Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:47

Батыш Путинге жооп кайтарды


Владимир Путин. 1-март, 2018-жыл.
Владимир Путин. 1-март, 2018-жыл.

Кошмо Штаттар Орусиянын президенти Путиндин жаңы өзөктүк куралдар, ракеталар тууралуу жарыясын алар "билген" нерсе катары мүнөздөдү. Вашингтон Москваны өзөктүк куралдар боюнча келишимди бузганы үчүн да айыптады.

Путин 1-мартта президенттик шайлоону утурлай жасаган жылдык кайрылуусунда Орусия өзөктүк куралдын жаңы тибине ээ болгонун, ал эми ракеталары коргонуу системаларына кармалбасын жана чексиз аралыкка уча алаарын жарыялаган.

Орусиянын заманбап өзөктүк куралы жана ракеталары тууралуу президент Владимир Путиндин билдирүүсүнө Вашингтондон Ак үйдүн, Пентагондун, Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү да комментарий беришти.

- АКШга багытталган өзөктүк чабуулду чагылдырган видео анимациянын көргөзүлгөнү, тилекке каршы, өкүнүчтүү. Биз муну жоопкерчиликтүү эл аралык оюнчунун жүрүм-туруму катары карабайбыз, - деди Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Хизер Нойерт.

Ал эми Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерс Орусия келишимдеги милдеттемелерин бузуп жатканына токтолду:

Сара Сандерс.
Сара Сандерс.

- Президент Путин АКШнын өкмөтү көптөн бери эле билген, бирок Орусия өзү танып жүргөн нерсени ырастады. Орусия куралдын туруктуулукту бузуучу системаларын он жылдан ашуун убакыттан бери өркүндөтүү аркылуу өзүнүн келишимдик милдеттенмелерин бузуп жатат.

Ак үй өкүлү "Орусия милдеттенмелерин бузуп жатат" дегенде АКШ менен мурдагы СССР Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча 1987-жылы кол койгон келишимди эске алды.

Пентагондон болсо орус президентинин билдирүүсүнө “биз даярбыз” деген жооп айтылды.

- Билдирүү биз үчүн күтүүсүз болгон жок жана Америка эли ишенип коюшу керек - биз толугу менен даярбыз, - деди Пентагондун өкүлү Дана Вайт.

2-мартта болсо Германиянын өкмөтү немис канцлери Ангела Меркел менен АКШ президенти Дональд Трамп телефондон сүйлөшкөндө орус президентинин жарыясына тынчсызданып, ал "куралды көзөмөлдөө боюнча эл аралык аракеттерге" терс таасирин тийгизет деп эсептешкенин кабарлады.

НАТО орус президентинин аларга эскертүүлөрүн "кабыл алынгыс жана тескери натыйжага алып келе турган" деп атады.

Путиндин билдирүүсү

Путин 1-мартта видеороликтер жана компьютерлик графика менен коштолгон жылдык кайрылуусунда Орусиянын өзөктүк арсеналын модернизациялоого АКШнын 2002-жылы Баллистикалык ракеталарга (ABM) каршы келишимден чыгышы жана Москванын андан кийинки эскертүүлөрүнө Батыштын такыр көңүл бурбай койгону түрткү бергенин белгилеген.

Путиндин айтымында, Орусия жаңы жасаган, өзөктүк дүрмөт алып жүрүүчү “Сармат” континент аралык оор баллистикалык ракетасын, канаттуу ракеталарынын жаңы тибин эч бир система кармай албайт жана алар чексиз аралыкка учууга жөндөмдүү:

Владимир Путин. 1-март, 2018-жыл.
Владимир Путин. 1-март, 2018-жыл.

- 2017-жылдын соңунда, Орусиянын борбордук полигонунда өзөктүк энергожабдуусу бар эң жаңы канаттуу ракета ийгиликтүү учурулду. Жапыз учуучу, көп байкалбаган жана өзөктүк дүрмөт алып жүрө турган, учуу узактыгы дээрлик чектелбеген, учуу траекториясы күн мурунтан билинген, кармоочу чектердин баарын буйтап өтө алган канаттуу ракеталар абадан жана ракетадан коргонуу боюнча азыркы жана болочок системалардын бирине да илинбейт.

Орусиянын өзүндөгү эркин талдоочулар Путиндин кайрылуусунун аскердик бөлүгүн президенттик шайлоо алдында ички аудиторияны моблизациялоо аракети катары да баалашты.

Андрей Колесников.
Андрей Колесников.

- "Согушам" деп коркутуу чын-чынында чабалдыктан, шайлоо алдында ички аудиторияны мобилизациялоого башка каражат жоктугунан кабар берет. "Элдин колдоосун алыш үчүн Путин эми эмнени ойлоп табат?" деген суроолор болгон. Крымды алды, Донбасс болбой калды, эми дагы кайда барышы керек? Ал өзүнүн чек арасында эле калат, бирок ХХ кылымдагыдай согушам деп коркутат. Машиналарды экрандан көргөзгөндө биздин элитабыз тура калып кол чапканын эске алсак, алардын да акылы тайкыраак деп айтсак болот, - деди “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен болгон маегинде Москвадагы Карнеги борборунун талдоочусу​ Андрей Колесников.

Жарыша куралдануу

"Путиндин жарыясы эми жарыша куралданууга түрткү бербейби?" деген суроолорду да пайда кылды.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 2-мартта Орусия куралга көзөмөл кылуу тууралуу эл аралык келишимдерди бузууда деген көз караштарды четке какты.

Песковдун ырастоосунда, "Орусия эч бир жарыша куралданууга тартылбайт, АКШнын ракетадан коргонуу пландарына симметриялык эмес, ассиметриялык жол - ракетадан коргонуунун кандай системасы болбосун андан өтө ала турган, сокку уруучу системаларды иштеп чыгуу аркылуу жооп берет".

Жоржтаун университетинин профессору, "АКШнын өзөктүк стратегиясынын логикасы" деген китептин автору Мэттью Кроенигдин (Matthew Kroenig) пикиринде, Вашингтондун билген же билбегенине карабай Орусия менен АКШ жарыша куралданууга катышып жатышкан.

"Орусия акыркы он жылдыкта АКШ менен жарыша куралданууда, болгону биз бул фактыга азыр туш келдик. Андыктан, балким биз жарыша куралданууга кире алабыз. Бирок бул эң жаман натыйжа болбойт. Эң жаман жыйынтык - душман сизге жана сиздин өнөктөштөргө каршы агрессияга бара ала турган куралды жасап жаткан учурда эч нерсе кылбай коюу",- дейт профессор Мэттью Кроениг.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG