзү илинип жатып, баягыда көргөн түшү дагы кайталанды...
Шаардын капкасынан чыгары менен дервиш бадырайган ажайып кооз шуруларды көрдү. Ипичке жипке кыдырата тизилген берметтер экен көзгө сүйкүм. Аялзаттын тулку боюна окшогон кооз шурулар тегиз илинип, баары энеден туума жыпжылаңач.
Жакындата караса, жылаңач аялдардын денеси шурудай тизилиптир, баарын дарга асып өлтүрүшүптүр. Акак моюндарын жоон кара жыландай кыл арканга асышыптыр.
- Булардын айыбы – сулуулук! – деди дервиш. Артын карабай узады. Кытайдагы Чжу Юанчтан курган лагерге туш болду дагы. Лагерде боюнда бар аялдардын ичтерин жарып, жатындагы кыпкызыл эт наристелерди денесинде түгү жок чычкандардай алып ыргыткан жасоолдордун кыргын салганын көрүп, денеси үрктү.
Уйкусунан “селт” этип ойгонду. Бул түш неге кайталанып киргенине эс-мас болду...
Өз түшүн жоруп, көп кабат ойлор чулгады. Символдоштурду баарын. Шуру – сулуулук, кооздук символу. Жоон кара кыл аркан – деспоттордун узун жолу. Бадырайган бермет шурулар – кооздук үчүн, көрк үчүн жаралган буюм. Бермет шурудай аялдардын жылаңач денелери – жылаңач чындык. Шаардын капкасы – бүтүндөй Жер шарынын каалгасы, босогосу. Шаар капкасы – ата-бабалардын “эшигин көрүп, төрүнө өт” наркында катылган эшик-төр символу. Кайсы контингенттин, кайсы элдин тарыхын барактаба – эзелтен баардык калктар, баардык улуттар аялзатын басмырлап, эзип келгени. Аялзатын буюм санаган түшүнүктөрдүн символу бул түш.
Лагерде боюнда бар аялдардын ичтерин жарып, жатында жаткан наристелерге кол салынган жырткычтыкчы?.. Бардык доордо күчтүүлөр күчсүздөргө үстөмдүк кылып, баскынчылык менен кайсы бир элди баш ийдирүү, кулга айлантуу, намыстууларын тукум курут кылуу үчүн улуттун башатын уланткан энелерге аёосуз кол салынганы эмеспи!
Шуру – көз мончок. Демек, Аялзат – ар бир улуттун көз мончогу. Көздүн карегиндей аздек тутар, аяр тутар кооздук, сулуулук.
Кыз бечара алысты жакын кылганы – башка үйдүн босогосун аттайт, башка бүлөнүн мүчөсүнө кошулат. Башка улутка келип болуп, канча калктардын каны аралашат. Канча улуттарды кан-куда кылат. Канча калктар жакындашат. Кандашат. Жер шааарындагы Энелик касиет бул. Кардына бүткөн түйүлдүк да Жер шарындай тоголок. Эненин жатыны эч бир улуттун уругун чанбайт.

Бардык улуттун, расалардын тукумун улайт. Элдердин достугунда эч бир элчилер Энелердин ордун алмаштыра албайт.
Аялзаттын жатыны – жалпы адамзатка ыйык көпүрө, чексиз логистика. Аялзаттын жатыны – бүтүндөй улуттардын дипломатия мектеби! Аялзаттын жатыны – жалпы адамзаттын уясы, түнөгү, тамыры!
Түйүлдүк байлаган курсак – тоголор Жер шарындай, тоголок Жер Энебиздей. Жер Энебиз эч бир өсүмдүк уругун чанбагандай, Аялзаттын жатыны эч бир улуттун уругун чанбайт...

Муну аңдабас наадандар, канкоорлор, деспоттор атамзамандан бериге энелердин курсагын тилип, жатынын жарып, адамзат адамзатка ташбоорлук менен кол салып келген жырткычтыгы качан калат?!
Мурда көргөн түшүндө Афина көчөсүндө ээрчишкен Сократ менен дервиш сойкунага барганын – аялзаттын коюнуна баары кумар деп чечмеледи. Аялзаттын койнуна, кучагына баары тартылат – акылманы да, акмагы да, зулум канкор деспоттор да... Аялзаттын кучагы, коюну да Жер Эне баарын өзүнө тартып турган күчтөй...


Август-декабрь, 2023

XS
SM
MD
LG