Сенатка келип түшкөн документтерде айтылгандай, Орусия эл жапырт колдонгон социалдык сайттар аркылуу 2016-жылы президенттик шайлоого таасир этип, Дональд Трамптын жеңип чыгышына көмөктөшкөн. Вашингтон менен Москванын мамилесине суу сепкен шайлоо чырын Оксфорд университетинин жана «Graphika» компаниясынын талдоочулары иликтеп чыгышкан.
Атайын баяндамада 2016-жылы шайлоо убагында Орусия кандайча жалган маалымат өнөктүгүн жүргүзгөнү жана ал Трамптын жеңип чыгышына кантип өбөлгө түзгөнү көрсөтүлөт. Бул тууралуу «Washington Post» гезити 16-декабрда жарык көргөн санына жазып чыкты.
Оксфорд университетинин компьютердик үгүттү иликтөө борборунун жана Нью-Йоркто жайгашкан «Graphika» талдоо компаниясынын эксперттери «Facebook», «Twitter», «Instagram» жана «YouTube» социалдык сайттарындагы миллиондогон постторду карап чыккан соң ушундай бүтүмгө келишкен.
Макалада айтылгандай, АКШда президенттик шайлоо убагында Орусия бардык социалдык сайттар жана медиа платформалар аркылуу америкалык шайлоочулардын ар кайсы топторун бутага алып, таасир этүүгө жетишкен.
Иликтөөчүлөрдүн баамында, Интернеттеги өнөктүк «Республикалык партияга артыкчылык берип, тактап айтканда Дональд Трамптын кызыкчылыгына» багытталган.
Иликтөө жүргүзгөн топтордун жетекчилери август айында Сенаттын Чалгын комитетинде алдыда аткарыла турган иштер тууралуу маалымат беришкен. «Graphika» компаниясынын жетекчиси Жон Келли «америкалыктарга багышталган операцияны» Орусиядагы «Интернет изилдөөлөр агенттиги» башкарганын ишенимдүү түрдө билдирген.
«Орусия экени талашсыз. «Интернет иликтөө агенттигинен» көп маалымат тараган, көптөгөн жарандар, анын ичинде биз да аларды алганбыз», деген Келли. Ал 2-августта америкалык телеканал менен болгон маегинде «булар айныксыз далилдер деп айтар элем» деп бышыктады.
Оксфорд университетинин эксперттер тобунун башчысы Фил Говард Сенаттын комитетинде орусиялык агенттер америкалык шайлоочуларга таасир этиш үчүн түрдүү стратегия колдонушканын түшүндүрүп берген.
Алардын бири шайлоочулардын арасында кайсы бир маселелер боюнча ажырым жаратуу болгон. «Топ-топко бөлүнгөн электорат социалдык сайттарда, көчөлөрдө бири-бирине ачууланып, жек көрүүсүн жашырган эмес» деп айтылат иликтөөдө. Дагы бир стратегия – «тигил же бул сенаторлордун, президенттикке талапкерлердин жана башка коомдук ишмерлердин беделин түшүрүп, карандай каралоо жүргөн».
Говарддын айтымында, орусиялык компаниялар жалган жаалыматты жаадырып, Кремль жактырбаган талапкерди өткөрбөш үчүн «элди добуш берүүгө катыштырбоого» аракеттенишкен. Мисалы, америкалыктарга шайлоонун датасы которулганы тууралуу, же «добушуңарды телефон менен кабарлап койгула», же «добушкана башка жакка көчүп кетти» деген сыяктуу калпты таратышкан.
Шайлоочулардын ар кандай топтору - либералдар, ардагерлер, мусулмандар, латын америкалыктар өз саясий мүдөсүнө туура келген же «эч кимге добуш бербегиле» деген сыяктуу маалыматты алышкан. Муну менен Москва АКШ коомунда «ажырымды тереңдеткен».
Чалгын комитети даярдаган жаңы баяндамада айтылгандай, Интернеттеги өнөктүк Трамп президенттик кызматка киришкенден кийин да ургаалдуу улана берген.
«The Washington Post» гезити жазгандай, баяндамалардын авторлору АКШнын технологиялык компаниялардын сырткы таасирлерге «өз маалында жана координацияланган реакция» кыла албаганын сындашкан. Ошондой эле Ак үйгө маалымат создугуп отуруп кеч жеткен.
Сенатка берилген баяндамада коркунуч көбөйүп баратканы белгиленет. Аны менен катар социалдык сайттар «кыйды саясий технологдордун» жана саясатчылардын куралына айланып жатканы эскертилет.
Батыш медиасы баш кеңсеси Санкт-Петербургда жайгашкан «Интернет иликтөө агенттигин» «троллдор фабрикасы» деп атайт. Бул агенттиктин кызматкерлери коомдук пикир жаратыш үчүн интернет-басылмаларды жана социалдык түйүндөрдү кеңири пайдаланары айтылып жүрөт.
АКШдагы атайын прокурор Роберт Мюллер быйыл февраль айында «троллдор фабрикасы» баштаган үч фирмага жана 13 орус жаранына айып таккан.
Апрель айында «Фейсбук» компаниясы Орусиядагы «троллдор фабрикасына» байланышы бар экени маалымдалган 250дөн ашык баракчаны жапты. Ал баракчалар көбүнчө орус тилинде маалыматтарды таратканы, алардын Кыргызстанда кеминде 35 миң окурманы бар экени белгилүү болгон.