«Интернеттен колуңду тарт!», «Интернеттин изоляциясына каршыбыз!», «Баарына бөгөт коё албайсыңар!». Дал ушундай ураан-чакырыктар менен коштолгон митингдер жекшембиде Орусиянын Москва, Хабаровск, Санкт-Петербург жана Воронеж сыяктуу бир нече шаарында өттү.
Эркин активисттердин санагына ылайык, жекшембиде Москвадагы Сахаров проспектисине 15 миңден ашык киши чогулду. Полиция бийлик уруксат берген бул акцияга 6,5 миңдей адам катышканын маалымдады.
Акцияга чыккандар бир ооздон Орусияда Интернет эркин болушу керек экенин айтып жатышты.
Никита Ушаков (студент): «Орусияда купуялык жок болуп баратканы үчүн ушул жерге келдик. Бийлик адамдарды себепсиз түрмөгө отургузган, Интернеттеги маалыматтарга бөгөт койгон мыйзамдарды кабыл алып жатат».
Руслан (митингдин катышуучусу): «Мен өкмөткө Интернеттен, андагы купуялыктан жана Интернетте өз оюмду айтуу мүмкүнчүлүгүнөн баш тартууга даяр эмес экенимди өкмөткө жеткириш үчүн ушул митингге келдим».
Елена (пенсионер): «Бул жерде менин курагымдагылар аз. Бул жакшы эмес. Себеби эл Интернетти колдонбойт. Аларга баары бир. Бул өкүнүчтүү. Мен Интернетти көп колдоном».
Москвада Интернет эркиндиги үчүн митингде 29 адам кармалганын иш-чарага байкоо жүргүзгөн көз каранды эмес «ОВД-Инфо» тобу билдирди.
Орусиядагы мындай акцияларга Мамлекеттик Дума февраль айында биринчи окууда жактырган, «көз каранды эмес Рунет» деген атка конгон мыйзам долбоору себеп болду. Расмий түшүндүрмөгө ылайык, бул документ Дүйнөлүк желе менен байланыш үзүлүп калган шартта Орусиянын Интернет сегментинин же Рунеттин үзгүлтүксүз, өз алдынча иштей беришин камсыз кылууну жана ар кыл киберчабуулдардан коргонууну көздөйт.
Бирок активисттер бул мыйзам кабыл алынса, бийлик Интернетти толук көзөмөлгө алаарын айтып жатышат. Маселен, мыйзам долбооруна ылайык, Орусиядагы байланыш түйүндөрүнө тыюу салынган маалыматка же сайттарга бөгөт коюуга жөндөмдүү атайын техникалык жабдуу орнотулат. Орусиялык колдонуучулар бири-бири менен алмашкан маалыматтарды өлкөнүн чегинен чыгарбоого болушунча аракет көрүлөт.
Мындан тышкары, «Роскомнадзордун» базасында маалыматтык коркунучтардын алдын алуучу борбор түзүлүп, өзгөчө кырдаал түзүлгөн шартта бул орган бардык интернет-түйүндөрдү жана андагы маалымат агымын башкарууну колго алат.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери жана аларды колдогон депутаттар муну коргонуу аракети катары мүнөздөшүүдө.
- Серверлердин баары, алардын негизги түйүндөрү НАТО өлкөлөрүндө жайгашкан. Каалаган учурда алар бизди тизелетип коюшу мүмкүн. Кызматташтар, силерге биздин VISA карталарыбызга бөгөт коюуга аракет кылышканын эсиңиздерге салгым келет. Ал кризис эсиңиздердеби? Биз өзүбүздүн «МИР» аттуу төлөм системасын түзгөндөн кийин, бул маселе актуалдуу болбой калды. Интернет маселесинде да биз артта калып баратабыз деп ойлойм. Биз коргоо системасын түзүп чыгышыбыз керек, - деп билдирди «Адилеттүү Орусия» партиясынын депутаты Елена Драпеко.
Азырынча «Мыйзам долбоорунда каралган жоболорду техникалык жактан ишке ашыруу мүмкүнбү?» деген суроого так жооп табыла элек. Кантсе да документти Мамлекеттик Дума жакын арада экинчи окууда талкуулаганы жатат.
Айтмакчы, депутаттар өткөн аптада бийлик органдарына, мамлекеттик символдорго акарат келтиргендерди жана «фейк» маалыматтарды тараткандарды жазалоо тууралуу мыйзам долбоорлорун кабыл алды.
Ага ылайык, Интернетте бийликке шек келтирген билдирүүлөрдү жарыялоо бейбаштык катары бааланат. Биринчи жолку жарыя үчүн бир жыл аралыгында 30-100 миң рубль айып салынса, экинчи ирет анын көлөмү 200 миңге жетип, 15 күнгө чейин камакка алуу каралган. Андан аркы жарыялар 300 миң рубль айып же камакка алуу менен жазаланат.